Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Казакстандагы кыргыздар референдумду колдошот


24-июнда Алматы калаасында кыргызстандыктар чогулуп, 27-июндагы референдумду колдоо иретинде акция өткөрүштү. Анын жүрүшүндө референдумга активдүү катышуу жөнүндө үндөө сөздөр сүйлөндү. Бул иш чараны уюштуруп жаткан Кыргызстандын Алматыдагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Улан Момуналиев Казакстандагы кыргыздардын референдумга карата ой-пикирлери жөнүндө айтып берди.

- Алматыда кечээ кыргыздар чогулуп 27-июндагы референдумду колдоо иретинде акция өткөрүшкөнү маалымдалууда. Ошол иш чарага токтоло кетсеңиз?

Улан Момуналиев: Ооба, кечээ 24-июнда Алматы шаарында 200гө жакын кыргыздар чогулуп, 7-апрелде шейит кеткен жана 10-11-июнда Ош жана Жалал-Абад аймагындагы өтүп кеткен кыргызстандык жарандарга куран окуттук. Ар кандай адамдар келди, окумуштуулар, укук коргоо системасында иштеген адамдар, банк системасында иштеген жаштар, базарда отурган кишилер да болду.

Чогулган кыргыздардын арасында жакшы сөздөр айтылды, тополоң окуяларда өтүп кеткен кыргыз жарандарынын 7 жаштан 14 жашка чейинки 50 же 100 баласын акчанын чогулушуна жараша Ысык-Көлгө алып барып, эс алдырып, реабилитация өткөрүп, жардам берели деп чечтик.

Андан сырткары бул иш чарада 27-июнда боло турган элдик референдумду колдоо боюнча дагы жакшы сөздөр айтылды. Алматы шаарындагы бардык кыргыздар бири-бирибизге айтып, үндөп, 27-июнда сөзсүз түрдө референдумга барып катышып өзүбүздүн добушубузду бере турган болуп атабыз.

- Казакстанда референдумду өткөрүү боюнча комиссия кандай иштеп жатат, даярдык кандай, эмне мүчүлүштүктөр бар?

Улан Момуналиев: Алматы шаарындагы комиссия менин оюмча жакшы эле иштеп атат. Комиссия 3-4 жерде боло турган болду. Башкы консулдукта уюштурулуп, бардык бюллетендер алынып, такталып, урналар даярдалды. Андан сырткары барахолка деп коебуз, ошол чоң базарда биздин абдан көп кишилерибиз бар, ошол жерде жана «Алтын ордодо», баардыгы төрт жерде боло турган болду добуш берүү.

- Ал эми Орусиядагы мекендештер менен байланыштыңызбы, ал жакта эмне деген ойдо болуп жатышат?

Улан Момуналиев: Биз Алматыдагы кыргыздар Орусияда болобу, башка чет өлкөдө болобу кыргыздар менен байланышып жатабыз, телефон, Интернет аркылуу сүйлөшөбүз. Алардын ой-пикирин сураштырсак, алар да 27-июнда өтө турган референдумду колдой турган болуп атышат. Биз баарыбыз сөзсүз түрдө барып өз добушубузду берип, тезирээк Кыргызстан укуктук талаага өтүп, өз ишин жүргүзө баштаса деген тилектебиз.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG