Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Райкомолдогу жер көчкү трагедиясы


Аксы районуна караштуу Райкомол айлында көчкү алдында калган 16 адамдын денелери толук табылды. Ал жерге барган мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жабырлануучуларга бардык жардам берилерин айтты. 17-апрелде көчкү курмандыктарынын сөөгү жерге коюлду.

Көчкү түшкөн «Кош алмурут» адырынын өңүрүндө мурда болгон үч үйдүн ээлери башка жакка көчүрүлүп, өкмө турак-жай курууга каражат берген. Бир нече туугандарынан айрылган Уралбай Раимбеков ошондо эмне үчүн «Ак жол» суусунун боюнда тургандарга капилет болчу кокустук тууралуу эскертилбегенине капа болду. Анын пикиринде айылда жер көчкү жүрчү жерлер алдын ала изилденсе болмок.

Көчкү алдынан набыт болгондор табылган сайын Айнагүл Бокова сай-сөөктү сыздатып ыйлап турду. Анын иниси (өзү, аялы, үч баласы) үй-бүлөсү менен көчкү алдында калган.

Көчкүнүн бир учу Жаналы Ажиевдин үйүн титиретип, жарака салып, каалгасын тосуп калган. Кокустук болгонун 16-апрель түнкү саат үчкө чамалаш билген Жаналы үй-бүлөсүн терезеден чыгарып, кырдагы инисиникине жеткирген да, айылдагыларды ойготкон.

Жабырлануучуларга өкмө тарабынан көрсөтүлө турган жардамдан ал деле кабарсыз экендигин айтып, райондун эли чогулткан азык-түлүк айыл өкмөтү тарабынан бөлүштүрүлүп жатканын билдирди.

Көчкү баскандарды издөө ишине Өзгөчө кырдаал жана Коргоо министрликтеринин жоокерлери менен жергиликтүү калк катышты. Эл көп болгону менен жер казуучу шаймандар жетишпей, техника иштетилген жок.Ушундай кемчиликтерди байкаган БЭКтин Аксы районундагы өкүлү Кубаныч Маматкеримовдун ою боюнча, бийлик ар кандай кырсыктын алдын алууга милдеттүү болчу.

Кечээ окуя болгон жерге мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кечке жуук келди. Ал жер көчкүдөн көз жумган кишилердин туугандарын кайраттуу болууга чакырып, президенттин атынан көңүл айтты. Күтүүсүздөн болгон кырсык жалгыз Аксы районунун эмес, бүткүл Кыргызстандын башына түшкөн мүшкүл экендигин белгиледи. Зарыл жардамдын баары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана облустук бийлик тарабынан берилерине ишендирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG