Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Казак ишкерлери кризис айынан насыя ала албай жүдөшүүдө


Казакстанда орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүү маселеси акырындан жолго коюлуп келаткандай болгону менен соңку кездердеги дүйнөлүк экономикалык кризис ага кыйла таасирин тийгизди. Казак бийликтери экономиканын негизги кыймылдаткычы чакан жана орто ишкерлик экенин айтып келишкени менен аларга берилчү насыянын үстөгү жогору болуп жатканын айтылууда.


Казакстандык ишкерлер кризис маалында экономикалык туруктуулук үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен насыя алуу кыйынга туруп жатканын айтышууда. Ага насыянын үстөгү абдан эле жогору, мөөнөтү абдан эле кыска болуп жатканы себеп болууда дешет. Казакстандык ишкер Гүлмайрам Бакирова мындай дейт:

«Менин чакан дүр дүйнө дүкөнүм бар. Ошол бизнесимди мен ары карай өнүктүрүүнү ойлоп насыя алыш үчүн банктарга бардым. Мага ишимди ары карай жылдырыш үчүн 4 миллиондой акча керек болчу. Ал банктар мага 12 жарым пайыз менен алты айга гана беребиз дешти. Алты ай мага өтө аз. Андан ары мен баш жолдорду да караштырган элем. Бирөөлөр «тааныш аркылуу алып беребиз, бирок анын бир миллионун чөнтөгүбүзгө саласың» дешти. Алар жөн гана далдалчылар экен. Ал да мага пайдасыз. Ошонтип банктардын арасында далдалчылар жүрсө, насыялардын пайыздары абдан жогору болсо биз ишибизди өнүктүрө албайбыз. Мындай боло берсе Казакстанда ишкерлик өнүгөт деп айта албайм»,- дейт Гүлмайрам Бакирова.

Негизинен Казакстанда насыя эң оболу өндүрүшчүлөргө, экспорттоочуларга берилет. Банктар өкмөттөн 6,4 жана 8 пайыз менен алган каражатты кардарларына 12,5 пайыздан ашырбай берүүгө милдеттенишкен. Экономика илиминин доктору Фарида Исакованын айтымында, ишкерлер насыяны пайыздык үстөгү жогору болгону үчүн гана ала албай жатышкан жок. Анын башка да себептери бар:

«Биздин статистика агенттигинин маалыматына карасак орто жана чакан ишкерликте жалаң соода-сатык менен алектенгендердин саны көп. Ал эми өндүрүш жаатындагы чакан жана орто ишкерлердин саны абдан аз. Бул албетте өкүнүчтүү жагдай. Насыялык ресурстарды бөлүштүргөн кезде да ошол орто жана чакан ишкерлердин кайсы тармакта эмгектенишкенин эске алуу керек. Мисалы өндүрүш тармагында эмгектенген болсо он эки пайыз эмес алты-жети пайызга чейин түшүрсөк, анда алар мамлекетке кийин жакшы натыйжаларды бермек. Ал эми соода-сатыкта жүргөндөрдү ушундай кылып колдоонун кереги деле жок»,- дейт Фарида Исакова.

Өндүрүшчүлөр өз кезегинде банктан алган насыянын мөөнөтү өтө кыска болуп атканын айтышууда. Ал эми адистердин баамында насыянын мөөнөтүн узартуу банктар үчүн өтө чоң тобокелчилик болуп саналат.

Ошентип Казакстан чакан жана орто ишкерликти колдоо үчүн чараларды көрүп атканы, ал үчүн мамлекеттен да атайын каражат бөлүнгөнү менен аны ишке ашыруунун механизмдери чала болуп жатканы айтылууда. Ушул тапта Казакстанда ишкерликти колдоо үчүн казынадан бөлүнгөн 117 миллиард теңгенин 26 пайызы гана кардарларга жетип, насыя түрүндө берилген.

XS
SM
MD
LG