Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуровго 22-июнда кол салуу болгондон кийин Москва убактылуу президенттин милдетин аткарууну Рашид Гайсановго тапшырган. Кийин оппозиция Кремлге кайрылуу жасап мурда биринчи президент болгон Руслан Аушевди жарадар лидер айыгып кеткенге дейре жумуриятты жетектөөгө дайындоо сунушун жиберерин айтышкан.
Ошол эле учурда Аушевдин андай сунушка маакул болушуна Рамзан Кадыров «орунсуз иш» деп каяша айткан. Ошону менен катар Чеченстан кошуна Ингушетияда ыраатуулукту орнотууга салым кошууга даяр деп билдирген. Ал эми Кремлди аркалаган партия «Бирдиктүү Орусия» Аушевдин кайтып келишине карыш чыккан.
Назранда бийлик оппозициянын элдик курултай өткөрүүгө каршы экенин айта баштаган. Президент кеңешчиси Муса Плиев айтканга караганда: «Эгерде андай муктаждык пайда болсо? (Аушевди дайындоо – ММ) анда аны Орусиялык президент чечиши керек» -дейт.
Ал жумурият Баш мыйзамына жазылган ар жылына элдик курултай өткөрүп туруу берене бар экен. Аушев бийликте турган он жыл удаа андай жыйын ар жыл сайын өтүп турган. Ал эми Мурат Зязиков бийликте турган жылдары болсо Курултайды өткөрүүгө тыюу салынган.
Ал эми Юнус-Бек Евкуров эл башкарган 8 ай ичинде бир жолу өткөрүлгөн. Азыркы курултайды болсо кезексиз чакыруу кеби козголуп атыптыр. Оппозиция кыйын кезеңде элди кысымга алуу күчөйт, бөйдө жерден кишилерди уурдоо, айыбы жок болсо да кишилердин көзүн тазалоо күчөйт деп кооптонуп атканын айтышкан.
Руслан Аушев болсо «Азаттыктын» серепчиси менен болгон маегинде ага канчалаган атту-баштуу кишилер кайрылганда гана маакул болгонун айткан:
«Юнус-Бек Евкуров айыгып чыкканга дейре жумуриятты – президенттин милдетин аткаруучу ирээтинде аны жетектеп турууга даярмын. Албетте, тийешелүү укук милдеттери менен».
Ал арада Рамзан Кадыров менен Ингушетиянын жетечилик милдетин аткаруучу Рашид Гайсанов жолугушту. Эксперттер баамында ингуш оппозициясына Москванын айткан жообул ошол болду дешет.
«Мемориал» адам укугун коргоо борборунун эксперти Александлр Черкасов баамында вайнахтык эки жумуриятта эки башка ык менен бийлик жүргүзүлөт. Бири элдин ишенимин таап ишкердик кылууга умтулса экинчиси анын каршысында элди коркутуп-үркүтүп иш алып барууда дейт Черкасов:
«Кошуна Чеченстанда, бир караганга натыйжалуу сыяктанып көрүнгөнү менен ал жумурията бийлик жүргүзүү калк менен тил табышуу эмес калк үстүнөн көз айырбай карап, зекип бийлик жүргүзүүгө негизделген».
Дагы бир анализчилер Москва вайнахтар тандашкан эки жолдун бирин жактырууга эми кез келди дешет.