Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Франция иш таштоонун кучагында


Францияда жалпы улуттук иш таштоо, демонстрациялар өтүүдө.


Парижде демонстранттар менен полиция күчтөрү кагылыша кетишти. Пенсия системасын реформалоого каршы чыккан студенттер тартип коргоочуларды таш барага алып, бир нече машинаны өрттөп жиберишти. Полиция жооп кайтарып, жаш чыгаруучу газ колдонду.
Француздар өкмөттүн пенсия жашын көтөрүү долбооруна ушуну менен 6-жолу каршылыгын билдиришүүдө.

Өткөн шейшембиде реформага макул эместигин билдирип, көчөлөргө 3 миллиондой киши чыккан. Кесиптик кошуундар жана нааразылык акциясынын башка уюштуруучулары бул ирет демонстрацияларга мурда болуп көрбөгөндөй көп сандагы адам катышат деп ырасташууда.

-Өкмөт дүлөй сыңары эч нерсе уккусу жок. Эч нерсени байкагысы келбейт. Макул, анда көчөнүн үнүн уксун,-дейт жумушчулар конфедерациясынын жооптуу өкүлү Тьерри Кордье.

Иш жүзүндө Францияда улам бир тармактын кызматrерлери дээрлик тынбай иш таштап келатышат. Транспорт жана мунай ишканаларынын кызмактерлери бир нече күндөн бери иштебей жаткандыктан, өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы сезиле баштады, коомдук транспорт үзүл-кесил жүрүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы жонунан мунай тазалоочу 12 ишкана өз ишин токтотуп койгон. Анын айынан миңдеген май куйуучу жайлар убактылуу жабылууга аргасыз болду. Өткөн жума күнү мунай ишканаларынын биринде жумушчулар жолду тороп, полиция күч колдонду.

Дүйшөмбү күнү жалпы нааразылык акцияларына лицей окуучулары да кошулушту. 18-октябрда өлкө аймагы боюнча 261 окуу жайында сабактар үзгүлтүккө учурады. Нантер шаарында 200 чакты аламандаган жаштар полиция менен кагылышып, аялдамаларды талкалашты, бир нече машинаны өрттөп жиберишти. Полиция 4 кишини кармап кетти.

Гезит, журналдар да дүйшөмбү күнү басылган жок. Бирок алардын интернет баракчалары кадимкидей иштеп жатат.

Мындай катуу каршылыкка карабай, президент Николя Саркозинин реформадан чегинчүдөй түрү жок. Бүгүн Орус президенти Дмитрий Медведев жана Германия канцлери Ангела Меркел менен биргелешкен пресс-конференцияда ал өз позициясын кайталады:

-Бул реформа көптөн бери кечеңдеп келатат. Аны эртеңкиге калтыра албайбыз. Себеби бүгүнкү жана эртеңки пенсионерлерге пенсиялары төлөнөт деген кепилдик пайда болот. Францияда 15 миллион пенсионер бар. Мен сиздер менен сүйлөшүп жаткан кезде алардын 1 жарым миллионуна банктан алынган карыздын эсебинен акча төлөнүүдө. Мындай кырдаалды көпкө созуу болбойт.

Өкмөт бул реформа бюджет таңсыктыгын жоюу үчүн зарыл деп келатат. Парламентке сунушталган долбоорго ылайык, пенсия жашын 60тан 62 жашка көтөрүү каралган.

Кесиптик кошуундар 1995 жана 2006-жылы иш таштоолор аркылуу реформаны кийинкиге жылдырууга жетишишкен. Бул ирет да алар ошол окуялрады кайталоого үмүттөнүшөт.

XS
SM
MD
LG