Кыргызстандагы күзгү саясаттын күңгөй-тескейи тууралуу «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунда белгилүү коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев менен парламент депутаты Ажыбай Калмаматов пикир бөлүшөт.
- Учурдагы саясий жагдай жайында кеп кылсакпы, деп турабыз. Топчубек мырза, жагдайды кандай деп баалайт элеңиз?
Топчубек Тургуналиев: - Өткөн шайлоо – ууру шайлоо болду. А.Атамбаев менен оппозициянын жеңишин К.Бакиев баш болгон бийлик уурдап кетти. 2007-жылкы парламенттик, быйылкы президенттик шайлоонун ышпалдасын чыгаргандан кийин К.Бакиев бийлиги баарын жымсалдап, реформа деп эми элди алдоого өтүүдө. А.Акаев менен К.Бакиевдер реформа деген сөздүн тарпын чыгарды. А.Акаев 1993-жылкы демократиялык Конституцияны өзгөртүп, референдумдар менен авторитардык-үй-бүлөлүк башкарууга өткөрүп жиберген. Бу киши да ошону дагы күчөтүп, үй-бүлөлүк-тоталитардык бийликке алып барып койду. Куугунтукту күчөтүп ийди.
- Ажыбай мырза, оппозиция азыркы саясий кырдаал аябай курчуп кеткенин айтып, кысым күчөгөнүн белгилөөдө. Аны социал-демократ кесиптешиңиз К.Кадыровго каршы кылмыш иш ачып, аны кол тийбестиктен ажыратуу аракети деле көрсөтүп жатканын айтышууда. Анан реформа үй-бүлөлүк бийликти чыңдоо амалыбы же демократияны тереңдетүүнүн аракетиби?
Ажыбай Калмаматов: - Топчукенин 60 ашкан жашын сыйлайм. Бир эмес эки президентке калпак кийгизген башын сыйлайм. Президентибиз бийлик, башкаруу системасында реформа жүргүзүү сунушун айтып жатат. Ал жарыя кылып-кыла электе эле Топчукем реформа антти-минтти дегени туура эмес. Паровоздун алдында чуркап кетиш туура эмес. Бир адам баштап демилгени башка-көзгө койгулап, жаратпай салыш жарабаган иш. Демилге кечээ эле 1-сентябрда гана биздин алдыбызга коюлду. Мына 18 жылдан бери советтик башкаруу, эски ыкмалар менен иштеп келе жатабыз. Эми ошону өзгөртүп түзүп, бирин-бири кайталаган кызматтарды жоюп, президенттик акимчилик аткара турган иштерди аныктап, өкмөткө тийиштүү иштерди өзүнө коюп, ортодогу чекти тактап коюу маселесин көтөрүүдө. Күч органдарын, аскердик доктринаны өзгөртүү боюнча сунушун киргизүүдө. Жогорку курултай, президенттик кеңеш кандай багыттарды көздөй турганын айтып өттү. Антип өзгөртпөй, реформа дегенди тумшукка кое берсек, ушинтип чалчыкта тура беребиз. Биз эски гөлөштү чечип, мурунку калыптан чыгышыбыз керек.
- Топчубек мырза, 18 жылдан бери арыла албай келаткан советтик башкаруу системасынан ушу алты айдын ичинде арылып кете алабызбы? Ушуга токтоло кетсеңиз.
Топчубек Тургуналиев: - Борборлошкон социалисттик башкаруу үстөмдүк кылып турат. Ал А.Акаевдин тушунда деле, К.Бакиевдин тушунда деле өзгөрүлгөн жок. Те Алайда же Ат-Башында көпүрө кура турган жергиликтүү бийлик жетекчиси жалдырап Бишкекке келип маселесин чечиш үчүн убакты-саатын коротуп жүрөт. К.Бакиевдин буйругусуз бир дагы айыл өкмөтү иш кыла албайт. Анан азыр да көп партиялуулук сөз жүзүндө калып, бир партиянын гана үстөмдүгү жүрүп жатат. Парламентте болсо колго сала келгенде көпчүлүккө салып, «акжолчулар» жеңет. Азыр деле мурунку социализм заманындагыдай баары эле орус тилинде жүрүп жатат. Орусиянын бир эмес эки аскердик базасы болгону турат. Анан К.Бакиевдин реформа жасайм дегенине мен ишенбейм, антиш анын колунан келбейт. Президенттик бийлик анын уулу Максимдин, башка туугандарынын колунда. Үй-бүлөлүк диктатураны жоемун деп жаңылып-жазганын мойнуна алса мен ишенер элем. Аны К.Бакиев 2005-жылы айтып жүргөн. Кийин таптакыр башкача болуп кетти.
- Ажыбай мырза, айрымдар бийлик менен оппозициянын мамилесин коркутуу жана алаксытуу катары мүнөздөп жүрүшөт. Коркутуусу – кысымдын күчөшү, алаксытуусу – реформа. Жагдай ушундайбы же башкачабы?
Ажыбай Калмаматов: - Топчукем жана сөздүн башында уурулук жөнүндө кеп кылды. Ким ууру экенин сот чечет. Анан уурдап кетти деш туура эмес. Ал эми оппозиция менен бийликтин мамилесине келе турган болсок. Бийлик өзүнүн саясатын жүргүзүшү керек. Анте албаса бийликти күчтүү оппозицияга өткөрүп бериши керек. Урматтуу президентибиз кайра куруу, жаңылануу реформасына баш коюп, жакшы ишти баштап олтурат. Мындай чакта оппозиция да жаңыланышы керек. Бир эле кишилер келатышат. Эски пластинканы эле айлантып келатабыз. Жаңыланып, жаш күчтөр келиши абзел.
- Топчубек мырза, жаңы муун, жаңы оппозиция жаңыланышы керектиги айтылды. Буга чейин бийлик жаңыланышын айтып келдик эле. Жаныңызда олтурган Ажыбай мырзанын пикирине эмне деп жооп берет элеңиз?
Топчубек Тургуналиев: - Билебиз го, «Акжолдун» ичине кирип кеткен мурдагы отуздай адам бар. Анын он экисине 2004-жылга чейин эле кылмыш иши козголуп, азыр ошолорду токтотуп кармап отурушат. Кыргызстан коррупцияланган өлкө. Аны эларалык чоң уюмдар айтып келатышат. Бул уурулукту карапайым эл жасаган жок да. Аны бийликтегилер жасап жатышпайбы. Мына азыр оппозициядагы эки депутатка каршы кылмыш иш козгоп, уруксат сурап жатышат. Аларга силер уруксат бересиңер. Баары таза болсо анда Кыргызстанды ким уурдап жатат? Реформа коррупцияны жок кылуудан башталышы керек. Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бийлик да, оппозиция да иштөөсү керек. Бул баарынан жогору. Менин пикиримде К.Бакиевдин терең реформа жасоого азыр да мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бийликтен уулун, инилерин четтетиши керек. Ким коррупциячы экенин прокуратура, УКК жакшы билет. Анан оппозиция жаңыланышы зарыл, деп атпайсыңбы. Оппозиция бул көз караш. Кудай буюрса эки жылдан кийин 70 жашка чыгам. Тилегим - Кыргызстан адилет, демократиялуу өлкө болсо. Ошону мен да көрүп калсам эле деген үмүт. Кеп Кыргызстан жөнүндө болуп жатат.