Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Коопсуздук Кеңеши: кемчилик көп, бирок жооп берген эч ким жок


Ош жана Жалал-Абаддагы этникалык араздашууга алып келген кагылышуунун алдын алууда жана тополоңду уюштурду деп шектелген адамдарды кармоодо Кыргызстандын күч түзүмдөрү алсыздыгын көргөзүштү. Коопсуздук Кеңешинин жаңы курамынын олтуруму май-июнь окуяларынын кесепеттерин кароо учурунда ушундай баасын берди.

Коопсуздук Кеңешинин жыйналышын ачып жатып президент Роза Отунбаева кандуу кагылышууларга алып келген окуялардын алдын-алууда жана анын кесепеттерин жоюудагы тиешелүү бийлик органдарынын ролуна баа бериле тургандыгын эскертти. Ошондой эле Президент кандуу коогалаңды болтурбоо аракеттериндеги кетирилген кемчиликтерден жана андагы өксүктөрдөн сабак алуунун зарылдыгын баса белгиледи:

- Айыпты өз мойнуңуздарга алыңыздар. “Мына ошол окуяларда чара көрө албай калдык. Атайын иштерди жүргүзүшүбүз керек эле” дегендей. Ошондой эле мына борбордук бийликке айта турган сөзүңүздөрдү айтыңыздар. Бул эми кетирилген кемчилдиктерди моюнга алуу жана аларды мындан ары карай болтурбоо катары. Анткени биз сиздер менен мына ушундай коогалаң мезгилде жашап жатабыз.

Президент Кыргызстан 7-апрелден бери караөзгөй күчтөрдүн тынчтыкты бүлдүрүүгө аракет жасаган бир нече чабуулун баштан кечиргендигин белгиледи. Мына ушундай аракеттерге карата көрүлө турган коопсуздук чараларына байланышкан маалыматтар талкууга алына тургандыгы айтылып, жыйналыштын негизги бөлүгү жабык өтө тургандыгын жарыялады.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев кандуу окуялардын себептерине, кесепеттерине жана мындан аркы коопсуздук чараларына байланышкан маселелер талкууга алынгандыгын билдирди:

-Эмне үчүн ушундай кырсыктар болуп кетти. Алардын кесепеттерин кантип жоюушубуз керек. Алдыдагы парламенттик шайлоону кантип өткөрөбүз. Коопсуздук чараларын кандайча бекемдейбиз. Канткенде натыйжалуу иштерди жасаш керек жана анын алгачкы кадамдары кандай болушу зарыл, кандай тапшырмаларды алдыга коюш максатка ылайыктуу деген сыяктуу суроолорго басым жасалды.

Президент Роза Отунбаева олтурумдун башында жоопкерчилик маселесин көтөргөнү менен Коопсуздук Кеңеши кайсы бир жетекчилерди кызматынан алуу жөнүндө боюнча маселени караган жок. Буга чейин коогалаңдан кайтыш болгондордун жакындары улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын жетекчилерин кызматтан алуу талабы менен мамлекет башчысына кайрылышкан болчу. Бирок коопсуздук кеңешине чогулган айрым жетекчилердин кемчиликти моюнга алышканы менен жоопкерчиликти алып, кызматтынан чегинейин деген ойлору байкалган жок.

- Биринчи жетекчилердин ээлеген ордуна шайкештиги боюнча сөз болгон жок. Бирок алардын кол астында иштеп жүрүп мыйзам бузган кызматкерлерге карата колдонулган чаралар тууралуу баяндамалар болду. Жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан бул боюнча мындан мурда эле ар кандай арыз-даттануулар түшкөн болчу. Ош жана Жалал-Абаддагы күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айрым тартип бузган кызматкерлерин иштен айдоого чейин чаралар көрүлгөндүгү айтылды, - деди Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев.

Коопсуздук Кеңешине укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн башчыларынан сырткары облустардын губернаторлору, айрым район акимдери жана коменданттар катышып олтурушту.

“Айкөл Эл” саясий партиясынын төрагасы Эдил Байсалов кандын төгүлүшүнө жол берген жетекчилердин кызмат орундарында калгандыгын абийирсиздик катары айыптады:

- Бул кандуу окуялар табийгый кырсык болбогондон кийин аны алдын алып, болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк бар эле. Анткени бул күтүүсүз болгон окуя эмес болчу. Оштогу жана Жалал-Абаддагы коркунучтуу жагдайлар май айында эле каршылашуунун, чагымчылдыктын уюмдашкан аракеттери байкалып калган болчу. Ошондуктан улуттук коопсуздук кызматтынын жетекчиси К. Дүйшөбаев, ошол учурдагы ички иштер министри Болот Шер, Ош шаарынын мэри М. Мырзакматов жана башка тиешелүү жетекчилер жок дегенде өздөрүнүн моралдык жоопкерчилигин сезиши керек эле.

Бул жыйналыш Коопсуздук Кеңешинин өткөн жылы жоюлуп кетип, быйыл кайра түзүлгөндөн берки жаңы курамдагы алгачкы олтуруму болду. Талдоочулардын айтымында, олтурумда кеңири талкуулар орун алганы менен кандуу окуялардын алдын алуудагы кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө баа берилбей калды.


Ош: азаптуу жана армандуу күндөр

Ош: азаптуу жана армандуу күндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00

XS
SM
MD
LG