Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:41

Эдил Молдалиев: Санжар Кадыралиев Азия чемпионатында мөрөй алган


Жогорку Кеңештин депутаты, маркум С. Кадыралиев жашында дзю-до менен машыгып, мындан 12 жыл мурда Бишкекте панкратион боюнча Азия чемпионатында коло байге уткан. Ал “Карышкыр” деген наамга арзыган.

-Эдил мырза, Сиз көп жылдан бери өлкөдө панкратион федерациясын жетектеп, далай жигиттерди сындан өткөрүп, эл аралык мелдештерди уюштурдуңуз. Маркум Санжарбектин спорттук ийгиликтери күйөрмандарга жакшы тааныш эмес. Анын спорттук тагдыры тууралуу айтып берсеңиз?

-Маркум Санжарбек Карымшак уулу Кадыралиев спорт чөйрөсүнө панкратион (эрежесиз эр кармаш) аркылуу таанылган жигит эле. Өзү да кичинекей кезинен спортко шыктуу болуу менен курбулары менен күрөшүп, өспүрүм кезинде эле дзю-до менен машыга баштаган.
Өзү жаш кезинен бери короз уруштарын абдан жакшы көрчү дешет. Өзү дагы өзбектер менен кошо короз уруштарына корозун катыштырып, бул жаныбарлардын тебишкен ыкмаларын көрүп, жактырчу экен.

Эгемендүү өлкө болуп жаңыдан бутка туруп келаткан учурда спортко көп көңүл бурулбай калып, Санжарбек дзю-до күрөшүнөн өзүн эл аралык аренада көрсөтө албады. Ошол учурда панкратион таймаштары курч мүнөздө өтүп, таасири артып турган учур эле.

Өрттөн, жоодон тайманбаган Санжарбек 1996-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатына катышып, өзүнөн 10-20 кг салмагы жогору далай атаандаштарын жеңип, жарым финалга чейин жетип, Азия чемпионатынын коло медалынын ээси болгон. Ал финалга чыгуу үчүн таймашта эркин күрөш чебери Дмитрий Моторинге гана жеңилип калган.

Салмагына карабай тайманбай кармашууга чыга берчү. Бекеринен айтылбаса керек, эрдик деген күчтө эмес, жүрөктө деп. Кийин депутаттыкка талапкер болуп, элдин өкүлү болду. Биз аны менен сыймыктанчубуз. Эми кырсык болуп, кабыргабыз кайышып турат.

-Бишкекте өткөн Азия чемпионатына Санжарбекти кимдер алып келишти эле?

-Ошол мезгилде Жогорку Кеңештин депутаты болгон, учурунда спортчу катары таанылган Баяман Эркинбаев Санжарбекти Бишкектеги Азия таймашына өзү алып келген. Санжарбекти мелдешке алып чыгып, кеп-кеңешин айтып жанында турган жигит учурда АКШда профессионалдык бокстан таанылган Алмазбек Райымкулов болгон. Учурда ал дагы досунун кайгылуу тагдырын угуп, капа болуп турса керек.

-Санжарбектин спорттогу жетишкендиктери кандай наамдар менен белгиленди эле?

-Санжарбектин панкратиондогу эрдигин, чеберчилигин жогору баалап Федерациянын кеңеши ага «карышкыр» деген наам ыйгарган. Бул спорттун эларалык чебери деген даражага барабар. Себеби биздин спорт олимпиадалык түргө кирбегендиктен чыгаан жигиттерге «Илбирс», «Карышкыр» деген титул ыйгарабыз. Санжарбекке мындай наам алгачкылардан болуп тапшырылган.

-Санжарбек Кадыралиевдин өмүр баянында ал панкратион боюнча инструктор, машыктыруучу болуп иштегендиги айтылып жүрөт. Ал устат катары да таанылып, мелдештерди уюштурууга да салым кошуп журдү беле?

-Ооба, Санжарбек Кадыралиев Ош шаарында 2001-жылы өткөн Азия чемпионатына жигиттерин алып келип уюштуруу иштерине жардам берип, мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүүгө зор салым кошкон.1998-жылдан баштап панкратион боюнча инструктор, машыктыруучу болуп, көп жигиттерге дзю-до, эрежесиз кармаштын сырын үйрөткөн. Анын эки иниси Орунбек менен Канжарбек Кадыралиев дагы панкратион өнөрү менен таанылып, агасынын жолун жолдоп, андан бул эрежесиз кармашуунун ыкмаларын үйрөнүп, экөө тең Евразия чемпиондугун жеңип, далай мелдештерде байге уткан.

Мындан сырткары дагы көп жаштарга панкратион кармашынын сырларын үйрөткөн. Анын бул спортту жайылтуудагы кошкон салымы, демөөрчүлүгү, уюштуруучулук жөндөмү жогору бааланып, 2002-жыл панкратион федерациясынын вице-президенти болуп шайланган. Өзүнүн инилери Орунбек менен Канжарбек Кадыралиевди 2001-жана 2003-жылы Евразия чемпиону болушуна салым кошуп, өлкө намысын коргоп, эрен жигиттер экендигин далилдешкен. Эки иниси тең «Илбирс» деген ардак наамга арзыган. Бул наам спортко эмгек сиңирген чебер деген наам менен барабар.

-Жогорку Кеңештин депутаты Санжарбек Кадыралиев спортчу катары кандай сапаттарга, өзгөчөлүктөргө ээ эле?

-Өзү чарчы бойлуу болсо дагы абдан шамдагай, чечкиндүү, тайманбаган, шар, эр жүрөк, берешен жигит эле. Канчалык эр жүрөк жигит болсо да абдан боорукер, мээримдүү эле. Жаштарга үлгү эле. Санжарды көрүп, көп балдар спортко келишкен. Санжар акабыздай чемпион, депутат болобуз дешип, жеңиштерге умтулуп турушчу, инилери.

-Мындан сырткары өзү дагы коммерциялык мелдештерге катышып жүрчү деген пикирлер айтылып жүрөт? Ушунун чындыгы барбы?

-Кайдагы коммерциялык мелдештер. Бул деген профессионалдык спорт. Профессионалдык бокс, кикбоксинг, тай-бокс сыяктуу эле байге үчүн таймашуулар өткөрүлуп турат. Байыркы замандан бери марага озуп келген күлүгү үчүн же балбан күрөштө жеңгендерге, эр сайыш, оодарышта уткандарга байге сайылып, мөрөй алышчу. Спорт ышкыбоздору деле олимпиадада утуп келсе, байге катары Жип үлгүсундөгү автоунаа алып жатышпайбы?! Коммерциялык деген түшүнүк туура эмес. Алар эмне бир нерсе сатып жатышты беле. Ар- намысты коргоп, байге алып жатышат. Жаш кезинде Санжар деле ушундай мелдештерге катышып, мөрөй алган.

-Депутат болгондон кийин деле мелдештерге катышып жүрдүбү?

-Депутат болгондон кийин мелдештерди уюштурууга катышып жүрдү. Жигиттерин алып келип, аларга демөөрчү болуп, кеп-кеңешин айтып турчу. Көп жигиттерди колдоого алды. Мурдакы парламентте жаштарды чогултуп, Жаш гвардия гүлбагына бак тиктирип, “Жөн эле бак өстүрөлү. Биз бул дүйнөдөн өтүп кетебиз, ал эми бул бак- дарактар кылымдар бою калат” деп демилге көтөрүп, бак тиктиргени али эсимде.

-Баш-аякты жыйгандан кийин Санжарбекти эскерип туруу үчүн эл аралык мелдештерди уюштуруу планы болсо керек?

- Ооба, эми аны түбөлүк унутпаш үчүн панкратион федерациясы Санжарбек Кадыралиевди эскерүү эл аралык мелдешин кийин уюштуруп туралы деп кеңешип жатабыз. Мындай жигиттер сатылбайт, мындай эрен жигиттер Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Санжарбек Кадыралиевге душмандары бетме-бет чыга албай, атып кетип жатышат. Эр жигитти эне эли үчүн, эрдик үчүн төрөйт. Эр жигит аргымак үстүндө, мекен чегинде же жер алдында болот деген ылакап кеп бар. Алар сатылгандардын жана качкандардын арасында болбойт. Атылгандардын арасында болуп, ошон үчүн булар октон өлүп жатышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG