Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Иранда жер титирөөдөн бери дегенде беш киши мерт болду


Иран сейсмикалык жактан өтө кооптуу аймакта жайгашкан жана жер титирөө маал-маалы менен кайталанып турат.
Иран сейсмикалык жактан өтө кооптуу аймакта жайгашкан жана жер титирөө маал-маалы менен кайталанып турат.

Ирандын түндүгүндөгү Чыгыш Азербайжан провинциясында 8-ноябрда түнкү саат 2ден өткөндө күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Мамлекеттик телеканалдар анда кеминде беш адам мерт болгонун кабарлашты. Дагы 100дөн ашык киши жаракат алып, ондогон турак-жай кыйрады.

Нөшөрлөп жааган жамгыр 40тан ашык майда силкинүү болгон бул аймакта куткаруу жана жардам берүү иштерин кыйынчылыкка учуратты.

АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Асбфорушан шаарынын жанында, он чакырым жер астында болду жана табыгый кырсыктан кесепети мындан да чоң болушу ыктымал экенин эскертти.

Европалык - Жер ортолук сейсмологиялык борбору жер титирөө 20 миллиондой адам жашаган аймакта сезилгенин кабарлады.

Иран сейсмикалык жактан өтө кооптуу аймакта жайгашкан жана жүздөгөн адам өлүп, миңдеген кишини жарадар кылган жер титирөөлөр маал-маалы менен кайталанып турат.

XS
SM
MD
LG