- Мамлекеттик кинодепартаментинин демилгеси менен Кино үйүндө өткөн эскерүү кечесинде Чынгыз Айтматовдун кинотармагында чогуу иштешкен кесиптештери эскерүү сөздөрүн сүйлөшүп, андан соң режиссер Рауф Мамедовдун маркум жазуучуга арналган “Үйгө карай жолдогу түштөр” аттуу даректүү тасмасы сунушталды. Жума күнү Улуттук китепканада “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу китеп-документалдык көргөзмө ачылды.
- 11-июнда борбордук аянтта Мамлекеттик желекти көтөрүү аземи болду. Ага өлкө башчысы, өкмөт мүчөлөрү жана жалпы коомчулук катышты. Өз куттуктоо сөзүндө Президент ыйык символдордун бири катары Мамлекеттик желекке өтө аяр мамиле кылууга чакырды. “Мамлекетти түптөө, Мекенди сүйүү, биринчи кезекте, анын символдоруна – Желегине, Гербине, Гимнине ыйык мамиле кылуудан башталат”, - деп белгиледи.
- Жума күнү Орусиянын эгемендүүлүк күнүнө карата арналган маданий иш-чара өтүп, ага Кыргызстандагы орус маданий борборлору жана диаспора өкүлдөрү катышты. Програманын алкагында орус ыр-бийлери тартууланып, ар кыл оюн-зооктор, сынактар уюштурулду. Ал эми орус драма театрында Гогольдун “Сүйүүнү орустар ойлоп табышкан” аттуу комедия тартууланды.
- Италияда өткөн пианистердин эл аралык сынагында Кыргызстандык Азамат Сыдыков баш байгени жеңип алды. Ал өзүнүн аткаруучулугу менен бардыгын таң калтыргандыктан, башкы сыйлык ага бир добуштан ыйгарылган. Бул сынак дүйнөдөгү белгилүү, эң абройлуу сынактардын бири болуп эсептелет. Ага бүткүл дүйнөдөн пианистер келишет. Азамат Сыдыков П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын эң мыкты бүтүргөн.
- Дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Пикассонун Париждеги музейинен анын эмгектеринен турган альбом уурдалды. Маалыматтарга караганда анын баасы бир канча миллион еврону түзөт.
- 19-июндан 28-июнга чейин өтө турган Москва кинофестивалынын калыстар тобунун курамы такталды. Маалыматка ылайык орусиялык режиссер, драматург Павел Лунгин калыстар тобун жетектейт ошондой эле Индия, Украина, улуу Британия жана Казакстандын киноишмерлери сындашат.
- Иркутск шаарында бул жумада “Орус-немис” маданиятынын күндөрү ачылды. Иш-чара көркөм фильмдердин фестивалы менен ачылды. Алгач кино күйөрмандары Фритц Лангдын 30-жылдары тартылган “Доктур Мабуздун мурасы” аттуу тасмасын көрүштү.
10-июнда кыргыз элинин залкар жазуучусу, улуу инсан Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салгандыгына бир жыл толгонуна байланыштуу эскерүү иш чаралар болуп өттү.