Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Чыңгыз Айтматовдун атын коюу жоопкерчилиги


Чыңгыз Айтматовдун аты анын көзү тирүүсүндө эле биртоп жерлерге коюлган. Көркөм сөз алпынын көзү өткөндөн кийин бул маселе көптөрдү түйшөлткөн оор маселеге айланууда.

Улуу сүрөткердин аскар тоодой бийик эмгегине теңдеш сый-урмат көрсөтүү улуттун нарк-насилин, көрөңгөлүү салтын бажырайта ачып бере турган биралдын милдет, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик.

Чыңгыз Айтматовдун кыргыз адабиятындагы орду, көркөм сөз айдыңындагы шааниси авторунун көзү өткөндөн кийин дагы ачыла турган дүйнөсү заман оошуп, мезгил арылаган сайын улам жаңыланып, жаңы түс алып, кайра күчөй бермекчи. Пенде баласынын ичте бугуп жаткан сезиминин тереңдиги менен кенендигин, өкүнүчү менен кубанычын, бактысы менен шорун бийик көркөмдүктө таасын чагылдырган Ч.Айтматовдун чыгармалары кайра басылып, кайрадан окулуп жатыры.

Улуттун туу туткан ошондой азаматынын о дүйнө салышы артынан дагы бир кылдат маселени ээрчите келди. “Ч.Айтматовдун атын кай жерге коебуз”, суроосу ушу тапта бийлик башында отургандардан жазуучунун миллиондогон окурмандарына дейре ойлонтуп отурган чагы.

Акын Токтосун Самудинов Бишкекти түндүгүнөн түштүгүнө созгон мурунку Совет, эгемендик келгенден бери кесик-кесик эки-үч атка көчкөн кең көчөгө Ч.Айтматовдун аты берилсе туура болор эле деген ойдо.

- Чыңгыз аганын мүрзөсүнө кылымдар бою Мекеге баргандай зыяратка барып турушат. Ошол жол азыр Байтик чоң көчөсү деп жүрөт, Байтик да улуу адам экен, Чыңгыз аганын мүрзөсүнө кетчү чоң көчөнү Чыңгыз Айтматов кең көчөсү деп койсобу деп бир ойго түшкөм. Анткени Байтиктин атын которо турган болсо ары жакта Бах көчөсү бар. Бах көчөсү деле Байтиктин Басбөлтөгүнө алып кете турган чоң эле жол.

Токтосун Самудиновдун айтуусунда, Ч.Айтматовдун ысмы Илимдер Улуттук академиясынын Тил жана адабият институтуна эмес, академиянын өзүнө коюлса ырас болмок. Ч.Айтматовдун атын майдалабай, анын парасатына ылайык баа берилиши абзел.

- Мунун бардыгын элдин талкуусуна коюш керек. Себеби бул бир эле киши, беш эле киши чече турган нерсе эмес. Элдик адам болгондон кийин эл чечсин. Маалымдоо каражаттары аркылуу бир жыл болсо бир жыл, жарым жыл болсо жарым жыл элдин талкуусуна коюп, бул ошентип кеңешип-таңашып иштей турган иштер.

Айрым маалымдоо каражаттарында башкалаа жетекчилиги улуу жазуучунун ысмын Бишкектин Чүй кенен көчөсүнө ыйгарууну оң көрүп жатышканы кабарланган. Бишкек шаар башчысынын маалымат катчысы Ирина Козлинскаянын айтуусунда, азырынча андай кеп-сөздөр боло элек.

- Азырынча 20 көчө тууралуу кеп болууда. Биз бул тема боюнча эч нерсе айта албайбыз. Чүй көчөсүнүн атын алмаштыруу жөнүндө сөз боло элек.

Ч.Айтматовдун көпчүлүк чыгармалары мурунку Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында жазылган. Кезинде Мамлекеттик катчы кызматын аркалаган профессор Осмонакун Ибраимовдун ишениминде, Ч.Айтматовдун улут турмушундагы орду “кулаалы таптап куш кылган, куралган элди журт кылган” Айкөл Манаска теңдеш бийик орун.

- Чыңгыз Айтматов ушул Манас сыяктуу бизге түбөлүк өлбөй турган дөөлөт, түбөлүк эскериле турган мурас. Муну түшүнүш биздин милдет.

О.Ибраимовдун пикиринде, Чыңгыз Айтматов соңку романында кылдат чечмелөөнү талап кылган бир топ сырдуу проблемаларды калтырып кеткен.

- Ч.Айтматов эң акыркы чыгармасында бизге кандайдыр бир код, кандайдыр бир шифр калтырып, көп нерселердин башын ачып кетти го деп ойлойм. Ал жөнүндө кийинчерээк сүйлөөрбүз. Бирок Ч.Айтматов биз үчүн улуттук формула, келечекке кете турган жолубуздун бир белгиси, ошол жолго кеткен көрсөткүч деп эсептейм.

Чыңгыз Айтматов о дүйнө салгандан бери деле билинбей жарым жыл өттү. Алп жазуучунун артында калтырган көркөм дүйнөсүнүн улам жаңы кырлары ачылып, сүрөткердин учкул сезиминен көкөлөп чыккан турмуш элестери сөз баккан, ой чабытына жетеленген окурмандары менен сыр бөлүшүүдө. Жазуучунун кылымдар турса урагыс чоң эстелиги ушулар. Ал эми атын коюу, ысмын ыроолоо, коомдук сый-урмат көрсөтүү артында калгандардын энчисинде калчу милдет.

XS
SM
MD
LG