Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Чүйдө ВИЧ илдети күчөп кетти


Өлкөдө ВИЧ-инфекциясы менен катталгандардын саны эки жарым миңге чукулдады. Алардын саны боюнча Чүй облусу алдыңкы орунга чыккан.

Жыл башынан тарта өлкөдө ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандардын саны төрт жүз кырк беш адамга көбөйүп, эки жарым миңге чукулдады. СПИД бирикмесинин өкүлү Айгүл Исмаилованын айтымында, бул илдетке чалдыккандардын тездик менен көбөйүп жатышына көптөгөн себептер болууда:

-Биринчиден, адамдарда ВИЧ СПИД тууралуу маалымат аз. Жумушсуздук, жокчулук өңдүү көйгөйлөр бул илдеттин жайылышына түрткү болууда. Өзгөчө шаарга агылган айылдык жаштар баңгилик, сойкулукка дуушар болушуп, мунун артынан ВИЧти жугузуп алып жатышат.

Эгерде буга чейин ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөр түштүк аймакта көп катталган болсо, эми Чүй облусу биринчиликти алган. Ушул тапта бул аймакта 588 адам аталган илдет менен катталган. Мындай көрүнүшкө республикалык “СПИД” бирикмесинин өкүлү Эркин Бакиев төмөнкүчө түшүндүрмө берет:

-Ооба, акыркы убакта ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн саны боюнча Чүй баардык облустардан ашып түштү. Бирок бул Сары-Өзөндө ВИЧ менен ооругандар кескин көбөйдү дегенди билдирбейт. Болгону аларды аныктоо иштери жакшырды. Ооруканага келген жаш балдар, кош бойлуу аялдар сөзсүз түрдө текшерүүдөн өтүшүүдө.

Кийинки биздин маектеш ВИЧ СПИД менен күрөшүү боюнча иш алып барган “Өнөктүк желе” уюмунун башчысы Айбар Султангазиевдин айтымында, учурда Чүйдө өтө кооптуу абал жаралды:

-Чын-чынына келгенде Чүйдө имундук таңсыктык илдетин алып жүргөндөр төрт-беш миңге жетиши мүмкүн. Облуста башка региондорго салыштырмалуу баңгилер да көп. Андыктан Саламаттыкты сактоо министрлиги бул аймакка көбүрөөк каражат бөлүүсү зарыл. Баңгилерге ийнелерди берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаштар менен иштешип, айтор бул проблеманы тез арада колго албаса абал өтө кооптуу.

ВИЧ СПИД тегерегинде абал Чүй гана эмес, жалпы өлкө боюнча курчуп жатканын дээрлик баардык серепчилер моюнга алышууда. Эгерде буга чейин имундук таңсыктык илдети менен көбүнесе баңгилер ооруса, акыркы мезгилде бул ооруга жаштар, кичине бөбөктөр чалдыгышууда.

Мисалы ушул тапта ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн алтымыш пайызы 19 жаштан отуз жашка чейинкилер. Ошондой эле абакта отургандар арасында дагы бул коркунучтуу илдет барган сайын жайылууда. Бул тууралуу “Ранар” коомдук уюмунун башчысы Дмитрий Саманин “Азаттыкка” буларды айтты:

-Биздин изилдөөлөр боюнча апрель айында абактагылар ичинде иммундук таңсыктык илдетин жугузган 125 адам бар болчу. Чукул убакыттын ичинде алардын саны жүз жетимиштен ашып кетти. Бул, албетте, кооптонууну жаратпай койбойт.

Ал эми Эркин Бакиевдин айтымында, кылымдын коркунучтуу илдети ооздуктоого ар бир жаран өз салымын кошуусу зарыл:

-ВИЧ СПИД менен күрөшүүдө адамдар өздөрү дагы аракет кылбаса мамлекеттин чаралары суу кечпей калат. Адамдарда аң-сезим күчтүү болушу керек. Ар бир адам өз ден-соолугуна жоопкерчилик менен мамиле жасап, акыл токтотуп иш жасаса эле ВИЧ СПИДДИ ооздуктаса болот.

XS
SM
MD
LG