Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:18

Чек арадагы кырдаал кандай?


Оштогу кыргыз-өзбек чек арасы
Оштогу кыргыз-өзбек чек арасы

Азыр эл арасында кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинде кырдаал курч деген имиш маалымат пайда болду. Анын чын-төгүнүн чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбековдун өзүнөн тактадык.

- «Достук» чек арасында абал кандай? Ал жерде кыргыз чек арачылары жок деген маалыматты эл аралык ММКлар берип жатат. Чек арачылар деги барбы?

- Чек арачылар бар. Силер айтып аткан маалымат туура эмес. Ал жерде биздин атайын өткөрүү пункт курамыбыз бар, эртеден бери иштеп атышат. Буга чейин дагы иштешкен. Эмне үчүн андай маалымат болуп атканына мен өзүм таң калып атам.

- Кыргыз-тажик чек арасында жер басып алуу аракети болду деген маалымат болду. Алар кимдер, алар кармалдыбы?

- Бул окуя мурдагы күнү болгон. Баткен чек ара отрядынын аймагында Көк-Таш чек ара заставасынын жанында Миң-Булак деген жер бар, ошол жерге Тажикстандын жарандары келип, делимитация боло элек жерди басып алалы деген ниет кылышкан. Ал жерде Баткен чек ара отрядынын зардалы барып атайын түшүнүк иштерин жүргүзгөндөн кийин тажиктер өздөрүнүн аймагына кайтып кетишкен. Бул окуя ошону менен бүттү.

- Өзбекстандагы Барак анклавынан кыргыздар качып чыгышты деген маалымат пайда болду. Алар кайда жайгашышты, чек арачылар кандай бул маселени жөнгө салып жатат?

- 14-июнда Барак анклавынан 141 бала, 46 аял, 16 эркек, 16 автоунаа чыгып келген Кыргызстанга. Чек аранын жанында Ак-Таш айыл өкмөтү бар, Барак ошол айыл өкмөтүнө тиешелүү. Ошондон кийин байланыш токтогон Барак анклавы менен. Айта кетүүчү нерсе, Барак анклавында бүгүнкү күндө 1500 Кыргызстандын атуулу жашап турушат. Өтүп кеткен адамдарыбыз Ак-Таш айылына жайгашты, андан кийин бизде проблема болду. Мурда күнү атайын Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара башчыларынын жолугушуусу болду. Ошондо келишим болуп, азыркы күндө проблема жок, коридор ачык. Айыл башчысы менен мен телефон аркылуу сүйлөшкөм.

Бир гана нерсе бар, азыр бул коридорду жакшынакай ачыш керек болуп атат. Менин түшүнүгүм боюнча ошол жакта турган Өзбекстандын чек ара наряддарына маалымат жете элек окшойт. Кудай буюрса, Өзбекстандын кол башчысынан буйрук болсо эле бул коридор ачылат. Негизинен Барак анклавы менен проблема чечилди.

XS
SM
MD
LG