Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Санта Клаустардын фестивалы Кыргызстанды дүйнөгө таанытат


Кыргызстанда “Санта Клаус жана анын достору” аттуу эл аралык экинчи фестиваль жыйынтыкталды. Бул фестивалга 16 өлкөнүн 20 Санта Клаусу жана жаңы жылдык каармандары катышты.

Экинчи эл аралык фестивалдын катышуучуларынын катарында АКШ, Канада, Жапония, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Түркия, Улуу Британия, Дания, Швеция, Норвегия, Орусия, Белорусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн Санта Клаус жана жаңы жылдык каармандары болушту. Алар кыргыз жергесинин туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен кенен таанышты.

Европадагы Санта Клаустар конгрессинин президенти Жорген Росланддын пикиринде, былтыркы биринчи фестивалга 7 өлкөдөн өкүлдөр келсе, быйылкы экинчи фестивалга 16 мамлекеттен 20 Санта Клаус келди. Алардын катарында КМШ мамлекеттеринин элдериндеги аяздын, жаңы жылдын символу болгон Аяз Ата, Дед Мороз, Кор Бобо жана Хаджи Фируз болду.

Биринчи фестивалдын жыйынтыгында Ала-Арча мамлекеттик коругунда Санта Клаустун келечектеги кышкы үйүнүн орду аныкталган. Ошондуктан Санта Клаустун резиденциясынын куруу долбоору талкууга алынып, меймандар Ала-Арчада да болушту.

Өлкөнүн мамлекеттик туризм агентигинин жетекчиси Турусбек Мамашевдин айтымында, Санта Клаус резиденциясы курулуп бүткөндө бул жай туристтик аймак катары таанылып, өлкөнү таанытууга салым кошот:

- Быйылкы “Санта Клаус жана анын достору” фестивалы өз максатына жетти. Фестиваль дүйнөдөгү бардык жаңы жылдык каармандары бириктирген саамалык катары өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзө баштады.

Түштүк Кореянын Санта Клаусу Хан Шин Гунун пикиринде, Кыргызстан - жаратылышы ажайып кооз өлкө катары таасир калтырып, үчүнчү эл аралык фестивалга келүүгө куштар кылды.

- Мага кыргыз элинин меймандостугу жана кичипейилдиги абдан таасир калтырды. Фестивалды өткөрүү идеясы менен Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ачып бердиңиздер. Бул фестивалдын келечеги кең.

Европа Санта Клаустар конгресинин президенти Жорген Росланд Кыргызстандагы фестивалга чакырылган меймандар иш-чаранын уюштурулушуна ыраазы болуп кеткенин айтты.

- Ал түгүл Жапониядан келген Санта Клаус өзү менен кошо телекомпанияны ээрчитип келди. Эми Кыргызстанды дүйнө эли таанып-биле турган болду.

Улуу Британиядан келген Санта Клаус Рон Хориблунун пикиринде, Кыргызстандагы фестиваль аны жаратылышы жомоктогудай өлкөгө туш кылды.

- Кыргызстанды Санта Клаус мекени кылуу аракети дурус, муну менен чет өлкөлүк туристтерди тартууга болот. Анан дагы өлкөдөгү кышкы спорт базаларын эл аралык деңгээлге жеткирүү аракетин колдоо зарыл. Эң негизгиси туристтер үчүн ыңгайлуу, таза ажаатканалардын жоктугу көйгөй жаратты.

Эл аралык фестивалына Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынан жер титирөөдөн жабыр тарткан 47 үйбүлөөнүн улан-кыздары атайын чакырылып, аларга Санта Клаустар белек-бечкектерин тапшырышты.

Ушул Нура айылынан келген 7-класстын окуучусу Жумалы уулу Мурастын айтымында, Санта Клаус фестивалы жакшы таасир калтырып, нуралык 47 окуучуну кубанычка бөлөдү.

Фестивалдын алкагында Чолпон-Ата, Каракол шаарларында бир катар иш чаралар өтүп, “Жер шарынын калкына Аязаталардын кайрылуусун” жарыя кылышты.

Ошондой эле орусиялык телесаякатчы Дмитрий Крыловдун “Непутевые заметки” көрсөтүүсү Кыргызстандагы Санта Клаустардын фестивалы туурасындагы тасманы март айында обого чыгарат.

Фестивалдын жүрүшүн отуздан ашуун чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырып, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө даңаза кылышты.

Эл аралык экинчи фестивалдын жүрүшүн оперативдүү чагылдырганы үчүн “Азаттык” үналгысы Кыргызстандын мамлекеттик туризм агентигинин диплому менен сыйланды.

Фестивалды өткөрүү үчүн өлкөнүн туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агентиги 1 миллион 800 миң сом чыгаша болгонун расмий билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG