Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды


Ошто күч органдары текшерүү, тинтүү операциясын жүргүзүүдө
Ошто күч органдары текшерүү, тинтүү операциясын жүргүзүүдө

Бүгүн Ош шаарында күч органдары жүргүзгөн тинтүү операциясы учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, өзбектердин маданий борборунун жетекчиси Жалалидин Салахутдиновго таандык “Ошкрастекст” ишканасынын кеңсесинен курал-жарак, ок-дарылар табылды. Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов “Азаттыкка” бул факты боюнча учурда тергөө амалдары башталып, иликтенип жатканын билдирди.

Республикалык өзбек маданий борборунун төрагасы Жалалиддин Салахутдинов курал-жарак табылган “ОшКрастекс” ишканасы анын өзүнө таандык экенин ырастап, бирок анын кеңсесине ок-дарыларды жана түрдүү курал-жактарды күч органдары атайылап таштап, чагым уюштуруп жатат деп “Азаттыккка” билдирди.

Эки күндөн бери Ош жана Жалал-Абад облустарында күч органдары шектүү жайларды текшерүү, тинтүү операциясын жүргүзүүдө. Бир күн мурда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы текшерүүнүн натыйжасында жыйырма чакты көзгө атар кармалганын, ошондой эле курал-жарактар, жардыргыч заттар, маңзаттар табылып жатканын билдирген. Оштун өзүнөн жардыргыч салынган 42 идиш табылган, ошондой эле жардыргыч заттары бар эки машина менен беш киши кармалган. Алар теракт жасоого аракет кылган деп шектелүүдө. Ош шаарында бүгүн жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө шектүү жайлардан 19 атуучу курал, башына мыктар кагылган таяктар, ок-дарылар алынды.

УКМКнын маалыматына караганда кармалган көзгө атарлардын жетөө чет элдиктер. Тергөө иштери жүрүп атканына байланыштуу укук коргоо органдары колго түшкөн көзгө атарлар кайсы мамлекеттин жарандары экендиктерин айтпай жатышат.

Укук коргоо органдары 11-13 июндагы тополоң күндөрү уюшкан топтор милиция бөлүмдөрүн, аскер бөлүктөрүн басып алып, жүздөгөн ок атуучу куралдарды тартып алышкан фактылар болгонун билдирүүдө. Азыр эми ошол куралдарды түшүндүрүү иштери менен дагы, айрым кооптуу жерлерди тазалоо-тинтүү жолдору менен кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө.

Экинчи жагынан коңшу өлкөгө өтө качкан адамдар кайра кайтып келе баштады. Кыргыз чек арачылары качкындар абдан көп болуп жаткандыктан, айрымдарын эч кандай документи жок эле өткөрүп жатышат. ВЛКСМ айылында чек ара постунда документи жок экенине карабастан качкындар өткөрүлүп жатканын бул жердеги чек ара аскерлеринин башчысы Бусурманкул Турганбаев "Кабар" агенттигине билдирген. Ошондуктан мындай көпчүлүктө учурдан пайдаланып, качкындардын кейпин кийген экстремисттик күчтөрдүн өлкөгө кирип кетиши ыктымал деген кооптонуулар айтылууда.

Ошол эле учурда облустагы айрым аймактарды куралсыздандыруу жана тартипке келтирүү операциялары учурунда, айрым жоокерлер адамдарды уруп-сабоо, кээде тоноого чейин барышканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Ош облусунун комендантынын орун басары Замирбек Молдошев «Азаттыкка» ушундай арыз-дооматтар болуп жатканын белгилеп, андай фактылардын үстүнөн прокуратура органдары иш алып барып жатканын билдирди.

Укук коргоочулар дагы атайын операциялар учурунда карапайым элге зордук-зомбулук көрсөтүү көрүнүштөрү болуп жатат деп күч органдарынын аракеттерин сынга алып жатышат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG