Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Ирандын консерваторлору Ахмадинежаддын күчүн алсыраткысы келет


Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад
Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад

Ирандагы эскичилдер президент Махмуд Ахмадинежаддын бийлигин алсыратуу аракеттерин көрүүдө. Кезектеги президенттик шайлоого чейин дагы үч жыл бар болсо да, алардын мындай аракеттерин шайлоого даярдык катары бааласа болот.

Айрым кабарларга караганда, беделдүү консерваторлор ар кыл жолушууларды уюштурушуп, президенттин «экстремисттик» саясаты болочок Ислам Республикасына коркунуч туудурарын белгилешкен. Алар жада калса Ирандын рухий лидери Аятолла Али Хаменейини президент Ахмединежадга обу жок колдоо көрсөтпөөгө ынандырууга далаалат кылышкан.

Ирандын эскичил саясатчылары (консерваторлору) азыркы президент Ахмадинежаддын саясаттагы таасирин азайтып, анын оң колу болгон ашынган саясатчынын мураскор болушуна тоскоол кылуу үчүн бар аргасын жасоодо.

Мындай чабуул азыркы Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани, депутат Ахмад Таваколи, Ислам Ыңкылабынын Сакчылар Кошуунунун мурдагы колбашчысы Мохсен Резайи, жана былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган атаандаш талапкерлер тарабынан жасалууда.

Алар руханий көсөм Аятолла Али Хаменейини учурдагы президенттин радикалдык жана бөлүп-жаруучу саясаты исламдык жумурияттын туруксуздугуна алып келет деп ынандырууда. Бейрасмий булактарга ишенсек, консерваторлор Ахмединежадга импичмент жарыялоо маселесин да талкуулашкан.

Бирок Ахмединежадга каршы жаңы күчтөр кеңири эркиндикти талап кылган мурдагы салттык оппозициядан кыйла айырмаланат. Булардын күрөшү – олуттуу идеологиялык тирешүү эмес, тек гана азыркы аткаруучу бийликке кирбей калган адамдардын алдыдагы шайлоо аркылуу бийликке кайра кайтуу үчүн далаалаты катары сыпатталууда.

Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун адиси Мехди Халажинин айтымында, булар Ахмединежаддын бийлигин алсыратып, акырында анын ордуна өз кишисин бийликке алып келүүнү көздөшөт.

- Булардын максаты - Ахмединежадды аткаруучу бийликтен кулатуу жана президентти өздөрүнүн ичинен шайлоо. Ахмединежад бийликтен өзүнүн тегерегинен болбогондордун баарын сүрүп таштаган. Ошон үчүн ал адамдар бийликти кайрадан өз колуна алгысы келип жатат. Алардын башкы мүдөөсү – Ахмадинежаддын бийликтеги тобун четке сүрүп салуу.

Эскичилдерди кыжырланткан дагы бир нерсе - Ахмединежаддын аппарат башчысы болуп иштеп жаткан анын өзүнүн кудасы Эсфандияр Рахим Машайини 2013-жылкы президеттик шайлоого талапкер катары белендеп жатышы. Президенттин баласы Рахим Машайинин кызына үйлөнгөн. 2008-жылы Рахим Машайинын «Иран Израил эли менен дос» деген сөзү коомчулукта ушул күнгө чейин бүйүр кызыткан талкуунун бутасы болуп келет.

Эскичилдер президенттин экономика тармагында жүргүзгөн саясатын да көп жылдан бери сындап келишет. Өзгөчө сынга мамлекеттик субсидияларды кыскартуу мыйзамы кабылган. Халажи мырзанын оюнча: эскичилдердин негизги куралы - бул экономикалык көйгөйлөр.

- Эскичилдер Рахим Машайи менен чектелип калбастан, Ахмединежаддын экономикалык саясатын да катуу сынга алышууда. Таваколи менен Резайи өздөрүн экономиканын мыкты адистери катары көрсөткөнгө аракеттенүүдө. Алар Ахмединежадды экономика тармагында алсыз президент катары сүрөттөшүп жатышат.

Ошентсе да эскичилдердин негизги кыйынчылыгы Ахмединежад эмес, алардын руханий көсөмү - Аятолла Хаменейи. Ирандын саясий серепчиси Фариде Фархинин айтымында, консерваторлор Хаменейини президентке каршы үгүттөп жатканы менен, ал Ахмединежадга ачык каршы чыга албайт. Буга бир канча саясий себептер бар.

- Руханий лидердин саясаттагы ролу - ар кандай саясий күчтөрдүн ортосундагы балансты сактап туруу. Бирок ал өзүнүн тең салмактап туруучу ролун таштап кеткендей. Эми ал эскичилдердин ичиндеги топторду өз ара тең салмакташы керек болуп турат. Антпесе, көпчүлүк саясатчылардын оюнча, исламдык жумурияттын өзөккү түзүлүшү чектелүү болуп, аны аныктоо ашынган саясатчылардын гана колунда кала бериши ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG