Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

И. Абдуразаков:“Таңкы күн” ордени сыймык жана жоопкерчилик


Жапониядагы элчиликте көп жыл иштеген коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков Жапон өлкөсүнүн эң жогорку сыйлыгынын бири «Таңкы күн» ордени менен сыйланып, аны өлкөнүн императорунун колунан алып кайтты. Жапониядан сыйлык алып келген Ишенбай Абдуразаковду кабарчыбыз кепке тартты.

-Ишенбай мырза, сиз жаңы эле Жапониядан келдиңиз. Күн Чыгыш өлкөсүнүн –«Асахи»-«Таңкы күн» ордени КМШ алкагында алгачкы жолу сизге ыйгарылып жатышы кыргыз эли үчүн зор сыймык. Сыйлыгыңыз кут болсун! Эми ушул сыйлыктын сизге ыйгарылышы тууралуу угармандарга маалымдап кетсеңиз?

-Негизгиси, Жапон өлкөсү менен кеңеш доорунан бери кызматташып жүрбөймүнбү. Мага орден ыйгаруу тууралуу ошол Жапон өкмөтү чечим чыгарганын угуп, «анча маани бербей, болуптур» дегем, бирок чынымды айтсам, «Эки өлкөнүн ортосундагы алаканын өсүшүнө кошкон чоң кызматы үчүн!» деген биринчи даражадагы орден берилет деп күткөн эмесмин. Бул “Улуу тасмадагы чыгып келаткан “Таңкы Күн” деп аталган I даражадагы орден Жапониянын эң жогорку сыйлыктарынын бири экен. Бул ордендин жети даражасы бар экен. Мурдакы кеңеш курамына кирген мамлекеттерден биринчи даражасын эч ким алаган эмес экен.

-Өзүңүз айткандай, бул сыйлык жети даражасы бар экен. Сизден башка дагы кимдер мындай сый-урматка ээ болду. Сыйлык алып жатып кандайдыр толкундануу сезими болдубу?

- Биз убагында кандайдыр сыйлык үчүн, орден үчүн эмес, болгон акыл-эсибизди, эмгегибизди кесипке -ишке жумшап иштегенбиз да. Бирок бул сыйлык мени саал толкундантты. Анткени, ордендин жети даражасы бар экен. Ошонун биринчи даражадагы орденин Советтер Союзунун жана КМШнын тарыхында биринчи жолу мага берип жатышыптыр. Жоопкерчилигиң да кыйла жогорулап калат экен.

-Биринчи даражадагы орден сизден башка дагы кимдерге ыйгарылды?

- Биз менен бирге сыйлангандардын бирөө - Швейцариянын мурдагы президенти, калгандары көп жылдардан бери эки өлкөнүн ортосунда иштеп, кызматташууга салым кошкон Араб жана Лаос өлкөлөрүнүн министрдин деңгээлиндеги адамдары экен. Жапондордун өздөрүнөн болсо чоң-чоң, атактуу “Тойото”, “Асахи” баштаган компаниялардын президенттери экен, төрт эле киши алды. Орустардан Москва университетинин ректору, академик Садовничийге ушул ордендин экинчи даражасы ыйгарылды.

-Сыйлыкты тапшыруу аземи кандайча өттү, орденди Жапон императору өзү тапшырдыбы?

-Жапонияда сыйлык императордун жарлыгы менен берилбейт. Конституция боюнча ага анын укугу жок. Бирок ошентсе да мамлекеттин атынан берилип жаткандыктан, бардык сыйлык анын атынан берилип, ошондуктан император өз колу менен тапшырат. Мага да орденди император өзү тапшырды. Күбөлүгүн болсо премьер-министр тапшырат экен. Императордун колунан сыйлык алуу аземи да өзгөчө үлпөт экен. Дүйнөнүн ар кыл өлкөсүнөн сыйлыкка татыктуу болгон абройлуу адамдар 5-ноябрда өлкөнүн император сарайына чогулушту. Сыйлангандар залга бирден киргизилип турат. Императордун сол жагында өлкөнүн премьер-министри олтурат. Сыйланаар адам төрт жолу императорго урмат-сый кылып, таазим этип турат. Сыйлангандардын жашы улуусу ыраазычылык сөзүн айтат. Бул жолу сыйлангандардын эң улуусу - «Иомури холдинг» компаниясынын президенти сүйлөдү.

Императорго кирүү үчүн да атайын кийим тандалат: ак көпөлөк бантик – галстугу бар фрак же улуттук кийим. Мен фрак кийип бардым. Жубайым Майрам Ажыбековна болсо жакшынакай улуттук кийим менен барды.Андан сырткары парламенттин депутаттары болду. Алар менен, жогорку саясый кызматтагы адамдар, мурда чогуу иштешип жүргөн кесиптештер болуп жолугушуп, глобалдык маселелер боюнча баарлашуулар болду. Сыйлык тууралуу жарлыктын чыкканын уккандан кийин Жапониядагы бардык тааныштарым чогулушуп, биринен сала бири куттуктап жатышты. Адегенде сыйлыкка анчалык деле маани бербей жаткам, жапондуктар өздөрү абдан баалашат экен.

Орден 1875-жылы императордун өзүнүн демилгеси менен уюшулган экен. Булардын бизден айырмасы, бардык сыйлыкты ыйгарууда сыйлануучунун көп жылдык эмгеги эске алынып, жаш курагы кыйлага барып калган кезде берилет экен. Жаштарга орден ыйгарылбайт экен. Анан да чыгыш өлкөсү болгондуктан, Жапонияда бул сыйлык аялзатына берилбейт. Ошондуктан аялдардын өзүнчө сыйлыгын чыгарышыптыр. Деги эле жапондордо түрдүү даражадагы, баскычтагы ордендери арбын. Ошого жараша баарынын жетиден даражасы болуп, биринчи даражадагы сыйлык өтө сейрек берилет экен. Быйыл Нобель сыйлыгын 4 жапон атуулу алды. Аларга «Асахи»-«Таңкы күн» орденинен даражасы төмөн “Маданият” деген атайын орден ыйгарылды.

-Жапондуктар Кыргызстандагы учурдагы саясый, экономикалык абалга кызыгып сураштыбы? Инвестиция алып келүүгө кызыккандар бар бекен?

-Чынында алар илим-техниканын гүлдөп турган доорунда жашап жаткандыктан Кыргызстанга кызыккандар бардык маалыматтарды алып турушат экен. Биздеги кырдаал менен тааныш болгондуктан, эң биринчи бийликтеги адамдар профессионал кесипкөй, мекенчил, чынчыл, таза жана намыскөй болушу керек дешти. Биздеги коррупция, паракорчулук кендирди кесип жатканын ачык эле айтышты. Чынында эле интеллектуалдык базаны кенейтүү, бакубат турмушка умтулуу, агартуучулук ишти элибиздин арасында көп жүргүзүүгө умтулууга аракетибизди күчөтүшүбүз, көрүшүбүз керек. Бизге окшогон кичине мамлекеттерде өткөөл мезгилде мамлекеттик кызматкерлер өлкөнүн кызыкчылыгына бекем туруп, коррупциядан алыс болсо гана өнүгүп-өсөөрүн, алдыга жылыш болоорун айтышты. Бул ачуу чындык экенин моюнга алып, бир чети абдан уялдым. Алар 21-кылымда жашап жатса, биз 20- кылымдын деңгээлинде эле жүрөбүз. Жапонияга эки жыл мурда баргам. Ушул эки жылда эле абдан өнүгүп-өсүп алдыга кетишиптир. Бардык жерде техникалык жетишкендиктердин жаңы үлгүлөрү коюлган.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG