Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Ооган согушунун жоокерлери "жоолашып" жатат


Ооган согушунун ардагерлери өздөрүнүн жоокерлик уюмунун жетекчиси Нурлан Төрөбековдун Ооган согушуна катышканы жалган-чын деп талашып, эки жаат болуп тирешип калышты.

18-ноябрда Бишкекте Ооган согушунун ардагерлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Бул ирет алар уюмдун төрагасы Нурлан Төрөбековго коюлган айыптоолорду четке кагышты.

Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын азыркы орун басары Тыныбек Кадыров Нурлан Төрөбековдун Ооганстандагы согушка катышкан чын деп маалымат жыйынында билдирди.

Буга далил иретинде маалымат жыйынында ардагерлер кеңеши Нурлан Төрөбеков менен Ооганстанда кызмат өтөгөн адамды алып чыгышты. Токмоктук Нурлан Тиркеев учурунда 1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын 15-февралына чейин Төрөбеков менен Ооганстанда бирге кызмат кылышканын “Азаттыкка” билдирди.

Тыныбек Кадыров ошондой эле цемент сатууда коррупцияга жол берилген жана мыйзамсыз куралдар жөнүндө айыптоолор да суу кечпей турган жалган маалымат экенин белгиледи.

Ооганчы ардагерлердин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин пикиринде Төрөбековдун атаандаштары 7-декабрда боло турган Ооганчылар уюмунун кеңешинин жетекчилигин кайра шайлоого мына ушундай жол менен жаманаттылап, даярдык көрүп жатышат.

Мындан эки-үч күн мурун Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төргасынын мурдагы орун басарлары Сабыржан Мамбетов менен Чолпонбек Беккелдиев массалык маалымат каражаттарына Нурлан Төрөбековдун Ооган согушуна катышканы шектүү деген билдирүү жасашкан.

Сабыржан Мамбетовдун айтымында, Орусиянын коопсуздук кызматынын борбордук архиви Нурлан Төрөбековдун Ооган согушуна катышпагандыгын тастыктаган маалымдама жиберген.

Сабыржан Мамбетов Нурлан Төрөбековдун жалган документтерди жасап, ооганчы болуп жүргөнү, цемент сатуудагы коррупциясы жана мыйзамсыз сыйлыктарды ыйгарып, чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз курал сатканы жөнүндөгү фактылар боюнча сотко кайрылып, Прокуратурага жана Ички иштер министрлигине жазганын “Азаттыкка” билдирди.

Ооганчылардын жетекчилигиндеги чуулгандуу иш дагы бир топко уланчудай.
XS
SM
MD
LG