Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

АКШнын акыркы аскерий бригадасы Ирактан кетти


АКШнын Ирактагы акыркы аскерий бригадасы өлкөдөн чыгып кетти. Буга чейин президент Барак Обама америкалык аскерлерди Ирактан ушул айдын этегине чейин чыгарып кетүүгө убада берген.

Президент Обаманын буга чейин айткан планына ылайык, бүгүн ал жактан акыркы америкалык аскерий бригада чыгып кетти.

АКШнын аскерий дивизиясынын “Стайкер” деп аталган 4-бригадасынын расмий өкүлү Кристофер Опхардт билдиргенине караганда, алар бейшембиде таң эртелеп Кувейттин чекарасынан өтүштү.

Бул, кайсыл бир деңгээлде, символикалуу окуя болду. АКШдагы бир телеканал аскерлердин чекарадан өтүп жаткан учурун түз эфирде чагылдырып турду.

Бирок аскерлердин бир тобу азырынча Иракта кала бермекчи. Ак Үйдүн жогорку даражалуу расмий өкүлү “Рейтер” маалымат агенттигине айтканына караганда, азыр Иракта аскерий операциялар толук токтотулду деген туура эмес. Расмий түрдө бул жөнүндө 31-августта гана айтылмакчы.

Азыр Иракта 56 миң америкалык аскер калды. Бирок анын 50 миңи 31-августтан кийин да ирактык коопсуздук күчтөрүн машыктыруу үчүн Иракта боло беришмекчи. Пентагондон билдиришкенине караганда, атайын күчтөр ирактыктарга “террористтерге каршы күрөштө жардам көрсөтүүнү улантышат”.

Америкалык аскерлер Ирактан келерки жылдын декабрында толук чыгып кетишээри күтүлүүдө.

Бүдөмүк келечек

Америка кошмо штаттары баштаган коалициялык күчтөр 2003-жылдын мартында Иракка кирип, Саддам Хусейндин диктатурасын кулатышканына жети жылдан ашты. Ошондон бери 4 419 америкалык аскер согушта курман болду.

Жергиликтүү карапайым элдин өлүмүн эсептеп жүргөн уюмдан билдиришкенине караганда, жети жылдан бери 100 миңдей ирактык набыт болгон.

Ирак согушу Биринчи, Экинчи дүйнөлүк согуштардан да узакка созулуп кетти.

АКШнын Багдаттагы элчиси Кристофер Хилл жакын арада кызматынан кетээри күтүлүүдө. Ал АКШнын Тынчтык институтунда шаршембиде сүйлөп жатып, Багдаттагы 16 айлык ишинин натыйжасында “баары туура нукта баратканын” аңдаганын билдирди.

“Азырынча коопсуздук абалы оор. Ошондуктан аны жакшыртуу үчүн иш улантылат, - деди элчи. - Ирактын өзүнүн коопсуздук күчтөрү көзөмөлдү колго алууга жөндөмдүү. Аларда, албетте, проблемалар, катачылыктар болушу мүмкүн. Бизде деле катачылыктар болгон. Биз өзүбүздүн катабыздан жыйынтык чыгарып, үйрөнгөндөй эле, ирактыктар да көп нерсени өздөрүнүн тажрыйбасы аркылуу үйрөнө алышат. Демек, алдыда коопсуздук жагдайы жакшырат деп ойлойм”.

Ал арада өлкөдө чабуулдар дагы күчөгөндөй болуп жатат. Көчөгө коюлган бомба жарылып, андан беш өкмөттүк кызматкер көз жумду. Андан бир күн мурда Багдатта жанкечтинин жардыруусунан аскердик кызматка келген 61 адам өлгөн.

Ирактагы саясий кризис дале чечиле элек. Өлкөдө парламенттик шайлоо өткөнүнө беш айдан ашса да, азырга чейин өкмөт курала элек. Андыктан, америкалык аскерлердин кетиши бул жерде зордук-зобун, саясий башаламандык уланып жаткан учурга туш келүүдө.

АКШ аскери Ирактан чыгарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00


Видео тасма. АКШ аскери Ирактан чыгарылды

АКШнын соңку күжүрмөн аскер бөлүгү президент Барак Обаманын өткөн айдын соңунда Ирактагы согуш аракеттерин токтотуу тууралуу айткан сөзүнө ылайык Ирактан чыгарылып кетти. Эми Иракта калган 56 миңдей АКШ жоокери жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн машыктыруу иштери менен гана алектенип, өлкөдөгү аскердик өнөктүктөргө катышпайт. 2010-ж., 19-август.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG