Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Нарында хоккей кайра жанданды


Нарын шаар мэринин байгесине арналган шайба хоккейинин мелдеши өттү. Кеңеш доорундагы “Алтын шайба” мелдештеринен кийинки отуз жылдык тыныгуудан кийин Нарында кайрадан хоккей оюну жанданды.

Хоккей мелдеши Нарын шаардык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү бийликтин, демөөрчүлөрдүн жана хоккей сүйүүчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлдү. Ага Бишкектин, Нарындын жана Жумгалдын 5 хоккей командасы катышты. Кендирди кескен каражаттын жоктугунан Каракол менен Чолпон-Ата шаарларынын хоккейчилери Нарындагы мелдешке катышпай калышты.

Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун айтымында, Нарында өткөн мөөрөй талашуу бул оюндун облуска жайылышына өбөлгө болуп, спорт секцияларынын ачылышына себепкер болмокчу.

Эки күндүк таймашуунун жыйынтыгында баш байге үчүн Нарын шаарынын “Дордой-Ала-Тоо” командасы менен Жумгалдын “Тыналы” командалары талапкер болушуп, шайбанын айырмасы боюнча жумгалдык хоккейчилер жеңишке жетишти. Байгелүү үчүнчү орун дагы Жумгал районунун “Тенти-Ата” командасына ыйгарылды.

Бул беттешүүдө Бишкек шаарынын намысын жаңы уюшулган “Дордой-Плаза” командасы коргоп, биринчи жолу муз аянтына чыкса да төртүнчү орунга илинди.

Жогорку Кеңештин депутаты, өлкөнүн Көк-Бөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбековдун айтымында, мелдеш курч мүнөздө өтүп, ал хоккей оюнуна кызыккан балдар үчүн спорттук ийрим уюштуруп бермек болду.

Бишкекте эл аралык талаптарга ылайык, шаардык муз аянты курулгандан бери хоккей ойноо ыкмаларын үйрөнүүгө дилгир жаштардын саны өсүп баратат. Ошондуктан өлкөнүн Хоккей федерациясынын демилгеси менен 21-февралда Бишкек шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлгөнү камылгалар көрүлүп, даярдык жүрүүдө.

Кеңеш доорунда балдар арасында хоккей боюнча да «Алтын шайба» мелдештери өткөрүлүп турчу. Эгемендүү болгондон бери кышкы спортунун деңгээли төмөндөп, көңүлдөн чыгып кеткен. 7-8 жылдан бери жумгалдыктардын демилгеси менен хоккей оюну жанданып, ар жылы бирден экиден команда кошулуп жатат. Бирок оюнчулардын чеберчилиги дүйнөлүк деңгээлге жетүүсүнө дагы бир топ убакыт керек дешет адистер.

Ошондой эле Орусиянын Хоккей федерациясы да кыргызстандыктарды колдоого алуу ниетин билдирүүдө. Ошентип Кыргызстанда быйыл хоккей оюну боюнча экинчи мелдеш өткөрүлдү.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG