Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

“Замандаш” журналы жылдын мыктыларын атады


Жылдын мыкты журналисти Бурул Сарыгулова.
Жылдын мыкты журналисти Бурул Сарыгулова.

“Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери” атагына парламент депутаты Улукбек Ормонов ээ болду. "Курч калем" сыйлыгын “Азаттык” үналгысынын алдыңкы журналисти Бурул Турдубек кызы Сарыгулова жеңип алды.

“Замандаш” бирикмеси жыл сайын Кыргызстандын ар тармагында өзүн көрсөткөн мыктыларды аныктап, сыйлык тапшырууну салтка айландырып баратат. Быйылкы жылы да бирикме мыкты депутат, мыкты журналист, мыкты спортчу жана башка 17 номинация боюнча мыктыларды атап, сыйлык тапшырды.

«Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери» сыйлыгын алган Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов бул сыйлык дагы жоопкерчиликке милдеттендирет деди:

-Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар жылына бир жарым- эки миллард доллар алып келип, сомдун стабилдүү болушуна, элдин турмуш- тирчилигине салым кошууда. Сыртта жүргөн эки жүздөн ашуун ишкер Кыргызстанга кайтып келсе, өлкө өнүгүп өсөт эле.Бул сыйлык мен үчүн күтүүсүз боду. Мага дагы жоопкерчиликти жүктөдү.

Улуттук рухий дөөлөттүн бийиктешине, маданий көрөңгөнүн байышына салым кошкону үчүн режиссер Нурлан Абдыкадыров «Улут күзгүсү» деген сыйлыкка арзыды.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан, гандбол боюнча олимпиадалык жана дүйнө чемпиону Талант Дүйшөбаевге «Улут сыймыгы» деген сыйлык ыйгарылды.

«Жылдын мыкты дарыгери» же “Колу жеңил улукман” аттуу сыйлык Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековго берилди.

«Жылдын мыкты мугалими» сыйлыгы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын педиатрия факультетинин деканы, профессор Сталбек Бакасовго тапшырылды.

Жылдын мыкты журналисти катары “Курч калем” сыйлыгы терең аналитикалык макалалары үчүн «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчисинин орун басары Бурул Турдубек кызына берилди. Ага сыйлыкты Кыргызстан аялдар Конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева тапшырып жатып, “Замандаш” бирикмеси кыргыздын шаасын бийик көтөрүп жаткандыгын баса белгиледи.

“Акыйкат жарчысы” аттуу сыйлык АКИпресс маалымат агентигине ыйгарылды. Сыйлыкты “Азаттык-медиа” мекемесинин жетекчиси Кубат Оторбаев тапшырып жатып, өлкөдөгү сөз эркиндигине токтолуп, “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген кыргыз эл макалынын мааниси тереңдигин, “АКИпресс” маалымат агентиги басма сөз тармагына үлгү экендигин билдирди.

«Ала-Тоо торгою» деген урмат-сыйга жаш ырчы Токтобек Асаналиев арзыды.

“Боордоштук” сыйлыгы Орусиянын Воронеж шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Талант Намазбековго берилди.

Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшүнүн өнүгүшүнө салым кошкону үчүн «Авангард стиль» ишканасынын жетекчиси Калыкбек Султановго «жылдын мыкты ишкери» сыйлыгы тапшырылды.

«Жылдын мыкты спортчусу» сыйлыгына грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону, быйылкы Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев ээ болду. Ага сыйлыкты өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов ыйгарып жатып, эгемендүү өлкөнү, кыргыз өңүн Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев Бээжин олимпиадасында таанытканын баса белгиледи.

«Жылдын мыкты элдик өнөрпозу» сыйлыгына манасчы Ырысбай Исаков татыктуу деп табылды.

Ошондой эле «Жылдын үлгүлүү чарбасы» деп Жети-Өгүз районундагы «Ак жалга» сыр-каймак сүт заводу аталды.

«Замандаш» коомдук уюмунун жетекчиси Мухтарбек Өмүракуновдун айтымында жылдын мыктыларын коомчулуктун өкүлдөрү, журналдын окурмандары, бейтарап эксперттер атайын комиссия мүчөлөрү упай берүү менен калыс аныкташты.

“Жаш кыял” сыйлыгына жаш жеткинчектердин сүймөнчүгү, “Алиппе” китебинин автору, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев татыктуу болду.

“Ынтымак” сыйлыгы орус улутундагылардын “Гармония” мадания борборуна берилсе, “Эл багаар”-“жылдын мыкты өндүрүш ишканасы” сыйлыгы “Е-Line Moda” кийим тигүү ишканасына ыйгарылды.

Таэквондо өнөрүн өлкөгө жайылтып, дүйнө биринчилигинде мөрөй алып келген Эдуард Хегай жетектеген федерацияга “Жыл жаңырыгы” сыйлыгы тапшырылды.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG