Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Ала-Букада улут аралык мамиле эмне үчүн бузулду?


5-майда Жалал-Абадда өзбек калкы чогулуп митинг өткөздү
5-майда Жалал-Абадда өзбек калкы чогулуп митинг өткөздү

Ала-Бука районундагы кыргыз жана өзбек калкынын ортосунда чыккан чыр-чатактардын чоо жайын аталган райондун кеңешинин төрагасы Абдубакы Мадраимов "Азаттыкка" учкай баяндап берди.

-Кечээ болгон окуя туурасында айтып берсеңиз, эмне болду эле?

- Ала-Бука районунда 16-17-май күндөрү улуттук маселе боюнча өзбек эли көтөрүлүп, кечээ үч миңдей адам чогулуп, өздөрүнүн талаптарын коюшту.

- Алар кандай талаптар экен?

- Бул жерде жөнөкөй эле себептер. Эки бала урушуп кеткени шылтоо болуп жатат. Бирок кечээ өзбектерди таркатып, баарын жайлашкандан кийин, кайра кыргыздар көтөрүлүп, эмне үчүн бул жерде мындай тополоң болот деп түнү менен жаңжал болуп атты.

Биз администрация баардыгын өз убагында токтотуп калдык, эч кандай кандуу кагылыш болгон жок. Бардыгы аман-эсен. Бүгүнкү күндө элдин талабы мындай болуп атат, эмне үчүн уюштурган адамдарды таппайсыңар, ошолорду кармап бергиле, элдин тынчтыгын бузган адамдар элдин алдында жооп берсин деп атышат. Азыр элдер күнөлүүлөрдү издеп атышат.

- Ушул ишти уюштурган адамдар туурасында кандайдыр бир маалыматтар барбы, тартип сакчылары бул туурасында эмне деп жатышат?

- Азыр ал адамдардын аттары аталып атат. Бирок азырынча так маалымат жок. Бирок бир-экөө кармалышты.

- Өзбек эли талаптар менен чыгып жатат деп айттыңыз эле. Эмне болгон талаптарды айтып атышат алар?

- Алардын талаптары, Жалал-Абаддагы почерк го. Бул жерде Кадыржан Батыровдун почерги бар окшойт. Ошол жактан акча алган адамдар болуп атса керек.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG