“Общественный рейтинг” гезитинин бүгүнкү санына израилдик көз карандысыз саясат иликтөөчү Михаил Нов “Согуш заказ кылдыңар беле?” деген макаласын жарыялады. Автор макаласында “Ушул тапта, бардык тарабын байкап-баамдаганда Борбор Азия чөлкөмүндө АКШ жана Өзбекстан аттуу жаңы альянс түзүлө баштады, Вашингтон ырасмий Ташкенттин көңүл көмөгү аркылуу бир эле маалда бир ок менен эки коенду атып өлтүргүсү же Борбор Азияга биротоло көзөмөлдүк кылгысы жана “Манастагы” авиабазаны сүрүп чыгаргандыгы үчүн Кыргызстанды жазалагысы келип жатат” деп жазды. “Мындай альянс үчүн өзбек тарап жан деп макул. Анткени 71 жаштагы Ислам Каримов үчүн өлкөнү анын “самаркандык кланы” башкара бергени аябагандай маанилүү. Өзбекстанда Каримовдун “самаркандык кланына” каршы “ферганалык” жана “ташкендик кландар” бар. Бирок алар алсыз.
Өзбек-кыргыз алакасына серп салган израилдик саясат иликтөөчүнүн бааамында “кыргыз гидроэлектрстанциялары Өзбекстандын айыл-чарбасына зыян келтирет экен” деген жомоктун эл ичиндеги күүсү тарап жок болду. Кыргызстандын ГЭСтери Каримовдордун үйбүлөсүнүн гана жеке “баш оорусу”. Бул жагдай муну менен түшүндүрүлөт. Өзбекстандагы газдын кору түгөнүү чегине баратат. Газ - Өзбекстандын өзөгү, негизги кирешеси. Кыргызстандын ГЭСтери ири алды менен дал ошол өзбектердин газэксперттөө соодасын тизеге чабат, “биринчи үйбүлөнүн” чөнтөгүн кагат, кешигин кедейтет. Эгер Кыргызстан ГЭСтерин куруп алса, анын өзбек тарап менен чындап эсептешчү сааты келет. Ырасмий Ташкендин жүрөгү ушундан улам түшүүдө. Ал эми ортодогу “суу талаш” жөн эле Жерде туруп Айга жашынам дегендей бир кеп.
Андан ары Михаил Нов “Өзбекстандагы террорчулук Борбор Азиянын тең салмагын буза алабы?” деп суроо коюп: “Мунун баары Өзбекстандын кадамына жараша болот, анткени Ханабад менен Анжыяндагы окуялардан кийин деле Каримов Бразилияга бараткан ырасмий сапарынан баш тарткан жок, анын ушундай кылганы, балким ал өз өлкөсүндө терракт болорун күн мурунтан билгенби дегендей түкшүмөл ойлорго да түртпөй койбойт” деп жазды. “Самаркан кланын” сактоо максатында Өзбекстан Кыргызстанга кол салуу, аны менен иштеп жаткан жана курулуп жаткан ГЭСтерди басып алуу үчүн шылтоого шынаа керек. Бирок баарыдан мурда ал террорчулукту чын эле Кыргызстан экспорттоп жатабы же бул “самаркандан саман учту” деген куру сөзбү, ушуну аныктоо зарыл” дейт Михаил Нов.
Ушул эле гезит баш макаласынын атын “Курманбек Бакиевдин парламенттик партиясы же президент Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга бара алабы?” деп атап, шайлоодон кийинки жагдайлардын жадыбалын жандыргысы келген. Эгер шайлоодо президент жеңип чыкса, оппозиция митинг, жол тосмой ж.б. нааразылык акцияларын кайра баштары турган иш. Ызы-чуу, башаламандык күчөйт. Буга электрэнергиянын кымбатташы, бюджеттин тартыштыгы, баалардын асмандашы кошул-ташыл болот да, президент ызы-чуунун оозун басуу үчүн “өз парламентин” садага чабат. Гезит андан ары дагы үч божомолун ортого таштап, “балким шайлоодон кийин Акүй шайлоочуларын дагы бир жолу жаналакетке салгысы келбейт, анткени кандай болгон күндө дагы парламент өзүнүкү, кокус шайлоо болуп калса кандай депутаттар келерин ким билет? Анын үстүнө күз кышка таяп келаткан кезде мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү да опурталдуу. Кокус эле оппозиция бирдеме кылып жибербесе, азыркы парламенттин дагы жашай турганга шаасы бар” деп баяндады.
“Өзбек кошуналар эч кандай келишимдерди, эларалык нормаларды кыгына сайган куурайча көрбөй чегараны бир тараптуу жылдырып, казып, бекитип, кыргыз жарандарын ит аткандай атып кетип атса да “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” болуп же коопсуздук кеңеш катчысынын үнү угулбайт, же башкасы лам деп койбойт. “Ыштаныбыздын жарымын кесип кетсе деле эч нерсе эмес, шорта кылып кийе беребиз” дегендей абалга жетти кыргыз мамлекети” деп айтты бүгүн жарыкка чыккан “Айат пресс” гезити аркылуу журналист Жыргалбек Касаболотов.
Кыргызстандын саясый куугунтукка каршы күрөшүү комитетинин башчысы Топчубек Тургуналиевдин маеги “Акүйгө шылуун, шүмшүк, шумпайларды толтурду” деп аталат. Т. Тургуналиев маегинде “ ... элдик революциянын чаарбаштарын бийликтен кетирип, саткын Акаевчилер, шылуун, шумпай, шүмшүктөр менен мамкызматты шыкап толтурду, саясый брутизм жолуна түштү. Ногой, Шыгай, Манас аталарыбыздан бери миңдеген жылдар бою Мекен үчүн канын селдей агызып, ыйык сактап келген жерлерди туш тарапка Акаев да, Бакиев да таркатты” деп күнөөлөдү.
Ушул эле санда саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоевдин “Биздин таяныч – жаңы күчтөр” деп аталат. Жыргалбек мырза макаласында бийликте турган аткаминерлердин тигил же бул жагдайларда элге сүйлөп жиберген ороскел сөздөрүн далилге тартып: “Азыркы кадр саясатынын маңызы, табияты боюнча чоң кызмат – бул коммерциялык көрүнүш, тактап айтканда пайда, киреше табуунун, чөнтөктү толтуруунун чоң акыры. Ал эми чоң акырдагы “жем-чөптү” кемитпей толтуруп турган сыйкырдуу булак – коррупция. Жакында эле республиканын баш прокурору бийликте турган жетекчилерди укуктук жоопкерчиликке тартуу оор экенин коомчулук алдында мойнуна алды. Демек бул көрүнүштөр президенттин командасынын терең кризиске дуушарланганын ачык-айкын күбөлөндүрүп турат” деген оюн билдирди.
“Жаңырык апта” гезитиндеги Алым Токтомушевдин “Жолбүгүнүндө” да кадр маселесине басым жасалган. “Кыргыздар эч нерсе ойлоп чыгаралбайт. Туурамчы, белимчи келет. Ошолорду туурап Усубалиевди уюткан, Акаевди ыйыкташтырган, эми Бакиевдин таштандысынан шоколад жасап жатат” дейт белгилүү публицист. Андан ары ал: “Москва менен Германиядан башкага барбаган президент Бакиев эми 6 обулусту аралап, республиканын экономикалык жетишкендиктерин даңазалап жүрөт. Ремонттон өткөн бала бакчадан баштап, жаңы курулган бирин-экин мектепке чейинкилердин ленталарын кесүүдө” деп белгилейт.
Автор шайлоо туралуу баяндап “Колунда барлар жай чилдеде дээрлик эс алууда болот. Колунда жоктор кошомат үчүн азыркы бийликке, демек Бакиевге добуш берет. Анын үстүнө биздин жарды калкты сатып алуу эң арзан. Сатыла берет акчага да, аракка да... Алтургай жолду оңдоп берем деген “жоон” убадага сатылат. Жол оңдоо мамлекеттин иши экендигин, анүчүн өз чөнтөгүнөн кабат-кабат салык төлөп атканы менен иши жок. ... ошентип оппозицияга караганда азыркы бийлик табы шайлоо кампаниясына шайдоо киришти” деп баа берди.
Гезит жаңы санына саясат иликтөөчү Нур Омаровдун “Бакиев кайра шайланса В. Путиндин жолоюн жолдойт” деген интервьюсун сунуш кылды. Н. Омаров азыр оппозициянын кыйналып атканын, акчанын жетишсиздиги аны бир топ аксатып салганын, калктын айрым бөлүгү да чарчап бүткөнүн айта келип “Эгерде кайрадан президент К. Бакиев болсо акыркы үч жылда эмнелер болсо ошолор кайталанат. В. Путиндин жолоюн жолдоп бийлигин өз чөйрөсүндөгү бирөөгө өткөрүп берет же биротоло тууган-туушкандарына өткөрөт” деп белгиледи. Саясат иликтөөчү ошондой эле бул шайлоодо оппозициянын утууга мүмкүндүгү жоктугун, кийинки убакта ал жакшы аракеттерди кылалбай калганын айтты. Андан ары ал айлык, пенсиянын көбөйтүлүп атышы шайлоо алдындагы убадалар, ооздун көбүгү экендигин, аларды көбөйткөн менен бир аз убакыттан кийин кайрадан мурдагы таз кейпибизге түшөрүбүздү кошумчалады.