Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Саберини камоо менен бошотуунун артында кандай сыр бар?


Журналист Роксана Саберинин Тегерандагы түрмөдөн бошотулуп, сот өкүмү жумшартылганы тууралуу чечимди эл аралык коомчулук кызуу кубаттап тосуп алды. Ошентсе да, бир шише шарап менен кармалып, кийин тыңчылык кылды деп айыпталып 8 жылга түрмөгө кесилген Саберинин иши далай суроолор жаратпай койгон жок. Эркиндикке чыгып, Ирандан кетүүгө уруксат алган журналисттин иши эмнеден келип чыгып, аягы кандай бүткөнүн ар түркүн чечмелегендер арбын.

32 жаштагы Роксана Саберини бошотуу чечиминин артында кандай себептер жатканы тууралуу бирдей пикир жок болсо да, бул иш башынан саясий нукта өнүккөнүн тангандар жокко эсе. Иштин баары бир бөтөлкө шарап сатып алуудан башталган, Иранда бул тыюу салынган мыйзамсыз аракет саналат. Бирок Роксана Саберинин ал кичинекей айыбы бат эле АКШга тыңчылык кылган деген олуттуу кинеге айланып, ыңкылапчыл сот кабарчыны арыдан бери 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып берген.

Америкада төрөлүп билим алган, теги ирандык журналист кыздын тагдыры эл аралык коомчулуктун терең тынчсыздануусун жаратып, эң жогорку деңгээлде улам бир катаал билдирүүлөр жасалгандан кийин минтип, 24 саат ичинде сот аппеляциялык арызды шашылыш караштырып, Роксананы түрмөдөн бошотуп, 2 жылга шарттуу кесилгенин угузуп, Ирандан чыгып кетүүгө жол ачып берип отурат.

Тегерандык белгилүү журналист Машолла Шамсолвэзин окуянын өнүгүшү Ирандын сот системасы бүт бойдон саясатка байланганын далилдейт деген көз карашта.

- Ирандык соттор дагы бир ирет бардык чечимдерди саясий окуялардын таасири алдында кабыл алаарын айгинелешти. Жергиликтүү, же эл аралык болобу, саясий маселелер сотко оңой эле кысым көрсөтө алат.

АКШ менен Ирандын кош жарандыгына ээ Роксана Саберини тыңчылык кылды деп айыптап, алеки заматта темир тор артына отургузуу менен Ирандык консерваторлор Барак Обаманын Тегеранды бир аз өзүнө тарткан ишара-сунуштарын четке каккысы келди, - дешет айрым серепчилер. Алардын издегени ошол болсо, анда максатына кандайдыр деңгээлде жетише алды, анткени Вашингтондо Иран дагы бир жолу эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө жарабай турган өнөктөш экенин көргөздү деген пикир күчөй баштады.

Экинчи тараптагылар, Саберинин иши оңунан чечилгени – Иранда прагматик саясатчылардын таасири бар экенин көргөзөт дешет. Тегерандык дагы бир журналист Ирай Жамшиди ошондой пикирде:

- Соттун тез эле чогулуп, 24 саат ичинде башкача чечим чыгарганы – Иран АКШ менен олуттуу сүйлөшүүлөргө барууга ниеткер экенин айгинелейт керек болсо. Ирандык жетекчилер АКШ менен алакаларды андан ары бузгандан көрө сүйлөшүүлөр эшигин ачып жаткандыр, балким.

Ирандык айрым маалымат каражаттары Саберинин иши өткөн айда Токиодогу конференцияда талкууланган болушу ыктымал деп боолгошту. Пакистандагы кырдаалды талкуулаган 1 күндүк жыйынга АКШнын атайын чабарманы жана Ирандын тышкы иштер министри катышышкан. Аңгыча Мамлекеттик Департаменттин өкүлдөрү эч кандай тымызын сүйлөшүү, соодалашуу болгон жок деп тактоого ашыгышты. Батыштык айрым агенттиктер Иран Сабери үчүн АКШнын түрмөсүндөгү 3 туткунун чыгарып алды деп да жоромолдоп жиберди.

Эксперттер эл аралык коомчулуктун кысымы күчөгөн маалда Ирандын президенти камактагы Роксананын ишин кылдат кароого үндөп, сотторго кат жазганын, кантсе да июнь айында президенттик шайлоо өтөөр алдында Ахмадинежад ашыкча ызы-чууну каалабайт деген да оюн айтышат. Тегерандык кээ бир байкоочулар “эгерде эч кандай тымызын сүйлөшүү болбосо, анда Роксана Сабериге кош жарандуулугу жардам берди, кантсе да Америка өз жаранын талаага таштабайт ко, аттиң ай, Иранда түрмөдө отурган миңдеген саясий туткундардын баарына кош жарандуулук берилсе кана”, - деп да комментарийлешти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG