Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Иран экономиканы элдин эсебинен оңдоо ниетинде


Ирандын Керман шаарындагы Вакил базарынан бир көрүнүш. Сентябрь, 2009-ж.
Ирандын Керман шаарындагы Вакил базарынан бир көрүнүш. Сентябрь, 2009-ж.

Иран парламенти тамак-аш менен энергия баасына өкмөт казнадан кошуп төлөп келген каражатты кыскартуу маселесин такуулап жатат.

Махмуд Ахмадинежад өкмөттүн бул планы энергия керектөөнү азайтып, каржылай жардамды калктын эң муктаж катмарларына бөлүштүрүү ишин жакшыртат деп ишенет. Эл бул мыйзам кабыл алынса, Иранда тамак-аш менен энергия кескин кымбаттап, өкмөткө каршы нааразылык күчөйт деп эскертүүдө.


Тегеранда жашаган жалгыз бой эне Лалехтин бир айлык маянасы 450 миң тумонго, же 450 доллардын тегерегиндеги акчага барабар. Ал парламентте өкмөт сунуш кылган мыйзамдолбоор кандай талкууланып жатканына дыкат көз салып жатканын айтат.

- Мен ушу тапта электрге ай сайын 20 доллардан ашуун акча төлөйм. Эсептеп чыксам, эгерде жаңы мыйзам кабыл алынса, азыркыдан 3 эсе көп, 60 доллардан ашуун акча төлөйт экемин. Баары кымбаттайт экен, кара май, кийим-кечек, айтор баарынын баасы көтөрүлүп, мага окшогон жалгыз бой энелер балдарына тамак-ашты кенен алып бералбай калчудай.

Лалехтин тынчын алган 17 жободон турган жаңы мыйзамдын аркасында өкмөт эң керектүү товарлардын баасын төмөндөтүш үчүн буга чейин бөлүп келген субсидия, же жөлөкпулду кескин кыскартып, үнөмдөлгөн каражатты баарынан муктаж кедей үй бүлөлөргө бөлүштүрүү планын сунуш кылды. Долбоор парламентте биринчи окууда жактырылып, азыр 2-жолу ар бир жобо өзүнчө талкууланып жаткан чак. Парламенттен өткөн соң, ал мыйзамды Көзөмөлчүлөр кеңеши бекитиши керек.

Махмуд Ахмадинежаддын өкмөтү нан жана башка эң керектүү азык-түлүккө, энергия баасына өкмөт казнадан жыл сайын 100 млрд доллар акча сарптап келгенин, бул оор жүк улуттук экономиканы өстүрбөй тушап салганын айтат. Эксперттер эсептеп чыгып, жаңы мыйзам долбоор күчүнө кирсе, тамак-аштын баасы азыркыдан 3-4 эсе, бензиндин литри 5 эседен жогору көтөрүлөөрүн эскертүүдө. Иран экономикасы ансыз да начарлап, элдин жашоосу төмөндөп турган чакта мындай иш чара ансыз да кадыры төмөн Ахмадинежаддын өкмөтү эмес, кандай болбосун бийлик үчүн өз жанын өзү кыйганга барабар, - дейт Париждеги Эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперти Шахин Фатеми. “Инфляция 30%га айланып, калктын жарымы жакырлыктын босогосунда турганда бааларды көтөрүү ойго келбеген иш. Энергияны сарамжал пайдалануу демилгеси жаман эмес, бирок андай иш чара элдин тону жукарып турган азыркыдай маалда киргизилбеш керек эле”, - дейт Фатеми.

Ирандыктар жана чет өлкөлүк эксперттер антип катуу эскертип жатканы менен, президент Махмуд Ахмадинежад шаршембиде өкмөт буга чейин деле өтө зарыл учурда чечкиндүү аракеттенген жана дагы ошенте берет деп белгиледи.

- Ушуга окшогон иштер болуп келген, мисалы, өзөктүк программаны алалы. Ирандын өзөктүк программасы болсо, ал өнүгүүнү билдирип, ирандыктарга кадыр барк, чоң мүмкүндүктөр алып келээрин баары түшүнгөн. Бирок ушул азыркы өкмөт гана андай кадамга батына алды. Элдин күчүнө ишенип, биз азыр өзөктүк программасы бар өлкөгө айландык.

Ахмадинежаддын андай дымактуу билдирүүлөрү бирок, кымбатчылык күчөсө, калктын кыжырдануусун азайта албайт, дешет катардагы ирандыктар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG