Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Астанада “казак-кыргыз бир тууган” аттуу акция өттү


“Абырой” жаштар кыймылынын төрагасы Азамат Жетписбаев
“Абырой” жаштар кыймылынын төрагасы Азамат Жетписбаев

Казакстандык жаштардын “Абырой” деп аталган кыймылы 18-майда Астанада, өкмөт үйүнүн алдында флэш-моб акциясын өткөрүп, казак өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө кыргыз-казак чек арасын ачууга чакырган катты жана Кыргызстанда өскөн алмадан бир даанадан тапшырууга жетишти. Бул акция тууралуу аталган кыймылдын төрагасы Азамат Жетписбаев “Азаттыкка” маек курду.

Азамат Жетписбаев: Бүгүн биз биздин өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрдүк. Акциянын максаты - Казакстан менен Кыргызстандын чек арасын ачуу. Буга негизги себепкер болуп биздин бажынын атынан, Кыргызстандын «Ак шумкар», «Адилет» саясий партияларынан жана башка да жаштар уюмдарынын атынан кайрылуу келген. Булар казак-кыргыз чек арасын ачууну өтүнүп атат.

Акциябызда биз ар бир министрге өзүбүздүн жазган катыбызды бердик. Бирок бардыгына жеткирүүгө бизде мүмкүнчүлүк болгон жок. Эми алар биздин катыбызды карап, бир чечим чыгарат деген ойдобуз.

Азыркы кезде Кыргызстанда болуп жаткан акыбал, саясий жагдайды баарыбыз байкап отурабыз. Жалпы кыргыз мамлекетиндеги, Казакстандагы соодалык карым-катнаш, көп жумуштар токтоп калды. Кыргыз калкы бизге келип соода жасап жүргөн, башка да жумуш аткарып жүргөн азаматтарга кыйын болду. Ошол себептен биз ушундай акцияны бүгүн өткөрүп атабыз.

Азыркы кыйын жагдайда Кыргызстанга Казакстан көмөк көрсөтүшү керек. Акцияны «казак-кыргыз бир тууган» деген принципке негизденүү менен өткөрдүк.

- Азамат, сиз Казакстанда чек ара жабылганына байланыштуу азайып бараткан кыргыз алмасын да министрлерге сунабыз деп маалымдаган элеңиз,. Ошону сундуңуздарбы?

Азамат Жетписбаев: Флэш-моб акция иретинде ар бир министрге бирден алма сундук. Анын негизги маңызы - алманын азыркы жана мурунку баасын айырмалап көргөзүү. Биз алманы мисал иретинде гана көрсөттүк.

- Жалпысынан канча министрге кат тапшырууга үлгүрдүңүздөр?

Азамат Жетписбаев: 4 министрге тапшырдык.

- Казакстанда чек ара жабылгандыгына байланыштуу товар, азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетти деген маалымат канчалык чындык?

Азамат Жетписбаев: Жабылгандан бери бизде Кыргызстандан жеңил өнөр жай, кийим-кече болсун, азык-түлүк жагынан да товар келчү. Кем дегенде 20-25 пайызга азык-түлүк кымбаттаганы байкалып атат. Ушул да карым-катнаштын, чек аранын ачылуусуна негизги себептин бири.

“Азаттык”: Бул аралыкта коңшу өлкөнүн Чек ара кызматынын директору Булат Кыргызбаев "РИА Новости" жаңылыктар агенттигинин кабарчысы менен маегинде белгилегендей, кыргыз-казак чек арасы Кыргызстандагы саясий абал толугу менен турукташкандан кийин гана ачылат жана чек ара качан ачыларынын так мөөнөтүн азырынча айтуу кыйын.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG