Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Интернеттеги диний-экстремисттик сайттар коркунуч жаратууда


“Дин, укук жана саясат” борбору интернет түйүнүндөгү диний-экстремисттик сайттардын көбөйүшүнө тынчызданууда. Айрым адистердин баамында, эң оболу диний-экстремизим айыл жергесинде жайылууда. Ал эми элетте интернет жакшы өнүккөн эмес.

Интернет технологиялары тармагындагы адистердин айтымында, Кыргызстанда чоң шаарларда гана интернет дурус өнүккөн. Алардын башында Бишкек, Ош, Кара-Кол сыяктуу шаарлар турат. Калган район борборлоруна, айыл-кыштактарга интернет түйүнү жакшы жеткен эмес.

Ошентсе да адистер коңгуроо кагышып, интернет түйүнүндө диний-экстремисттик маанайдагы маалыматтар көп экендигин, ырасмий тараптар дале бул маселени чече албай келатышканын, андыктан муфтият тез арада өзүнүн интернет сайытын ачуусу керектигин айтышууда.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык иликтөө борборунун билдиргени боюнча, барган сайын интернет өлкө аймагына жайылып бараткандыктан, ага көңүл буруу мезгили келип жетти. Борбордун директору Кадыр Маликовдун айтымында, бир чети кадр маселеси жолго коюлбагандыктан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн интернет сайыт ача албай келатат:

- Тилекке каршы, муфтияттын кыргыз тилиндеги өзүнүн сайты жок, динге байланыштуу ар кандай маалыматтарды интернеттен эле салыштыра койгонго мүмкүнчүлүк жок деген маселе көтөрүлүп келет. Бул жактагы дагы бир чоң маселе, кадр маселеси. Мисалы, Кыргызстанда дин багытындагы кадрлар даярдалат. Бирок чет өлкөдөн билим алып келген кадрларды эмне кылышыбыз керек? Биздин муфтият демейде чет мамлекеттен бүтүп келген жаш кадрларга ишене беришпейт. Анткени алар ошол окуп келген өлкөсүндөгү исламды алып келишет. Араб өлкөлөрүндөгү же Пакистандагы исламды.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык иликтөө борборунун Теологиялык изилдөө борборунун жетекчиси Данияр Мурадиловдун пикиринде, мамлекет диний коопсуздукту сакташ үчүн экстремисттик багыттагы сайттарды элеп, алардын жолун бууп турса жакшы болмок:

- Азыр Кыргызстанда көптөгөн түрдүү диний сайттар ачылып атат. Алардын арасында экстремисттик, террорчулук багыттагы сайттар, интернет баракчалары да бар. Ошолордун ичинен кооптууларын элеп тургандай атайын көзөмөл болуш керек эле. Бул диний маалыматтык коопсуздукту сакташ үчүн керек. Муну мамлекетпи же муфтиятпы, эки жак келишип туруп колго алыш керек. Антпесе бул уланып кете берет дагы акырында чоң коркунучка алып келиши мүмкүн.

Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов “Азаттыкктын” суроолоруна жооп берип жатып, ушул тапта муфтияттын өздүк сайтын ишке киргизүү маселеси көтөрүлүп жатканын, бул маселе жакынкы арада чечилип каларын билдирди.

- Бис-миллаа-хи рахмаа-ни рахиим. Биз жанагы адистердин пикирлерине кошулабыз. Өзүбүз деле ушуларды ойлоп жүргөнбүз. Кыргыз тилинде бир сайт ачып, ошол жерге биздин диний башкармалыктын маалыматтарын, дегеле исламга байланыштуу бардык суроолорго өз жоопторубузду билдирип турасак деген ойлор бар. Бирок азырынча бул ишке аша элек. Мен өзүбүздүн тиешелүү адистерге муну айткан. Кудай буюрса бул ишке ашып калыш керек. Андан тышкары, элдин диний кыргызча китептерге талабы бар. Ошону көбөйтүүгө басым жасап атабыз. Ошондой эле биз “Ислам маданияты” деген гезит чыгарып атабыз. Толук бойдон кыргызча дин жаатындагы маалыматтарды ошол гезитке чыгарып атабыз.

Адистердин пикиринде, диний экстремисттик маалыматтардын жайылышына коомчулуктун дин жаатындагы маалыматынын төмөндүгү себепчи болууда. Андыктан муфтияттын өз сайты ачылса, кыргызстандыктар башкы ырасмий булак катары анын маалыматтарын пайдаланышмак.

Андан тышкары “Дин, укук жана саясат” аналитикалык иликтөө борборунун билдиргени боюнча, карапайым элди эле эмес тартип сактоо кызматкерлерин да бул багытта окутуу керек болуп турат. Анткени айрым милиция кызматкерлери диний экстремизм маселесин жакшы түшүнбөгөндүктөн тынч мусулмандарга да тийишкен учурлары кездешет. Ошол себептүү борбор ушул тапта милиция кызматкерлери үчүн атайын окуулук даярдап жатат.

XS
SM
MD
LG