Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Kонтейнердеги өлүм жана Ооганстандагы адам аткезчилигинин көйгөйү


Ирандагы Догарин лагериндеги ооган качкындары, 6-апрел, 2009-жыл.
Ирандагы Догарин лагериндеги ооган качкындары, 6-апрел, 2009-жыл.

Ушул айдын башында жүк ташыган контейнерде эс-учун билбей жаткан жеринен табылган 45 ооганды Пакистан бийликтери бошотту. Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында 4-апрелде полиция ошол эле контейнерден дагы 45 оогандын өлүгүн тапкан эле. Бул окуя Ооганстанда адам аткезчилиги жана адам соодасы канчалык терең кризиске айлангандыгын дагы бир жолу айгинеледи.

Бадшахты адам аткезчилери Иранга жеткиришмек. Азыр эми ал Пакистан полициясына сурак берип жатат.

Бадшах Иранда иштеп, адам катары жашоо тилеги таш капкан менен, айлына тирүү кайтып жатканына тобо деп отурган чагы - Иранга бараткан машинанын контейнеринде анын менен чогуу болгон 45 жердеши өмүрүнөн да айрылып калды.

Ооганстанда ооган паспортун алыш өтө татаал, ал эми Иранга виза алыш дээрлик мүмкүн эмес. Иранда иш табам деп үмүттөнгөн Бадшах аткезчилерге эки миң доллар төлөгөн эле. Аткезчилер аны менен кошо 100 чакты кишини жылчыксыз контейнерге отургузушат. Андан аркысын Бадшах мындайча эскерди:

– Биз контейнердин аба кирген көзөнөгү бар деп ойлогонбуз. Бирок жолго чыккандан бир-эки сааттан кийин демибиз кысыла баштады. Муунуп баратканда дубалды муштагылап, тепкиледик, бирок эч ким бизге көңүл бурган жок. Көп киши өлүп, азыбыз калдык.

Бадшах Пакистандын Квета шаарындагы ооруканада эс-учуна келгенин бир билет. Аны менен кошо аман калган 50 ооган атуулун 9-апрелде ооган дипломаттарына өткөрүп беришти. Пакистан полициясы алты ооганды суракка алып жатат. Кайтыш болгон 45 кишинин сөөгүн 6-апрелде эле Кабулга жөнөтүшкөн.

Турмуштун айынан чет өлкөгө бараткан жолдо курман болгон оогандар тууралуу кабарлар дүйнөлүк маалымат каражаттарында байма-бай жарыяланып келет. Алардын дээрлик бардыгы - аткезчилерге акча төлөшкөндөр. Өткөн аптада эле Италияда полиция баш калаа Римдин борбордук темир жол бекетинин алдында жашырынып жашаган 20 чакты ооган баланы таап алды.

Кветтадагы ооган дипломаты Мухаммад Дауд Мохсини ар жумада камакка алынган ондогон ооган атуулунун иши менен алектенет. Ал Ооганстанда абал тынчып, экономика оңолмоюнча өзгөрүш болооруна көзү жетпейт:

- Бул сыяктуу кыртыстар кайталана берет. Апта сайын бул жолдо 50-100 киши оогандын айрымдары өтүп кетет, бирок көбү колго түшөт. Ооганстанда элдин курсагы тоюп, жумуш болмоюнча аларды эч ким токтото албайт.

Бириккен Улуттардын Баңги зат жана кылмыштуулук кеңсесинин Кабулдагы баш өкүлү Жан Люк Лемйо да ушул эле пикирин мындайча билдирди:

– Ооганстанда өнүктүрүү иштерин көбөйтүшүбүз керек. Коопсуздукту, стабилдүүлүктү бекемдөө зарыл. Эч ким киндик каны тамган жерди таштап кеткиси келбейт, ар бир адам өз үйүндө, өз эли менен болгусу келет. Алар турмуштун айынан башка жакка кетет. Мындай кысталыштан кылмышкерлер пайдага тунат. Биз мындай кылмыштарга каршы да чечкиндүү чара көрүшүбүз керек.

Нажибулла - Кветтада табылган контейнерде аман табылгандардын дагы бири деп өзү курактуу ооган жаштарына да жумуштун айынан аткезчилердин торуна илинбөөгө кеңеш берди. Нажибулла Ооганстанда канча кыйын болсо да, мындан ары чет өлкөгө кетип, жаңы турмуш баштоону ойлобой калгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG