Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Кымбаттаган күйүүчү май, кыйналган дыйкандар...


Учурда өлкөдө жазгы айдап себүү иштери жүрүүдө.
Учурда өлкөдө жазгы айдап себүү иштери жүрүүдө.

Элет жергесинде жазгы айдап себүү иштери кызуу жүрүүдө. Дыйкандар көйгөйлөрүн айтып, күзүндө киреше алабызбы деген суроого жооп издешүүдө. Алардын кыйынчылыгын эске алган эл аралык уюмдар талаа ээлерине колдоо көрсөтө баштады.

Аскар Сулайманов бир нече жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. Жайыл районундагы Алексеев айылында анын үй-бүлөсүнүн карамагында үч гектер жер үлүшү бар. Дыйкандарды күйүүчү майга болгон баанын кескин көтөрүлүшү, насыялардын жогорку пайызда берилиши, техниканын жер семирткичтердин жетишсиздиги жана талаа ээлерине ар багыттуу жолдун көрсөтүлбөгөндүгү негизги көйгөй болуп келет.

- Жазгы талаа иштеринде кыйналып турган чагыбыз. Негизинен күйүүчү май кендерибизди кесип турат. Ошондуктан убагында үрөн себип, айдай албай жатабыз. Анан кайдагы түшүмдүүлүк тууралуу айтабыз. Учурда буудайдын, арпанын баасы төмөн. Айыл-чарба тетиктери, кызмат акысы да кымбат. Ошондуктан пайда табалбай жатабыз. Бизге кредит жагынан узак мөөнөткө, төмөнкү пайызда колдоо керек болуп турат, - деди дыйкан Аскар Сулайманов.

Жазгы талаа иштеринин башталышында жылдагыдай эле күйүүчү майдын баасы беш сомго чейин көтөрүлдү. Өткөн жылы дагы дизель майы 20дан 23сомго жогорулаган. Ошол эле маалда жер семирткичке жана техникага болгон суроо-талап өскөндүктөн кызмат акысы дагы бир нече сомго кымбаттады. Талаа ээлери үчүн эң негизги орунда турган үрөн маселеси баардык дыйкандардын жүрөгүн өйүп келет. Дыйкандар жогорку сорттогу тукумдук буудайды килограммын 18 сомдон жогорку баада сатып алып себүүгө муктаж болууда. Ошол эле маалда талаа ээлери өндүргөн буудайдын баасы учурда беш сомго барабар.

Үрөн жана жер семирткич маселесиндеги кыйынчылыка колдоо көрсөтүү максатында АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги - ЮСАИД 150миң доллар өлчөмүнө барабар болгон гуманитардык жардамды дыйкандарга бөлүштүрүлөт. Бул каражатка 100 тоннадан жогорку сорттогу үрөндүк арпа, буудай, 40 тонна жүгөрү уругу жана жер семирткич сатып алынып, өлкөнүн ар аймактарындагы фермерлерге таратыла баштады.

Болжол менен 10 миң чакты дыйканга жардам көрсөтүлөт деп белгиледи АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер.

-Бул жардам дыйкандардын суроо-талабын чукул арада чечүү максатын көздөйт. Жазгы себүү иштерине колдоо көрсөтсөк алардын түшүмдүүлүгү артып, кирешеси дагы көбөйөт деген ойдомун. Мындан ары дагы АКШ өкмөтү Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп турмакчы. Жакында фермерлер үчүн чарба иштеринде окуу өткөрөбүз. Алар алган билимин коңшу дыйкандарга үйрөтсө ийгилик болот деген ойдобуз.

Бир нече жылдан бери дыйкандардын көйгөйү өндүргөн азыктарга байланыштуу болуп келет. Кант кызылчасын же буудайды эккен дыйкандар продукцияларын кайда сатаарын билбей убара тартышууда. Быйыл 2010-жылы мамлекеттик сатып алуу кандай жүрөт?

Айыл-чарба мнистринин милдетин аткаруучу Кубат Касейинов болсо талаа ээлерине колдоо болот деген ишенимде

-Убактылуу өкмөттүн төраймынын орун басары Алмаз Атамбаев учурда экономика багытын тейлеп жатат. Ал киши дыйкандарга ар тараптуу колдоо болот деп белгилеп өттү. Биз министрликтин атынын сунуштарыбызды даярдап жатабыз. Дыйкандарды эч жака кылчактабай, ишке киришүүгө, эмгектенүүгө чакырат элем.

XS
SM
MD
LG