Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Ахаван: Иран лидерлерин сот жообуна тартса болот


Амир Жавадифар президенттик шайлоодон кийинки демонстрация маалында кармалып, абактан көз жумду
Амир Жавадифар президенттик шайлоодон кийинки демонстрация маалында кармалып, абактан көз жумду

Ирандык белгилүү журналист Ислам жумуриятынын бийлигин адамзатка каршы кылмыштары үчүн сотко бериш керек деп эсептейт.

24 жаштагы Амир Жавадифар Тегеранда 9-июль күнкү тынч демонстрация учурунда кармалган. Эки жумадан кийин Амирдин жакындарын анын өлүмү жөнүндө кабардар кылышты. Маркумдун сөөгүн көргөн досторунун бири анын кыйноолорго туш болгонун айтып берди.

Амирдин абактагы өлүмү Иранда соңку апталарда өкүм сүрүп келаткан зомбулуктун бир эле мисалы.

Улуттар уюмунун согуш кылмыштары боюнча мурдагы прокурорлорунун бири Паям Ахаван президенттик шайлоодон кийинки ошондой укук бузууларды каттоого алып жатат. Профессор Ахаван Канадада МакЖилл (McGill) университетинде эла ралык юриспруденциядан сабак берет. Анын укук борборуна Ирандан видеотасмалар, сүрөт, башка документтер келип түшүүдө.

Ахаван “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде тынч демонстранттарды куугунтуктоо, анын ичинде адамдардын көзүн тазалоо, уруп сабоо, кыйноо, камап салуу эл аралык мыйзамдарга ылайык адамзатка каршы кылмыш катары каралышы мүмкүн деген пикирин айтат:

- Андай адам өлтүрүү жана кыйноолор адам укуктарын бузуунун кеңири жайылган жана улам-улам кайталанган учурлары катары сыпатталат. Адам өлтүрүүлөрдүн артында турган мекемелерди жана министрликтерди жетектеген расмий адамдарды эл аралык мыйзамдарга ылайык сот жообуна тартса болот.

Иран өкмөтү шайлоодон кийинки тополоңдордо 20 кишинин өлгөнүн расмий бышыктады. Бирок укук коргоочу уюмдар реалдуу сан мындан жогору деп эсептешет. Кээ бирлери Неда Агха Солтандай болуп тынч демонстрация маалында ок жеп каза табышкан. Башкалары уруп сабоолордон көз жумган.

Рамин Гахремани деген жигит абактан чыккандан көп узабай дүйнө менен кош айтышты. Айрым кабарларга караганда, ал энесине түрмөдө бутунан бир нече күнгө асып коюшканын айтып берген.

Тегерандын абактар уюмунун жетекчиси Сохраб Солеймани баш калаанын кармоочу жайларында “ырайымсыз жана адеп-ахлакка” каршы келген иш-аракеттер болбогонун ырастайт. Бирок аны төгүндөгөн фактылардын көптүгү жада калса консерваторлор арасында да нааразылыкты жаратты.

Оппозициянын лидери катары аталып жүргөн мурдагы премьер-министр Мир Хосейин Мусави камакка алууларды жана өлтүрүүлөрдү “алаамат” деп сүрөттөдү. “Мындай окуяларга революцияга чейин күбө болгон эмеспиз”, - деди Мусави 27-июлда.

Ушул шейшембиде Ирандын жогорку лидери Кахризак кармоочу жайын жабууга буйрук берди. Абакта көптөгөн демонстранттар карамалып келген. Эвин түрмөсүнөн болсо бир эле күндө 140 туткун бошотулду. Бирок шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда камакка алынган көптөгөн журналисттер, укук коргоочу активисттер жана катардагы адамдар түрмөлөрдө кала берүүдө.

Ирандык белгилүү журналист Акбар Ганжи өткөн жумада саясий туткундардын бошотулушун талап кылып 3 күн ачкачылык кармаган. Ганжи Иран бийлигин адамзатка каршы кылмыштары үчүн соттош керек деп эсептейт:

- Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине Ирандын ишин Гаагадагы Эл аралык трибуналга жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылабыз. Арыз катка кол чогултууну пландап жатабыз.

Журналист Иран лидерлери азыркы укук бузуулар үчүн гана эмес өткөн чактагы кылмыштары үчүн да жоопко тартылууга тийиш дейт. Анын бул оюна Ахаван да кошулат:

- 1988-жылы Иранда 4 миңге жакын саясий туткундун көзү тазаланган. Өкмөт алардын так санын тастыктоодон да баш тартууда.

Ахаван босниялык сербдердин лидери Радован Каражичти сот жообуна тартуу үчүн 10 жылдан ашык убакыт кеткенин эске салып, Ирандагы адам укуктарынын тепселиниши үчүн жооптуу адамдар соттолот деген үмүтүн билдирет.


XS
SM
MD
LG