Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Туристтер үчүн ат чабыш жана эшек чабыш кызык


Ат чабыш
Ат чабыш

“Коомчулукка негизделген кыргыз туризм ассоциациясы” өткөн жылы эле келчү туристтердин камын көрө баштаган. Күздөн тарта конок үйлөрдү даярдап, өткөрчү фестивалдардын планын интернет аркылуу жарыялашып, келчү коноктордун тизмесин түзүшкөн.

Бирок апрелдеги жана түштүктөгү окуялардан кийин көпчүлүк туристтер келүүдөн баш тартышканын айтат аталган ассоциациянын аткаруучу жетекчиси Асылбек Ражиев:

-Апрель окуяларынан кийин деле туристтер барбайбыз дешкен жок, башкача айтканда июль, августтун талаптары кармалып турган. Ош, Жалал-Абаддагы окуялардан кийин эле, Кыргызстанда абал стабилдүү эмес деп көпчүлүк туристтер баш тартышты.

Туризм ассоциациясы уюштурган маданий иш-чараларга туристтер көбүнчө Европадан келет. Учурда бирин-экин эс алуучулар бар. Андыктан жакынкы күндөргө пландаштырган иш-чараларды өтүп, кийинки айлардагы иш-чаралар өзгөрүшү мүмкүн.

-Келгендердин көпчүлүгү француздар, немистер, англичандар болчу. Эми туристтердин жогунан көп фестивалдар өтпөй калышы мүмкүн. Негизи оюбузда бүт Кыргызстан боюнча уюштуралы дегенбиз,- дейт Асылбек Ражиев.

Фестивалдардын негизги максаты бул кыргыз элинин үрп-адат, каада-салтын чет өлкөлүк конокторго көрсөтүү, тааныштыруу аны менен бирге Кыргызстандын кооз жерлерин даңазалоо. Андыктан ар бир фестиваль өлкөнүн ар кыл дубандарында өтөт.

Мисалы ат чабыш фестивалы Караколдо болот. Бул иш-чаралар жергиликтүү тургундар үчүн да жакшы киреше алып келерин айтат ассоциациясынын Караколдогу координатору Азамат Асанов:

-Мисал үчүн аттар менен туристтерди тоого чыгарышат, боз үйлөрүн тигишет. Ошол аркылуу акча табышат. Ал эми биз туристтер менен кантип иш-алып барыштыгын үйрөтөбүз.

Фестивалдын жүрүшүндө жергиликтүү чеберлер кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдардын көргөзмөсүн уюштуруп, сатканга да мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле ар кыл оюндарды көрсөтүп беришет. Ал эми бул иш-чараларга четтен келген туристтердин кызыгуусу күч дейт “Кыргыз туризм” ассоциациясынын Ысык-Көл облусундагы координатору Бактыгүл Асаналиева:

-Былтыр биз эшектерди жарыштырганбыз. Балдар ойноп бүткөндөн кийин туристтер өздөрүнчө уюштуруп ойношкон. Мындан сырткары дагы бир катар оюндарга кызыгып катышышат.

“Коомчулукка негизделген “Кыргыз туризм” ассоциациясынан кабарлашкандай алдыда Соң-Көлдө ишембилик өткөрүү пландары бар. Ишембиликтин жүрүшүндө аркан тартмай, жоолук таштамай сыяктуу улуттук оюндар уюштурулат. Негизинен ассоциация бул сезонго онго жакын фестивалды пландаштырган. Бирок ал иш-чарлардын өтүшү туристтерге жараша болот дешет уюштуруучулар.
XS
SM
MD
LG