Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Иранда мугалимдер иш ташташты


Тегерандагы мектепте мугалим окуучу кыздар менен. Иш таштоого байланыштуу, Иранда бүгүн кээ бир мектептерде окуу өткөрүлгөн жок.
Тегерандагы мектепте мугалим окуучу кыздар менен. Иш таштоого байланыштуу, Иранда бүгүн кээ бир мектептерде окуу өткөрүлгөн жок.

Ирандын бир нече шаар-кыштагында мугалимдер иш ташташты. Иш шартын жакшыртып, айлыкты көбөйтүүнү талап кылган мугалимдердин айрымдары камакка алынганы кабарланууда. Иш таштагандар мугалимдердин маянасын мамлекеттик башка кызматкерлердин айлыгына теңөөнү караган мыйзамды аткарууну талап кылышууда.

Ирандын Мугалимдер биримдиги иш таштоону үч күнгө жарыялады. Анын биринчи күнүндө мугалимдер мектепке келип, бирок сабак беришпейт. Анын ордуна иш таштоонун маани-маңызын окуучуларга түшүндүрүшөт.

27-апрелде алар мектепке барып, бирок окутушмак эмес. Ал эми иш таштоонун акыркы күнү болгон 28-апрелде мугалимдер мектепке да барышпайт.

Иш таштоого канча мугалим кошулганы анык эмес. Биримдик көп мугалимдер аны колдогондугун билдирди, башка булактар аз сандагы мугалимдер гана иштен баш тартышканын айтышууда.

Биримдиктин маалымат катчысы Исмаил Абди "Азаттыктын" фарсы кызматына айрым шаарларда окутуучулардын жарымы нааразылык акциясына кошулгандыгын билдирди:

– Биз бүгүн Керманшадан алган кабар боюнча, мектептердин жарымынан ашыгы Мугалимдер биримдигинин акциясын колдоду. Бул дубандагы кесиптештерибиз мектепке келген жок. Курдистандан да акциялар абдан жакшы өтүп жатат деген маалымат алдык. Тегеран дубанында Исламшахр жана Карай сыяктуу шаарлардагы иш таштоо ийгиликтүү болду.

Биримдиктин иш таштоого чакыруусу уюмдун интернет сайтында жайгаштырылды, бирок мамлекеттик маалымат каражаттары ал билдирүүнү жарыялаган жок, ошондуктан көп мугалимдердин бул тууралуу кабары жок болушу мүмкүн.

Соңку күндөрү эки мугалим камакка алынып, бир нечесине коркутуулар болгондугу кабарланды. Атын атабоону суранган кузестандык окутуучу мугалимдерди өкмөт тыкыр көзөмөлдөп, нааразылык акциясын өткөрүүгө жол бербей койгондугун мындайча баядады:

–Кузестанда эч кимди карыш жылдырбай жатышат. Алар бизге башка өлкөдөн келген бөтөн кишидей мамиле жасашууда. Биз иш таштоо тууралуу жакшы билебиз, бирок алар бизге бир кадам жасаттырбай жатышат.

Шираз Абдолла – тегерандык билим берүү адиси. Анын пикиринде, мугалимдер окуучулары окуудан калып калбасын деп көбү иш таштоого катышкан жок. Болбосо, мугалимдердин арасында нааразылык өсүп жатат:

– Мугалимдердин ишке кызыгуусу төмөн, нааразы болгондор көп. Соңку жылдары аларга ар кандай көп убадаларды беришти, бирок аларды аткарышкан жок.

Абдолланын айтымында, мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү караган мыйзам азыр ишке ашырылып жатат, ага акча бөлүнгөн. Бирок Мугалимдер биримдиги өкмөт мыйзамды аткаргысы келбейт деп шектенүүдө.

Иранда мугалимдердин орточо айлыгы 300 доллар, айрым эсептөөлөр боюнча бул башка мамлекеттик кызматкерлердин маянасынан 100 долларга аз. Көп мугалимдер турмуштан кыйналгандыктан, 2-3 бөлөк иште иштешет.

Соңку жылдарда жумуш шартын жакшыртууга чакырган окутуучулар куугунтукталып, камакка алынган учурлар болгон. Укук коргоочулар Ирандын өкмөтүн нааразылык билдирген мугалимдерди камап, суракка алганын сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG