Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Иран демократиясы тез эле ириди


Иран -- Реформист Мир Хоссейн Мусавинин тарапкерлери жекшемби күнү Тегеранда нааразылык маршына чыгышты.
Иран -- Реформист Мир Хоссейн Мусавинин тарапкерлери жекшемби күнү Тегеранда нааразылык маршына чыгышты.

Иранда жекшемби күнү да кагылыштар болуп өттү. Нааразылык билдирүү үчүн кайра чогулган реформачыл тарапкерлерге полицмендер жаш агызма газ колдонду, аларды демонстранттар ташбараңга алышты. Соңку эки күн ичинде Тегеранда реформисттердин 170 тарапкери камалды.

Камалгандарды өкмөттүк ИРНА маалымат агенттиги "бандиттер" деп атады. Алардын арасында мурдагы реформатор-президент Мохаммад Хатаминин бир тууган иниси Реза Хатами да бар дешти эле, бирок бийликтер аны бошотушканын айтышты.

Айрым активисттерди,алардын ичинде белгилүү диний ишмер Таги Рахманини коопсуздук кызматтары түн ичинде түз эле үйүнөн кармап кетишти. "Аны кайда алып кетишти, эмне себептен кармап кетишти, кандай күнөөсү бар – түк түшүнбөй калдым. Мен билгени ал акыркы он күндөн бери үйгө кеч келип, эрте саарда кетип, алыскы аймактарда элди шайлоого үндөп жүргөн эле. Аны ушул кызматы үчүн камашабы?" -деп айтты диний ишмердин зайыбы Наргиз Мохаммади.

Жекшемби күнү Тегеранда эки бирдей митинг өттү. Реформист Мир Хоссейн Мусавинин тарапкерлери шаардын түндүк районунда нааразылык жүрүшүнө чыгышты. Алар уулдап-дуулдап: "Диктаторго өлүм! Алла баарынан улук!" – деп айкай салышты.

Махмуд Ахмединежаддын тарапкерлери болсо шаардын борбордук бөлүгүндө анын жеңишин майрамдашты. Ахмединежад аны колдогондорго ыраазылык билдирип, "шайлоо ылгый адилет жана эркин болду" деп ырастады.

"Өлкөдө калктын 85 проценти шайлоого катышты, төрт талапкердин бирине алардын 62 проценти өз добушун берди. Муну менен эл улуттук кызыкчылыкка бирикти, андыктан шайлоонун мыйзамдуулугун талашуу жарабаган иш",-деп айтты ал маалымат жыйынында.

Ирандагы окуяларды "апыртып-көбүртүп баяндап жатканы үчүн" Ахмединежад батыш маалымат каражаттарын айыптады. Мунун алдында "Ал-Арабия" телекомпаниясынын Тегерандагы бюросу жабылды, полиция голлландиялык Nederland 2 телеканалынын кабарчыларын кармап, тартылган материалдарын опуздап алды жана өздөрүн өлкөдөн чыгарып салышты. Би-Би-Си фарсы тилиндеги программалары да Иранда үзүл-кесил көрсөтүлүп, бул үчүн жоопкерчиликти корпорация жергиликтүү бийликтерге жүктөдү.

Лондондо Тегеран элчилиги алдына Британияда жашаган иран жарандары чогулуп, шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдиришти. Алар колдоруна: "Менин добушум кайда?" –деп жазылган плакаттарды кармап турушту.

Белгияда сүргүндө жашаган иран сатириги Ибрагим Набави шайлоонун жыйынтыгы укмуштай тездик менен чыгарылганына таң калып, муну "математикалык чоң ката" деп баалады. Кырк миллионго чукул добушту алеки саатта санжаптап санай салганга адам баласы тургай автоматтын да шаасы жетпесе керек.

Мусави да шайлоонун жыйынтыгын "сыйкырчынын" санагына салыштырып,мунун арты Иранга "чоң алаамат алып келерин" эскерткен эле. Өз тарапкерлерин ал жекшемби күнү нааразылык аракеттерди уланта берүүгө, ошол эле учурда тополоң чыгаргандан сак болууга чакырды. Шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну өтүнүп, ал ислам революциясынын сакчылар кеңешине ырасмий арыз жолдоду. Мусавинин тарапкерлери бүгүн же эртең жалпы улуттук жүрүштөрдү өткөргөнгө үндөп жатышат.

Ирандагы окуяларга Евросоюз өлкөлөрү, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери олуттуу тынчсыздануу билдиришти. АКШнын вице-президенти Жозеф Байден шайлоонун натыйжаларында күмөн-күдүк туудурган жагдайлар көп экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG