Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:34

Күч органдары парламентте тил укту


Жогорку Кеңеште күч органдары депутат Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу тергөө-иликтөө иштери боюнча маалымат беришти. Депутаттар уюшкан кылмыштуулук ашынып баш бербей калганын айыпташып, аны тыя албагандан кийин күч органдарынын жетекчилерин кызматтан кетирүү жөнүндө маселе коюшту. Айрым депутаттар депутаттын киши колдуу өлтүрүлгөн окуясын саясий максаттагы киши өлтүрүү фактысы катары белгилешти.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сабырбек Курманалиевдин парламентте берген маалыматына караганда, Санжар Кадыралиевдин өлүмүн иликтөөнү Улуттук коопсуздук комитети, ИИМдин адистеринен түзүлгөн атайын тергөө тобу тергеп жатат. Соттук-медициналык жана баллистикалык текшерүүлөрдүн негизинде Кадыралиев башынын каракушуна атылган бир октон каза болгон. Азырынча өлтүрүүгө үч себеп болгон деп белгиленип жатат жана аларды тактоо үчүн Казакстандын Алматы жана Чимкент шаарына тергөөчүлөр жөнөтүлдү.

Депутаттар Санжар Кадыралиевге каршы атылган ок жалпы күч органдарына каршы атылган ок деп баалашып, анын жетекчилерин кызматтарын тапшырып кетүү жөнүндө маселе коюшту. Руслан Шаботоевдин жоголушун эмгиче таппаган тартип коргоо органдарынын ыкшоолугунан дагы бир депутаттан айрылдык деп сындашты.

Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев тартип коргоо органдары болгон күчүн жумшап иштеп жаткандыгын, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү кылмыш чөйрөсүнөн чыгып, азыр ишкер чөйрөгө аралаша башташканын, бирок тизгиндөөгө негиз берчү мыйзам жоболорунун жетишсиздиги бөгөт болуп жаткандыгын билдирди.

Депутат Жусупжан Жээнбеков тартип коргоо органдары кылмыштуу топторго каршы алдын-ала иш жүргүзгөндүн ордуна көчөгө митингге чыккандарды камоо менен гана алек деп сындады.

Тартип коргоо органдарына машина номерлерин алмаштырууга уруксаат бербеген мыйзамды иштеп чыгууну жана эл көп жүргөн жерде тасмага тартуу менен көз салуу аракеттерин сунуштады.

Депутат Бейшебек Акунов "Кадыралиевдин өлүмүнүн да бетин ачпайсыңар, ага буга чейин бети ачылбай жаткан чуулгандуу киши өлтүрүүлөр жакшы далил" деп, тартип коргоо органдарына карата чара көрүү боюнча президентке кайрылууну сунуштады.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук кызматы 20 млн. долларга 173 даана аңдуучу жана тыңшоочу жабдууларды сатып алган, аны болсо оппозициянын лидерлерин, эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн тыңшап, аңдууга багыттап жатат деп сүйлөдү.

“Күч органдарынын эң башкы саясий жетектөөчү органы Мамлекеттик күзөт кызматы экен”, - деди Р.Отунбаева.

Депутат Алишер Мамасалиев Санжар Кадыралиевдин өлүмү сяасий максаттагы киши өлтүрүү фактысы деп белгилеп, уюшкан кылмыштуу топтор турмуштун бардык тармагына аралашып, тартип коргоо органдарына элдин ишеними такыр төмөндөдү деп билдирди.

Депутат Бакыт Бешимов Кыргызстан кылмыштуу бандиттик өлкөгө айланды деп, ага чуулгандуу кылмыштардын бетинин ачылбай жаткандыгын мисалга тартты. Депутаттын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтордун саясатчыларды коркутуп-үркүтүүгө колдонулуп жаткандыгына да негиздер бар.

Ошон үчүн тартип коргоо орган жетекчилерин кызматтан алып, тармакты кайра түзүүнү сунуш кылды. Бешимовдун баамында, тармак кайра түзүлгөндөн кийин гана чуулгандуу кылмыштардын бети ачылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG