Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:18

Былтыркыдан газ көлөмү аз, баасы арзаныраак


Өзбекстандан сатып алынчу газ баасы канча болору өткөн жылдын аягынан келаткан табышмактуу сыр болчу. Жаңы жылга удаа европалык мунай, газ биржасында коюлган баанын негизинде газ боюнча жаңы келишим түзүлөрү гана кабарланып келген.

А бирок биржа баасын күтүп отурбай эле эки апталык эс алуудан кийин жумушка чыккан Кыргызстандын өкмөт башчысы газ баасы 220 доллардан экенин жарыя кылды.

Быйылкы жылга Кыргызстан Өзбекстандан 250 миллион кубометр газ сатып алууга куштар экени эми ачыкка чыгууда. Өткөн жылга 650 миллион кубометр газ сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бир жылдын ичинде кымбатбаа газды колдонуучулар катарынын антип суйдаң тартып кетишине ири өнөр жай ишканалардын энергиянын башка түрлөрүнө мажбур өтүшү себепкер болууда.

Ал эми быйылкы жылга Өзбекстан газын Кыргызстанга миң кубометрин 220 доллардан сатары келишим негизинде ырастала элек. “Кыргызгаз” акционердик коомунун пресс-катчысы Айзада Тойгонбаеванын айтуусунда, газ боюнча жаңы келишимге кийин кол коюлат.

- Европадагы биржадагы сооданын жыйынтыгы боюнча өзүнүн баасын жиберишет. Ал эсептөөнүн дүйнөлүк формуласы делинет. Анан кийин сүйлөшүүлөргө чакырышат да, биздикилер барып кол коюшат.

Өкмөт башчы Д.Үсөнов жыл башындагы эки апталык эс алуудан кийин президент алдында Өзбекстан газын быйыл 220 доллардан сатып ала турушкандыктарын билдирүүсүнө улай айрым маалымдо каражаттары расмий Ташкен “көгүлтүр отунун” Тажикстан, Казакстан, Орусияга 230 долларга кымбат сатарын жарыялап жиберишти. Кол коюла элек келишимди күтпөстөн эле өкмөт башчы Д.Үсөновдун газ баасын так айтып олтурганына караганда, кыязы, соода өткөн жылдын аягындагы Ташкендеги өкмөттүк сүйлөшүүлөрдө эле такталып калган окшойт.

10 долларга арзан газ баасынын артында Өзбекстандын социализм заманында курулуп калган Көл боюндагы пансионаттары, чек ара сүйлөшүүлөрүн ыкчамдатуу, “Камбарата –1” ГЭС курулушун эларалык экспертизадан өткөрүүгө Кыргызстанды милдеткер кылуусу турат.

Кыргызстан үчүн кымбатбаа газга илеше дагы бир проблеманын башы чыгууда. Өткөн жылы деле ушундай эле өлчөмдөгү газ сатылып алынып, анын 25% уурдалып, жоготуулар эсебине кеткен. Кыргызстандын энергетика министри Илияс Давыдов эскилиги жеткен жабдуулардын айынан техникалык жоготуулар деле кыйла экенин айтат.

- Бирок да нормативден тыш жоготуулар аябай көп бойдон калууда. 25% өтөле көп. Айрым газ чарбасындагы жоготуулар 25% да жогору.

Өзбекстандан узун жолду басып, чоң куур менен агылып келген кымбатбаа “көгүлтүр отундун” орто жолдон уурдалып кетишине түшүнө албастыгын өкмөт башчы Данияр Үсөнов деле жашырбайт.

- Элге түшүндүргөндү мындай кой, мен түшүнө албай отурам. Биз долларга Өзбекстандан газ сатып алабыз. “Кыргызгаздын” карызы 600 миллионго жетип калды. Газын сатып атабы, сатып атат. Анан кайдагы 600 миллиондук карыз? Ал кантип сатып алынган газды сатып 15 миллион доллар карыз болуп калат? Сатып алган баасынан арзан сатпайт го.

Азырынча өкмөт башчы түшүнө албай отурган суроого жооп табыла элек. Өткөн жылы “Кыргызгаздын” Өзбекстанга карызы өкмөттүк кредиттин эсебинен жабылган. Быйыл деле былтыркы өнөкөт кайталанбайт, деп айтыш кыйын.

XS
SM
MD
LG