Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Ш. Мамыров: Милиция милдетин так аткарып жатат


Милициянын дарегине айтылып жаткан сын-дооматтарга Ички иштер министрлигинин илимий изилдөө борборунун башчысы Шамшыбек Мамыров жоп берет.

- Адегенде акыркы жаңылыктан баштасак. Жакында Бишкекте ЕККУнун колдоосу менен Ички иштер министрлиги антитеррордук борбор ачкандыгы маалымдалды. Бул уюмдун максаты эмнеде?

- Бул боюнча тактап кое турган нерсе - антитеррордук борбор деп аталган туура эмес. Ички иштер министрлигинин ички иштер аскерлеринде ОБСЕнин көмөк көрсөтүүсү менен окуу кабинети ачылды десек тагыраак болот. Мунун негизги максаты ички иштер кызматкерлеринин милдеттерин так аткаруу боюнча атайын иш чараларды өткөрүүгө, кесибин өркүндөтүүгө багытталган нерсе. Бул жерде ачылган окуу классы атайын ремонттон өтүп, окууга ылайыкталган эмерек, компьютер жана башкалар менен камсыз болду.

- Сиз бир топ жылдар бою ЕККУнун ички иштер министрлиги менен биргелешкен долбоорлорунда кызмат көрсөтүп жүрдүңүз. Ушуга байланыштуу суроом, ички иштер органдарын реформалоодо азыр негизги көңүл кайсы өңүткө бурулуп жатат?

- Мен так айта алам, албетте Ички иштер министрлигине, ички иштер органдарына кандай бир деңгээлде сын пикир болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө өзгөчө 2008-жылдан бери ички иштер органдарынын өнүгүүсү, системалуу, такталган багытта өнүгүп атат деп айтсам мен жаңылышпайм. Себеби биринчи жолу министрдин атайын буйругу менен ички иштер органдарынын 2008-10-жылдагы өнүгүү программасы бекиген. Ошондо эң негизги максаттарынын бири бул адам укугун коргоо, кесипчилик жактан өркүндөтүү, тергөөнүн сапатын жогорку деңгээлде алып барып, жалпысынан кесиптик жагын өркүндөтүү жана материалдык жактан толук камсыздоо боюнча иш аракеттер болуп атат.

- Азыр терроризмге, экстремизмге каршы күрөштүн шылтоосу менен жай адамдарга катаал чаралар көрүлүп атат, адам укуктарына олуттуу доо кетип атат деп укук коргоочулар коңгуроо кагып келатышат. Мындай дооматтардын жаралышын шарттаган жагдайларды жолуктурган сизде фактылар барбы тажрыйбаңызда?

- Мен мындай деп айтар элем, тарбиячы тарбия берүүдөн мурун өзүн тарбиялап алыш керек эле да. Ошол кандайдыр бир деңгээлде укук коргоо органдарын, ички иштер органдарын сын көз карашка алып аткан атуулдардын баарын бир нерсеге чакырар элем. Айтылып аткан, коюлуп аткан маселени так карап, ошонун тескери жагын дагы, оң жагын дагы толук изилдегенден кийин анан бир жыйынтыкка келсек болот эле.

Анан кээде кандайдыр бир деңгээлде болуп кеткен фактыларды үстүртөн карап алып эле, анан көпчүлүк учурда убагында ызы-чуу кеп болуп, кээде туура эмес нерселер айтылып атат. Мен бул жагдай боюнча 1-2 фактыларды билем, укук коргоочулар биздин ички иштер органдарын өтө жамандашкан, 2008-жылдын январь айында бир окуя болгон. Укук коргоочулар Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова эжелер жакшы билишет бир келин тууралуу. Ошондо дагы ички иштер органдарын аябай туура эмес иш кылган деп, анан ошол боюнча министрдин көзөмөлүнө коюлуп, биздин башкы тергөө башкармалыгы төрт ай иш алып барды ошол факты боюнча. Эң аягында эч нерсе далилденбей ортодо биздин кызматкерлер моралдык жактан жамандалып калды.

- Көк ала кылганга чейин кол көтөрүп запкы көрсөтүү боюнча дагы бир топ коомчулукта пикирлер айтылып, даттанып, мени көк ала кылып кармап койду деп, мисалы, Балыкчы окуясында да ошондой болгондугу жөнүндө маалыматтар айтылды. Ушул өңдүү фактылар айтылабы, расмий кайрылган учурлар барбы?

- Расмий кайрылган учурлардын баардыгын министрдин атайын коомдук кеңеши убагында так карап, баарын чечип атат. Мисалы, бизде 305-статья бар кыйноо деген, бул боюнча биздин ички иштер кызматкерлерине кылмыш болгон жок.

Иликтөө мезгилинде кандайдыр бир деңгээлде мүмкүн мыйзам бузуу болуп аткандыр, кандайдыр бир деңгээлде кармоонун убактысын бузуп аткандар болуп аткандыр. Чындыгында эле жашоо деген жашоо, беш кол тең эмес, дүйнөлүк саясат системада деле көп фактылар болуп атпайбы, мисалы теледен көрүп атасыздарбы, Францияда, Германияда, Грецияда башаламандык болгон учурда ички иштер органдарынын, полициялардын кылган аракеттерин. Мисалы Эстонияда жалгыз жатып калган аялды 7-8 полициячы келип тепкилеп атат. Бир нерсе так болгондон кийин айтыш керек да. Ички иштер кызматкерлери бүгүн кылып аткан иш аракеттерин мыйзам чегинде кылып атат.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG