Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

К. Бакиевдин балдары менен инисине издөө жарыяланды


Качып кеткен президенттин үйү талап-тоноодон кийин
Качып кеткен президенттин үйү талап-тоноодон кийин

Президент К. Бакиевдин иниси Жаныбек Бакиевге, уулдары Марат менен Максим Бакиевге 7-апрелдеги кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголду, аларга издөө жарыяланды. Бул жөнүндө бүгүн Бишкекте баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев билдирди. 7-апрелдеги кандуу демонстрациянын курмандыктары 75 адам болду. 9-10-апрель Кыргызстанда аза күтүү күнү болуп жарыяланды.

Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтуусунда, К. Бакиев учурда Жалал-Абат облусунун Сузак районунда он чакты куралчан топтун коштоосунда улам жер которуп жүрөт.

Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келген Жаныш Бакиев куралчан жан жөкөрлөрү менен Чүй облусунда. “Эгер булар курал колдонуп, кандайдыр бир чагым жасай турган болсо, аны басууга күчүбүз жетет” деп билдирди К. Дүйшөбаев.

XS
SM
MD
LG