Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Бишкекте он айда жети миң кылмыш катталган


Бишкекте айрыкча уюлдук телефон уурдоо, үй тоноо, жер участогун алып берем деген алдамчылык жана милиция кызматкеримин деген жалган документ менен тоноо фактылары арбын.

Бишкек шаардык ички иштер башкармасы тарабынан 6 миңден ашуун кылмыш иштери тергөөгө алынган. Анын ичинен 414 оор кылмыш катталса, 305 кылмыштын бети ачылган. Он ай ичинде Бишкекте 55 адам өлтүрүү фактысы катталган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Парманкуловдун айтымында өткөн он айда 10 уюшкан кылмышкерлер тобу кармалып, учурда үч гана уюшкан кылмышкерлер тобу издөөгө алынууда. Ал Көлбаев, Карасартов жана Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу топтору.

Бишкек шаарында өзгөчө Көлбаев менен менен Карасартовдун топтору активдүү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы кечээки маалымат жыйынында билдирди. Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Бакыт Парманкуловдун сөзүнө караганда, бул топтор көзөмөлгө алынып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2008-жылдын азыркы мезгилине карай борбордо ок атуучу 16 курал кармалып, 259 даана ок, 4 граната жана башка курал- жабдыктар алынган. Борбор боюнча 541 киши дайынсыз жоголуп, алардын 473 дареги аныкталган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Бегалидин Пирмановдун айтымында шаарда уюлдук телефондорду уурдоо, үйлөрдү тоноо, жер участогун алып берем деген алдамчылык жана милиция кызматкеримин деген жалган документ менен коркутуп, тоноо фактылары арбын.

Бишкек милициясынын начар иштеп жатканын, айрыкча уурдалган уюлдук кол телефондору табылбастыгын студент Мирлан Айталиев айтып, милициянын ишине канааттандырарлык эмес деген баа берди.

Ал эми Чүй облусунун ички иштер башкармасынын башчысы Болот Нурманбетовдун айтымына караганда, облус аймагында мал, авто унаа уурдоо жана үй карактоо кылмыштары арбын катталууда.

2008-жылдын азыркы мезгилине карай Чүй обусунда беш миңден ашуун кылмыш жасалып, анын 63,2 пайызынын бети ачылган. Чүй облусунда боюнча 438 киши дайынсыз жоголуп, алардын 376 сынын дареги аныкталган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өткөн он айда өлкөдө 40 миңден ашуун кылмыштын бети ачылган.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG