Какабадзе мындан 21 ай мурун донорлордун Ливан боюнча конференциясы өткөнүн эске салат:
-2007-жылдын январында Франциянын ошол кездеги президенти Жак Ширак жыйындын катышуучуларын “айкөл жана ак ниеттүү” болууга үндөгөн эле. Анда донорлор согуштан кийинки Ливанга 7,6 миллиард доллар берүүгө убада кылышкан.
Эми болсо Франция Еврошаркеттин учурдагы төрагасы катары август урушунан жабыркаган Грузияга жардам көргөзүү жыйынын өткөрдү. Донорлор өлкөнүн инфраструктурасын калыбына келтирүү, качкындарды үйлөрүнө кайтаруу, экономиканы көтөрүү, энергетикалык инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоо керектигин белгилешти.
Бул максатта өткөн шаршебиде Брюсселге 67 мамлекеттин жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү чогулушту. Дүйнөлүк банк жана Улуттар уюму жыйындын алдында өлкө 3,2 миллиард долларга муктаж деп божомолдогон. Донорлор бул сандан алда канча көп каражат, атап айтканда, 4,55 миллиард доллар бөлүп берүү ниетин билдиришти. Анын ири бөлүгүн Еврошаркеттин 27 өлкөсү бермей болду. АКШ болсо 1 миллиард доллар убада кылды.
Шаркеттин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер жыйындын жыйынтыктарын “кубанычтын күнү” деп сыпаттады. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчы жардамчысы Дэниел Фрид, атүгүл, мындай айкөлдүктү “ажайып” деп атады. Азыркы финансылык кризисти эске алганда мындай сөздөрдү аша чапкандык катары баалоо кыйын.
Донорлордун жардамы Грузиянын экономикасын калыбына келтирүү үчүн өтө маанилүү. Каражат үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон миңдеген адамга жардам көргөзүүгө, орустардын аба соккуларынан жабыркаган турак-жайларды, көпүрө, жолдорду, темир жолдорду жана башка инфраструктураны оңдоого жумшалмакчы.
Ошол эле кезде мындай көмөктүн артында Батыштын саясий колдоосун, Россиянын баскынчылыгына туш болгон чакан өлкөгө тилектештигин көрсө болот.
Дүйнө лидерлери Россиядан Грузиянын бардык аймактарынан чегинишин талап кылууну улантпаса, кайра куруу иштеринен майнап чыкпашы ыктымал. Имарат, жолдорду курууга кеткен акча, алар дагы бир жолу бомбаланса эле текке кетет.
Батыш ошондой эле бөлүнгөн акчанын сарпталышына, каражат чындап кысталган элге багытталганына көз салып турушу керек.
Донорлор берген миллиондогон каражат чиновниктердин чөнткөрүндө жок болуп кеткен учурлар четинен табылат.
Ферреро-Валднер Грузия демократиялык реформаларды күч алдырууга, эркиндиктерди, сот системасынын көз карандысыздыгын, эркин маалымат каражаттарынын иштешин камсыздоого тийиш деп баса белгиледи.
Брюссель жыйыны Чегарасыз кабарчылар уюмунун кезектеги баяндамасы жарык көргөн учурга дал келди. Ага ылайык, Грузия сөз эркиндиги боюнча былтыр 66-орунда болсо, быйыл 120-орунга жайгаштырылды.
Донорлордун конференциясы аяктаары менен Грузиянын вице-премьери Гиорги Барамидзе бөлүнгөн акчанын сарпталышын грузин эли, оппозициядагы саясатчылар, башкаруудагы партиянын мүчөлөрү чечет деп билдирген.
-Бул абдан туура сөздөр. Бирок иш жүзүндө жагдай кандай? Бейөкмөт уюмдар менен оппозиция лидерлеринин үндөөлөрүнө карабай, Брюссель жыйынына өкмөт адамдары гана катышты. Бул тынчсызданткан факт. Балким, Ширактын сөздөрүн бул жолу “айкөл жана ак ниеттүү, бирок сак болгула” деп өзгөртүү керек.
Эскертүү: Макаладагы көз караштар авторго таандык жана сөзсүз түрдө “Азаттыктын” пикирин чагылдырбайт.