Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

А. Саиповго ок атылган тапанча табылды


Баңгиликке көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик агенттик журналист А. Саиповго ок атылган тапанчанын табылганы жөнүндө билдирүү таратты.

24-февралда Лейлек районунда 16 киллограмм баңгизат менен кармалган кыргызстандык атуулдун жанынан «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча табылган. Аны Ички иштер министрлигинин эксперттик-криминалисттик борборунан текшерүүдөн өткөрүшкөндө ошол тапанчадан журналист Алишер Саипов атылганы аныкталгандыгы боюнча аталган борбор чечим чыгарып берген.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Баңгиликке көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Кумар Чалданбаев билдирди:

- Бизге экспертизанын жыйынтыгы келди. Анда атылган октор ошого окшош (А.Саиповду аткан тапанчага. авт.) деп жазылып турат. Азыр иш чаралар жүргүзүлүп жатат. Ал бүткөндөн кийин дагы маалымдайбыз.

Алишер Саипов атылган жер, Ош. 2007-жылдын 24-октябры.


Кумар Чалданбаевдин маалыматына караганда, Лейлекте кармалган атуулдун жанынан алынган тапанчадан журналист Алишер Саипов атылгандыгы аныкталгандан тышкары, 2007-жылдын 14-февралында Бишкектеги "Х.О." деген түнкү оюн жайында болгон атышууда ошол эле тапанчадан ок атылганы далилденген.

Убагында маркум Алишер Саипов менен бирге иштешкен «Баарына - укук» басылмасынын баш редактору Абдымомун Мамараимов укук коргоо органдарынын так эмес маалыматтары бул иштин аягына чыгарып, күнөөлүүлөрдү табуудан күмөн туудурат деген ойдо.

- Чындыгын айтканда А.Саиповдун өлүмүнө байланыштуу маалымат чыкканда бизде кичине бир үмүт пайда боло баштайт.”Иш жүрүп атыптыр. Күнөөлүүлөр табылат окшойт”,- деп. Бирок берилип жаткан расмий маалыматтарды угуп алып таң каласың. Бири-бирине туура келбейт. Бири-бирин жокко чыгарып салат.

Өткөн жылы ноябрь айында ички иштер министринин мурдагы орун басары Дмитрий Федоров маалымат жыйынын өткөрүп, журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөн курал Бишкекте кармалгандыгын жана аны менен бейбаштык жасагандардын арасында “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул дагы бар экенин айткан.

Федоровдун маалыматына караганда, 2007-жылдын 14-февралында Бишкекте “Х.О.” эс алуу борборунда мушташ чыгып, бейбаштык кылгандардын тобунан “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча алынган. Бул маселе боюнча баллистикалык-экспертиза өткөрүшкөндө, атылган тапанча А.Саиповду өлтүрүүдө колдонулганы аныкталган.

Өз кезегинде Аликбек Жекшенкулов ички иштер министринин мурдагы орун басары Дмитрий Федоровдун маалыматын четке кагып, анын уулун журналисттин өлүмүнө байланыштырып жатканын саясий тапшырма экенин белгилеп, муну өткөн жылы 29-ноябрда өтүүчү Элдик курултай алдында көрсөтүлүп жаткан ага жана уулуна жалган жалаа жабуу, саясий куугунтук катары баалаган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов болсо өткөн жылы ноябрдагы маалымат жыйынында “Х.О.” эс алуу борборунда тапанча эмес, октун гилзасы табылгандыгы тууралуу айтылгандыгын билдирди.

- Ал жерде гилза эле табылган. Тапанча эч жерде жок болгон. Тапанча али күнчө жок болчу. Анан ошол боюнча текшергенде “Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасын текшерели, аттырып көрөлү, ошого тиешеси барбы же жокбу? Кийин күмөн туулбасын” деп, Жекшенкуловдун адвокаттары менен чогултуп алып келип текшергенде А.Саиповго тиешеси жок эле, башка кишинин, Четин Сербеттин өлүмүнө тиешелүү болуп калып жатпайбы.

Коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайында бир айдан бери камакта жаткан "Акыйкат үчүн" кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин Биринчи Май райондук соту бүгүн кечинде караарын анын жактоочусу Нина Зотова билдирди. Жекшенкулов 2007-жылы Таласта киши колдуу болгон түрк ишкери Сербет Четинди өлтүрүүгө анын өкмөттөн белекке алган тапанчасынын тиешеси бар деген шек менен камакка алынган.

2007-жылы 24-октябрда «Саясат» гезитинин башкы редактору, 26 жаштагы журналист Алишер Саипов Ош шаарында атып өлтүрүлгөн. Маркум Саипов өзү негиздеген “Саясат” гезитинде Анжиян окуясына байланыштуу, өзбек бийлигинин авторитардык тартибин сындаган макалалар жарыялап жүргөндүгүнөн улам анын киши колдуу болушуна Өзбекстандын коопсуздук кызматынын түздөн түз тиешеси бар деген божомолдор да айтылган.

XS
SM
MD
LG