Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Аскерден качкандардын акчасы - армия казынасына


Кыргызстандын Коргоо министрлиги 1-апрелден тарта 12 миң сом акы төлөгөн уланды аскерде кызмат өтөөдөн бошотот. Ага негиз берген мыйзамга президент өткөн айда кол койгон.

Жаңы мыйзамдын негизинде альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылгандар мурдагыдай 24 ай же эки жыл эмес эми үч жыл кызмат кылышат. Бирок Коргоо министрлигине 12 миң сом төгүп бере алса кызматтан такыр бошотулат. Мындай жаңылык эмки ай башынан баштап күчүнө кирсе, азыр кызмат өтөп жаткан жоокерлердин ичинен чөнтөктүүлөрүнүн канчасы мөөнөтүнөн мурда аскер кызматынан бошоноору белгисиз.

Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Рима Даниярованын айтымында альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылган жарандардан түшкөн акча-каражаты аскерлерди камсыз кылууга, машыгуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаларды жакшыртууга жана аскер кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоону жакшыртууга жумшалат.

Жаңы мыйзамдын негизинде Кыргызстанда аскердик кызмат өтөөнүн жаңы түрү – чакырылуучу мобилизациялык резерв да киргизилди. Ага ылайык аскерде мурда кызмат өтөгөн жарандар Коргоо министрлигинин машыгуу борборлорунда бир айлык мөөнөткө кызмат өтөөгө чакырылып турат. Бул жерде да машыгууга чакырылган жаран министрликке 12 миң сом акча мүчөлүк акы төлөп бере турган болсо кызмат кылуудан бошотулат.

Министрликтин басма сөз кызматкери Рима Даниярованын билдирүүсү боюнча, андан түшкөн каражат дагы министрликтин ички муктаждыгына сарпталат:

-12 миң сом төлөп дароо колуна аскердик билетти албайт. Каражат аскер машыгууларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн, окуу борборлорунун материалдык-техникалык базасын кармоо жана жакшыртуу үчүн, ошондой эле аскер кызматчыларынын тамак-аш, кийим-кечегине жана күжүрмөн даярдыгына жумшалат.

Анткен менен министрлик киргизген мындай жаңылык аскердин кесипкөй деңгээлин көтөрүүгө эмес, министрликтин каржылык капчыгын толтурууга шарт түзөт деген пикир арбын.

“Аалам” гезитинин баш редактору Сапалкан Ариповдун пикиринде альтернативдик кызматтан бошотуу үчүн 12 миң сом төлөө колунда бар жарандар үчүн жакшы болгону менен карапайым калк үчүн абдан кыйын.

-Бул жагдай чоңдордун, байлардын балдары үчүн ыңгайлуу болгону менен карапайым элге 12 миң сом табыш кыйынчылык жаратат. Мындай көрүнүштү Гиннестин рекорддор китебине жазуу керек. Бул Коргоо министрлигинин материалдык байлыгын чыңдоо, каражат табуунун бир айла-амалы деп эсептейм.

Ал эми Бишкектин тургуну Күнболот Момоконов мындай иш-чара аскер тармагындагы коррупцияга бөгөт болот, бирок аскердик күжүрмөн даярдыкты төмөндөтөт деген ойдо:

-Армиянын күжүрмөн даярдыгына, сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мурда армиядан калуу үчүн андан дагы көп каражат берип же жараксыз деп документ алып алышчу. Ал акча Аскер комиссариатынын кызматкерлеринин чөнтөгүнө түшчү. Аскер күчтөрүн комплекстөө үчүн аскер машыгуусунан өткөн жарандардын зарыл санын даярдоо үчүн шарт түзөт. Мындан сырткары жарандарга кыска мөөнөттө аскер кызматын өтөөгө мүмкүнчүлүк түзүп, комиссариаттагы кызматкерлер тарабынан болуучу коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коет.

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” деген ушул мыйзамды даярдоого катышып, кабыл алган депутаттардын бири “Ак жол” фракциясынан Турдукан Жумабекова, бул мыйзам Ата Мекенди коргоо милдетин аткаруу максатында аскердик жана альтернативдик кызматына тиешелүү болгон коомдук мамилени жөнгө салып, кесипкөй армияны түзүүгө салым кошот деген пикирде.

-Аталган мыйзам биринчиден Кыргызстандын Конституциясынын “Ата Мекенди коргоо- ар бир жарандын ыйык милдети” деп аталган 24-беренени толук ишке ашырылышын камсыз кылат, экинчиден аскер кызматына чакыруу жана Куралдуу Күчтөрдү комплекстөө системасын өзгөртөт. Кесипкөй аскердик даярдыкты чыңдайт, -деди Жогорку Кеңештин депутаты Турдукан Жумабекова.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG