Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Өзбек газы “евротопу” киймей болду


Электрондук маалымат булактары эмнелер тууралуу жазышууда?

Бүгүн православ хиристиандарынын майрамы. Элдик майрамы менен Кыргызстадын хиристиандарын кыргыз президенти Курманбек Бакиев куттуктаганын электрондук маалымат каражаттары кабарлап чыкты.

Өлкөбүздө салтка айланып калган бул майрамы менен православ хиристиандарын жана ушул диний ишенимди тутунгандардын баарын “Азаттык” үналгысынын жамаатынын атынан да биз да куттуктап кетмекчибиз.

Өзбекстан 2010-жыл үчүн газды Кыргызстанга европалык баа менен сатканы калганын “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянуу менен “Фергана. Ру” маалымат агенттиги кабарлады. Өткөн жылы Кыргызстан өзбек газынын миң кубометрин 240 доллардан алса, 2008-жылы 145 доллардан, андан мурунку жылы болгону 55 доллардан сатып алып турган.

2009-жылдын аягында өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Ташкенге барып кайткан иш сапарында газ боюнча принципиалдуу сүйлөшүүлөргө жетишилгенин, бирок газдын быйылкы баасы канча болорун ачык айтпай, анын арзан болоруна үмүт бар экенин жар салган. Өзбек газ баасынын төмөн болорун мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов да тастыктаган.

Көрсө Данияр Үсөновдун элге айтканы жөн эле жел сөз экендиги эми билинүүдө. Ырасмий Ташкен Кыргызстан менен мамилеси кандай экендигин газ аркылуу дагы бир ирет көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Газ баасын Бишкек менен Дүйшөмбү үчүн европалык баа менен саткысы келгенинин негизги себеби эле, Кыргызстан менен Тажикстан өз ГЭСтерин куруп жаткандыгы болууда. Кыргыз менен тажиктердин мындай аракети өзбектердин итиркейин келтирүүдө.

Кыргызстан кышы бою суу сактагычына толтурган суусун жайкы сугат маалында өз билгениндей көзөмөлгө аларына ичи күйгөн Ташкен акыры Данияр Үсөновду макул болууга мажбурлап, Дүйнөлүк Банктын көзөмөлү астында Камбар-Ата-1 ГЭСин эл аралык экспертизадан өткөртө турган болду.

Бирдеме болсо эле газын жандырып тура калган Өзбекстан өткөн жылдын сентябрь айында Кыргызстандын түштүгүнө берчү газды 30 пайызга кыскартып салганы белгилүү.

“Анткен менен Ташкендин бул өңдүү жүрүм-туруму барып келип эле өзүнө зыян алып келүүдө. Кыргызстан ири жана кичи ГЭСтерин куруу менен өлкөсүн Ташкендин энергетикалык чынжырынан акырындык менен бошотуп бара жатат” деп жазат аталган маалымат агенттиги.

“Иносмикс ком” маалымат булагынын билдирүүсүнө шилтеме кылган “Zamandash press” маалымат агенттиги Кыргызстан канча жылдан бери карай казак буудайын сатып алууга мажбур болуп келаткандыгын талдоого алган макалага орун берди. Кыргызстандын калкынын 40 пайызы жакырчылыктын чегинен да төмөн жашагандыктан анын баккан-көргөн тамагы жалгыз нан. Эми ал да кымбаттаганы турат. Кыргызстан иш жүзүндө буудай менен өзүн-өзү камсыз кылып эле тим болбостон, ашыгын тышка экспорттоого кудурети жетет. Бирок түпкүлүгүн эмес күнүмдүгүн ойлогон өлкө утурумдук пайдага азгырылып, кыска мөөнөттө жыйнап алып, орус шаарларынын базарына сатып киреше табуу максатын кубалап алып, жалгыз гана жер-жемиштерди өндүрүүгө артыкчылык берип келе жатат. Бирок дүйнө өзгөрүп, Жер шарында барган сайын буудайга таңсыктык күчөөдө. Ошондуктан качан болсо эле коңшу казактардын кырманын карап жалдырай бербестен, Кыргызстанга өз буудайын өстүрүп-өндүрүү жөнүндө ойлонууга да убакыт келди деген ой айтылат макалада.

“Кабар” маалымат агенттиги журналист Садырбек Чекировдун “Оппозиция өзүн реформалоону ойлонобу?” аттуу макаласын тартуулады. Автор кыргыз оппозициясынын бейнесин тартууга аракет жасайт. Саясый күрөштү цивилизациялуу жүргүзгөнгө жөндөмү бар бир катар саясатчылары бар экендигине карабастан кыргыз оппозициясы акыры өз алсыздыгынын туткунунда калганын сөз кылат. Журналист Садырбек Чекиров Кыргызстанга бүгүнкүдөй оппозициянын кереги жок деген бүтүмгө келет. Оппозицияга эл тоюп бүткөнүн, ал өзүнүн тарыхый вазыйпасынын өтөлүнө чыкканын, кечээ Акаевге, бүгүн Бакиевге каршы болгон оппозиция менен анын лидерлери көп жагынан “Акыркы самурай” кинофильминин каармандарына окшоп кетерин баяндайт автор.

“Борбор Азия интернетте” деп аталган сайт “Борбор Азия өлкөлөрүндө көп сандаган исламчылар узак мөөнөткө соттолууда” деген макала жарыялап, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү сабырдуу, зордук-зомбулукка ыктабаган исламчылар менен исламдын ашынган албуут кыймылдарын айырмалай албай калгандыгын сынга алган. Макалада тээ бир кездери революционер - коммунисттер түрмөлөрдү “революциянын бешиги” деп эсептегендей, бүгүн Борбор Азиянын албуут исламчылары да түрмөдөгүлөрдү өз максаттарына пайдалана турган жай катары санай баштады деп жазат.

Мындан ары карай бул жагдай улана берсе түрмөлөрдү бара-бара криминалдык элементтер эмес, албуут исламчылар бийлеп калат. Бара-бара темир тор артында пайда болгон мындай бийлик тор артында эле кала бербестен сыртка чыгат. Бардык жерде жайнап-гүлдөгөн коррупциянын айынан жана айлык акысынын аздыгынын айынан түрмө кызматкерлери түрмөчүлөрдүн айткан-дегендеринен чыкпай, аларды тышкы дүйнө менен тынбай байланыштырып турган “чабарманга” айланат. Ошентип албуут исламчылар ушу тапта түрмөлөрдү Борбор Азия аймагына ислам мамлекетин орнотууга багытталган саясый стратегиясын ишке ашыра турган жай катары пайдаланууда деген ой менен аяктайт макала.
XS
SM
MD
LG