Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

“Тимурчуларга” кошуласызбы?


Мурда мектептерде кары-картаңдарга жардам берген “тимурчулар” тобу болчу. “Азаттык плюс” ушул аптанын темасынын (“Карысы бардын ырысы бар”) алкагында кыргыз жаштарына: “Тимурчулар тобу түзүлдү. Сиз ага кошуласызбы?” деген суроо менен кайрылды.

Кубан: Эгерде жакшы максатты көздөгөн команда болсо, мыкты жаштарды камтыган топ болсо, мен дагы бул ишке кошулат элем. Менимче, “тимурчулар” тараптан башталган жөрөлгө уланат, себеби жаштардын көпчүлүгү жардам көрсөтүүгө даяр. Негизинен азыр студенттердин көпчүлүгү иштеп жатышат. Алардын катарында бош жүргөндөрү дагы аз эмес. Биз аларды кызыктырып, иштерин айтып, сыналгыдан көрсөтүп турсак, “тимурчулардын” катары көбөйөт.

Азамат: Мен бул демилгени туура деп ойлойм. Бирок мындай ишти жүргүзүү үчүн азыр жаштарда шарт жок. Илгери студенттерде акча бар, шарт жакшы болчу. Азыр курсагы тойбогон студенттер бирөөгө жардам көрсөтмөк тургай, өз жанын бага албай жатышат. Жаштар бул жагынан өздөрү камкордукка алынышса, мүмкүн жардам көрсөтүшмөк. “Тимурчулар” тобуна менин бош убактым болсо, кошулмакмын. Мен азыр иштейм, ошондуктан коомдук иштерге аралаша албайт окшойм. Студенттердин бир аз гана бөлүгү колдоп, карыларга жардам бериши мүмкүн.

Улус: Мен “тимурчулар” командасына кошула албайм. Окуудан дагы “тимурчуларга” деп атайын жардам көрсөтүлүп, колдоо болооруна ишенбейм. Убактым болсо туугандарга барып кол кабыш кылам. Ал эми коомдук иштерге барууга такыр убактым жок. Азыр жаштардын көпчүлүгү өзү менен өзү. Ошондуктан бул топтун ишине он жаштын бирөөсү гана катышышы мүмкүн.

Таалай: Мен “тимурчулар” командасына кошулмакмын. Бул иш көпчүлүк жаштардан колдоо таба алат деп ойлойм. Себеби улууну урматоо биздин каныбызга сиңген. Менимче, жаштардын он өкүлү болсо, алардын баары тең сөз жүзүндө колдойбуз деп айтып, иш-жүзүндө алты-жетиси гана кол кабыш кылышы мүмкүн. Азыркы кыйын учурда баары тең карылардын жумушун иштеп берет дегенден алысмын. Бирок жардам беребиз деген адамдардын саны аз эмес.

XS
SM
MD
LG