Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Иранда камактагы студенттин саламаттыгы начар


Жаштар сыймыктанган Мажид Таваколи
Жаштар сыймыктанган Мажид Таваколи

Иранда камактагы студент активис Мажид Таваколинин саламаттыгына тынчсыздануу улам күч алууда. Азыр Европада, Кошмо Штаттарында жана Канадада Ирандагы студенттик кыймылдын символуна айланган 24 жаштагы Таваколини колдоп, ачарчылык жарыялашууда.

Мажид Таваколи университеттик акциялардын биринде Иран коомунун илдеттери тууралуу айтып чыкканы үчүн былтыр декабрда камакка алынган эле. Үстүбүздөгү аптада жалгыз камерага камалгандан кийин ачарчылык баштагандан кийин, студенттин өзүнүн ден соолугу кооптонууну пайда кылууда. Таваколинин бир тууганы Али Азаттыкка Мажиддин жанындагылар анын катуу жөтөлүп жаткандыгын айтып жатышкандыгын билдирди. Ал апрел айында жалгыз камалчу камерага кайра жиберилгендигине байланыштуу, мындан беш күн мурда ачкачылык акциясын баштаган.

Иран бийликтерине каяша айткандан жалтанбаган, өз ишенимдерине бекем турган эр жүрөктүүлүгү үчүн 24 жаштагы Таваколи студенттик кыймыл сыймыктанган адамдардын бирине айланды. Студенттик кыймылга кысым улам күч алган сайын, Таваколиге суктануу да өсүүдө.

23-майда башталган ачарчылык акциясы тууралуу кабар тарагандан кийин, башка өлкөлөрдөгү укук коргоочулар менен интеллигенция өкүлдөрү да аны колдоп ачкачылык жарыялашты. Алар акцияларын 26-майда башташты.

Ушул жол менен жаш активисттин бошотулушуна жардамдашабыз деп үмүттөнгөндөрдүн бири Асал Ахаван Австралияда окуйт. Ага Иранда активисттик иштери үчүн окууга тыюу салынган.

Менин сыртта жүрүп ачарчылык баштаганымды Таваколинин ачарчылыгы менен таптакыр салыштырып болбойт. Бирок мен ага колдоо көрсөтүп, мындай адамдарга, алардын жакындарына боордоштук билдирип, алар жалгыз эмес экендигин айткым келет.

Таваколинин бийликчил агенттик такмазалап жарыялаган сүрөтү

Мажид Таваколи Тегерандагы Амир Кабир Университетиндеги нааразылык акциясында өлкөдө адам укуктарынын бузулушу жана бийликтердин «демократия менен кайнаса каны кошулбасы» тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин кармалган. Аны койдой сабашкан. Кийин бийликчил ФАРС кабар агенттиги аны шакаба чегип, аялдын киймин кийген сүрөтүн жарыялаган. Бирок бул ыкма тескери жыйынтык берди – бүт дүйнө боюнча эркектер өздөрүнүн аялдын жоолугун мусулманча оронуп салынган сүрөттөрүн интернетте жайгаштыра башташты.

Камакка алынгандан кийин Таваколини 125 күн камерада жалгыз кармашкан. Январ айында ал Ирандын бийлигине каршы үгүт-насаат жүргүзгөн, Ирандын диний жол башчысына жана президентине акаарат келтирген деген айыптар менен сегиз жарым жылга кесилген.

Таваколинин бир тууганы Али уулу ачарчылык баштаганын уккандан кийин энеси да наар албай калгандыгын айтып, Мажитке болгон колдоонун уланып жатышы анын тагдырынын оң чечилишине көмөктөш болот деген ишенимин билдирди:

- Өлкөнүн ичиндегилерге мындай колдоо көрсөтүш кыйла эле кыйын болушу мүмкүн, бирок сырттагылар аракет көрө алышат. Бүгүн биз бири-бирибизди колдошубуз керек. Антпесе, биз менен эч кимдин иши болбойт.

Таваколини колдогон жигиттердин жоолукчан сүрөтү

Амир Кабир университетинин бир канча студенти түзүлгөн кырдаалга байланыштуу билдирүү жарыялап, Таваколиге бир нерсе болсо, өлкөнүн башкы жол башчысы Аятолла Хаменейини жоопкер деп санай тургандыгын эскертишти.

Таваколи ушул мартта Прагада жайгашкан Лиди в Биде бейөкмөт уюм тарабынан «адам укуктарын, демократияны жана саясий кризисти урушсуз жөндөөгө берилгендиги» үчүн Хомо Хомини сыйлыгы менен сырттан сыйланган.

XS
SM
MD
LG