Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Иран: Президенттик шайлоонун "шайтан" оюну


Иранда 12-июнда кезектеги президенттик шайлоо болот. Каттоодон өткөн 475 талапкердин ичинде белгилүү саясатчыларга катар шопур, тиш доктур, жумушсуз аял жана 19 жаштагы жигит да бар. Талапкерлердин кимиси шайлоого катышарын Ирандын көзөмөлдөө кеңеши 20 жана 22-майда аныктайт.

Иранда 2005-жылкы президенттик шайлоого катышам деп, бир миңден ашуун адам арыз берсе, бул ирет каалоочулардын саны 475тен ашпады. Жалпы улуттук саясый өнөктүктүн шылтоосу менен 70 миллион элге бир жылт этип аты өччү талапкерлердин арасында 28 жаштагы Шахрам Мехраби да бар.

“Менин максатым элге кызмат кылуу, 7 миң жылдык тарыхыбызды кайра карап чыгып, дүйнөгө биздин 7 миң жылдык тарыхыбыз бар экенин өзүбүз биринчи айтуубуз керек”, дейт мурдуна гүл чектирген, мойнуна килейген зороастрийлердин символун - куш канаттуу адамдын сөлөкөтүн илип, башына кең жээктүү калпак кийген бул сатаң жигит.

Али Акбар Насиринин жерге жеткен ак кийимине анын аты жөнү, Ирандын туусу жана элди тез эле жыргатам деген убада сөздөрү жазылган. Ал эмне үчүн президент болгусу келгенин мындай түшүндүрөт:

- Мен имам Хомейнинин жана аятолла Хаменейинин амири менен келдим. Мен Кудайдын, анын пайгамбары жана биринчи имамы Алинин буйругу менен келдим. Биз өлкөнү баскынчылыктан коргоп, силердин өмүрүңөрдү сактоо үчүн алардын буйругун түбөлүк аткарабыз деп ант бергенбиз.

Насири айткан имам Хомейни Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү, аяятолла Хаменейи Ирандын азыркы башкөсөмү.

86 жаштагы абышка болсо президент шайлансам, уулумду турак жай министри кылам десе, 12 жаштагы бала Израилди Гаваяга көчүрмөкмүн дейт.

75 жаштагы фермер карыя эл ишенип президент шайланса, ар бир шаарда жолоочулар бекер токточу төрттөн мейманкана курат экен. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырган дарыгер француздар сыймыктанган Эйфел мунарасын Англиядан көргөнүн айтат. Аларды жергиликтүү талдоочулар “жасалма” талапкер деп атап коюшкан. “Жасалмаларды” Ирандын өкмөттүк телеканалы үзбөй көрсөтүп, сүрөттөрүн гезит-журналдар дембе-дем басууда.

Бирок 1979-жылкы ыңкылаптан кийин Иранда сөз, ишеним жана кийим кийүү эркиндиги жок, аялдар көп кордолот деген, ошондой эле көзкарандысыз талапкерлер жөнүндө натуура маалымат таркатылып, өкмөттүк телеканалдан дегеле көрсөтүлбөйт жана убакыт да берилбейт.

Жасалма талапкерлер, Тегерандык серепчи Немат Ахмадинин айтышынча, көзкарандысыз жана оппозициячыл талапкерлерди шайлоодон четтетүүнү актоо үчүн зарыл:

- Биздин телеканалдар “маскарабоз” талапкерлерди кара сантайлык менен көрсөтүшкөнү менен, алардын добуш алчуларын көрсөтпөй жатат. Мурдакы парламент президентке талапкерлердин шарты жөнүндө мыйзамды кабыл алганда, аны Көзөмөл кеңеши атайылап бекитпей койгон.

Ошентип талапкерди каттоонун жобосу жок болгондуктан, президенттикке ат салышам деген “маскарапоздор” көп болууда, деп кошумчалайт Ахмади.

Баса, быйыл биринчи жолу Көзөмөл кеңеши аялдардын президенттик шайлоого катышуусуна уруксат берип, 40 аял президенттикке талапкер болууга арыз берди.

XS
SM
MD
LG