Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Опера дүйнөсүндө грузин жылдызы жанды


Нино Мачаидзе Ла Скала театрында Доницеттинин операсын аткарууда. Май, 2009-ж.
Нино Мачаидзе Ла Скала театрында Доницеттинин операсын аткарууда. Май, 2009-ж.

26 жаштагы грузиялык Нино Мачаидзе мындан эки жыл мурдараак дүйнөлүк опера сахнасында жаркырап жанган жылдыз болуп чыга келген. Шейшембиде ал Прагада чоң концерт берди.

Миландагы Ла Скала театрында, Зальцбургдагы опера фестивалында сынчылардын эң мыкты баасына татыган Мачаидзе ушу тапта дүйнөдөгү эң мыкты сопранолордун бири атала баштады.

2 жыл мурда ага Зальцбургдагы атактуу опера фестивалында француз композитору Шарль Гунонун “Ромео жана Джульетта” операсындагы Джульеттанын партиясын аткаруу күтүүсүз жерден сунушталат. Анткени партияны ага чейин бир нече жолу аткарган Анна Нетребко боюнда бар болуп фестивалга катыша албай калат. Ошондон бери Мачаидзеге “жаңы Нетребко” деген ат жабышты. Айрымдар аны өң келбетин окшоштуруп, операдагы Анжелина Жоли деп да атап жүрүшөт.

2005-жылдан бери Италиядагы атактуу Ла Скала театрында окуп, кийинки жылдан тарта ошол эле театрдын сахнасында Моцарт, Доницетти, Пуччинин операларында алдыңкы партияларды аткарып келатат. Нино Мачаидзе “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, ырчылык өнөрдү Грузияда үйрөнүп өнүктүргөнүнө басым жасады.

- Качан ырдап баштаганым эсимде жок. 8 жашымда опералардагы арияларды аткара баштагам. Грузияда балдар ырдаганды аябай эрте үйрөнөт, бул абдан жакшы. Батышта балдар адатта ырдаганды кечирээк өздөштүрөт. Ошентип, 8 жашымда Тбилисидеги музыкалык мектепте вокал боюнча сабак ала баштадым, ал мектеп Тбилиси консерваториясына караштуу эле. 17 жашымда консерваторияга кирдим. Музыкалык билимди толугу менен Грузияда алдым. Азыр дүйнөнү кыдырып ырдап жүрөм, бирок музыкалык техникам, аткаруу ыкмам – бардыгы грузинче. 21 жашымда Ла Скаладагы опера ырчылар мектебине тапшырып, 400 талапкер арасынан тандалып өтүп кеттим. Ошондон бери Миланда жашайм.

Миландагы Ла Скала театрында ырдап жүргөн жеринен Нино Мачаидзе опера дүйнөсүндөгү эң абройлуу эл аралык иш-чара – Зальцбургдагы фестивалда Джульеттанын ролун аткарууга чакыруу алат. Фестивалга бир ай калганда шашылыш француз тилин үйрөнүп, атактуу француз композитору Гунонун “Ромео жана Джульеттасын” күнү-түнү окуп үйрөнө баштайт. Ошол фестивалдан тарта жаш грузин ырчысы опера дүйнөсүндө жанган эл аралык жылдыз аталды. Бирок дал ошол фестиваль өтүп жаткан күндөрү, 2008-жылдын август айында грузин-орус согушу тутанган эле. Нино Мачаидзе ал күндөр канчалык оор болгонун эми чындап сезгенин айтат.

- Азыр артка кайрылып эстегенде, канчалык кыйын болгонун сезем. Зальцбургдан кете албайт элем, 7 күн бою сахнага чыгышым керек эле. Бошой калганда чуркап барып жаңылыктарды көрүп, үйдөгүлөр менен телефондон сүйлөшүп, көзүмдүн жашы кургабай ыйлап аттым. Өксүп ыйладым, оюма койсо баарын таштап түз эле Грузияга барат элем.

Операнын солисти бир эле убакта ырчы да, мыкты актер да болушу керек. Нино Мачаидзе жаш болсо да, эки өнөрдү бирдей аркалап, чанда жолукчу өтө бийик, назик, ошол эле убакта кубаттуу добушу менен дүйнөлүк сахналарды багындырууну улантууда. Бир айдан бери грузиялык ырчынын кооз, чоң сүрөттөрү Праганын башкы көчөлөрүнүн баарын ээлеп турат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG