Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Астанада 3-эл аралык диний курултай ачылды


1-июль күнү Астанада дүйнөлүк жана салттуу диндердин 3-курултайы ачылды. Жыйынды Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ачып, дүйнөдөгү бакубат жашоону азыр диалог аркылуу бекемдөө зарыл деп белгиледи. Динаятчылар курултайына Казакстанга мамлекеттик сапар менен барган Израилдин президенти Шимон Перес да барып сүйлөдү, анын сөзү маалында Ирандык делегация өкүлү сыртка чыгып кетти.

Назарбаевдин дагы бир эл аралык демилгеси

Дүйнөлүк жана салттуу диндер курултайы – казак президенти Нурсултан Назарбаевдин эл аралык чоң демилгелеринин бири, алгачкысы 2003-жылы Астанада өткөн, кийинки экөө минтип ар 3 жыл сайын уюшулуп келатат. 1-июль күнү диний курултайды ачкан сөзүндө казак президенти Нурсултан Назарбаев өз өлкөсү демилгечи болгон башка да дүйнөлүк долбоорлорго басым жасай кетти.

“Казакстан көтөргөн дагы бир маанилүү сунуштардын бири Бириккен улуттар уюму тарабынан колдоого алынып, 2010-жыл маданияттар аралык жакындашуу жылы деп жарыяланды. Андан сырткары сыймыктана белгилей кетким келет, Казакстанга алдыдагы жылдары Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна, ошондой эле Ислам конференциясы уюмуна төрагалык кылуу озуйпасы жүктөлгөн”, - деп жарыялады Назарбаев сөзүнүн башында.

Андан ары ал АКШ президенти Барак ОБаманын мусулман дүйнөсүнө кайрылып, өз ара түшүнүшүү аракетин жасаганына жогору баа берди. “Бул аракет – дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр орун ала баштаганынын белгиси”, - деп белгиледи Назарбаев.

Жай баарлашууга делегаттардын баары даяр эмес

Астанадагы диний курултайда чыгып сүйлөгөн башка динаятчы, аалымдар бир да дин зордук-зомбулук менен киши өлтүрүүнү колдобойт, жалаң жакшы иш жасап, мээрман, кеңпейил болууга үндөйт деп белгилеп жатышты. Бирок диндер аралык сабырдуулук, түшүнүүгө бул жерде чогулгандардын баары эле даяр эмес болуп чыкты. Израилдин президенти Шимон Перес Казакстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында дүйнөлүк диндер курултайынын ардактуу мейманы катары сөз алганда, залда отурган Ирандык делегациянын бир өкүлү ордунан тура калып, эшикти тарс жаап сыртка чыгып кетти. Шимон Перес Рим папасы Израилге сапарлап барарда, жөөт окумуштуулары буудайдын жаңы түрүн, 2 машактуу эмес, 4 машактуу буудай өндүрүп чыгарганын айтып мактанды. “Биз уранды байыткандан көрө буудайды байыткан туура деп эсептейбиз”, - деп кыйыта кетти аягында Израилдин президенти.

Казакстандык салафилер тобу Европада башпаанек издеп жүргөн чак


Астанадагы диний курултайга АКШ, Орусия, Түркия баш болгон 60тан ашуун өлкөнүн диний лидерлери, белгилүү динаятчылар катышууда. Алар дүйнөлүк жана салттуу диндер ортосундагы ынтымак, ырашкерлик тууралуу сөз кылып жаткан чакта Казакстанда дин эркиндиги тууралуу жаңы мыйзам долбоору жазылып, талкууланып бүтүп, Конституциялык кеңеш гана аны жактырбай токтотуп турган чак.

Укук коргоочулар ал мыйзам күчүнө кирсе, Казакстанда диний ишеним эркиндиги катуу чектелип, жүздөгөн чакан диний уюмдар кайра катоодон өтө албай ишмердигин токтотот деп эскертишкен. Астанадагы курултайга катышкан Казакстан мусулмандар диний башкармалыгынын башчысынын орун басары Мухамед Кусаин Ажы диний секталарды тыйган мыйзам мамлекет коопсуздугу үчүн өтө маанилүү, аны өкмөт айттырбай билет деп тактай кетти.

Ушу тапта Казакстандык мусулман агымы - салафилер тобу Чехия жана Словенияда башпаанек сурап, өз өлкөсүндө бийликтегилер тарабынан кысымга алынганын айтып арызданып турган чак.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG