Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Түштүк Осетия биринчи жолу парламентти шайлады


Түштүк Осетия БШК төрайымы Белла Плиева маалымдагандай 31-майда өлкөдө парламентти шайлоо өттү. Шайлоонун өтүшү жөнүндө көз салуучулар тарптан олуттуу мыйзам бузуулар болгонун айгинелеген маалымат жок. Түштүк Осетияда шайлоого даярдык болуп атканда катуу жаңжал чыгып, анын айынан бир нече оппозициячыл саясатчылар шайлоого катышуудан четтетилген болуучу. Парламенттеги 34 депутаттык орун үчүн ат салышууга 4 партиядан талапкерлер катышкан.

«Азаттыктын» биринчи эфирге чыгышынан кийин РЮО БШК төрайымы Белла Плиева таркаткан маалымат боюнча бекеттерде бардыгы 59,88 пайыз шайлоого укутуу жарандар бүлүтен салышкан. А шайлоонун өтүшү мыйзамдуу болушу үчүн 50 пайыздан саал артык болушу эле жетиштүү болмок дешет.

Ал эми Грузия жаңылыктары georgiatimes.info/news жазганга караганда парламентеги 34 орун үчүн Компартия (23 талапкер), «Бирдиктүү» (34 талапкер), «Фыдыбаста» (Мекен – 10 талапкер) жана Элдик партия (26 талапкер) жарышка салышкан. Шайлоого катышкандар эсеби 52 миң 436 кишиге жеткен. Шайлоого ат салышуудан – Москвада жашаганы үчүн – чыгарылып салынган ишкер Альберт Жуссоев айтканга караганда, артык бүлүтендер көп болгон.

«Алар 54 миң даана бүлүтен басып чыгарышкан, бүгүн жумуриятта калктын саны жыйырма миңге да жетпейт, калган добуш берүчүлөр четтерде анан анча добушту кайдан табышты?» - дейт Жуссоев мырза.

Анализчилер арасынан «Кавказский вестник» (Кавказ кабары) сайтынын баш редактору Алексей Власов партиялар маанайына токтолуп:

«Үчөө өкүмөт менен табакташ партиялар, жангыз «Фыдыбаста» - (Мекен) оппозициядагы партия. «Биримдикти» - москвалык «Бирдиктүү Орусия» уюштурган. Ал бийлик партиясы. Ошондуктан түштүкосетиялык парламентти - жумурият өкмөтү көзөмөлдөгөн мыйзам органын түздү десек болот» - дейт.

Жумурият лидери Эдуард Кокойты болсо Би-би-си агенттигине берген жообунда, шайлоо жарандар үчүн чоң сыноо болорун белгилеген:

«Бул (шайлоо – ММ) биздин эл үчүн жана биздин мамлекеттин жетилгендиги, өз алднча экендиги канча экенин билүү үчүн сыноо».

Былтыр август айында өзүн Грузиядан көз карандысыз жумурият деп атап алган Түштүк Осетия биринчи жолу парламент шайлады.
Эксперттер божомолунда азыркы тушта ал жумурият президенти Эдуард Кокойты шайланган депутаттардын үчтөн экисинин колдоосун тапса, анда азыр даярдалган Баш мыйзамды өзгөртүү ишке ашат. Анда азыркы президент дагы бир мөөнөткө - беш жылга - кайра шайлана алат.

XS
SM
MD
LG