Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

А. Абдумомунов: Бакиевчилер акыркы кайрыктарын ойноп жатат


Кыргызстандын түштүгүндө тополоң окуялар токтобой жатканынын себептери жөнүндө Жогорку Кеңштин мурдагы депутаты Алишер Абдумомунов менен маектешебиз.

- Көп жылдары атайын кызматтарда иштеген адис катары айтсаңыз, бүгүн Жалал-Абадда болгон кагылышуу, ок атышууну болтурбай коюу мүмкүн беле?

- Эгер 2005-жылкы жагдайды быйылкы жагдай менен салыштырчу болсок, бул жылкы жагдай бир аз оорурак. Себеби 2005-жылда сырттагы факторлордун анча таасири жок болчу. Азыркы жагдайда Убактылуу өкмөттүн жумушуна ички күчтөрдөн башка, сырткы күчтөр дагы абдан катуу таасирин тийгизип атат. Ошолордун бир мисалы, мына акыркы он экинчи числодон бери болуп жаткан окуялар.

Райондордо, облустарда болуп жаткан окуялар буга далил боло алат. Себеби бул ыкма Кыргызстанда Орто Азияда бир топ убактан мурда атайын даярдалып, жасалып келген ыкма. Ошон үчүн керектүү болгон күчтөр, улуттар аралык, чек ара, жер, суу маселени көтөрүп, каалаган максатыма жетейин деген ойду талап кылып чыгышат.

- Айрым маалымат каражаттары сиз сыяктуу Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал чыгарууга сырткы күчтөр кызыкдар деп жазып жатышат. Кайсы сырткы күчтөрдү айтып жатасыздар сиздер?

- Биринчи кезекте, биздин кошуналар. Ушуга окшогон конфликттер, мисалдар, далилдердин аларга кереги жок. Алар үчүн бул дестабилдештирүүчү фактор. Ошол себептен чек арасын жаап, көп нерселерди айтпай, көрсөтпөй, өткөрбөй, элдерине түшүндүрбөгөнгө аракет кылышат. Мына мисал, эч ким күткөн жок эле. Бакиевди кошуна мамлекеттин жетекчилиги жана узак мамлекеттеги жетекчилигинин жардамы менен ага башбаанек берип, сактап калат дегенди эч ким ойлогон жок болчу.

- Макул бүгүнкү окуялардын артында балким бакиевчил күчтөр турат дейли. Анда алардын күчү, таасири канчалык. Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды чайкап жиберүүгө күчү жетеби?

- Азыр биз туура багытта кетип атабыз. Албетте, кыйынчылыктар бар. Бирок эң катуу, эң чоң кыйынчылыктар артта. Алдыда ушуга окшогон бир аз локалдуу конфликттер болот. Аны сабырдуулук менен, туура, элдердин ичинде көп жумуштарды жүргүзүү жолу менен тынчтыкка келсек болот. Мен ойлойм, бул Бакиевчи болобу, башка сырттан келген күчтөр болобу, булардын акыркы аккорддору.

XS
SM
MD
LG