Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

“Манас жолу” жүрүшүнө даярдык көрүлүүдө


Алатоолук кыргыздар менен тарыхый жана маданий байланыштары бар Алтай жергесине жакында Кыргызстандан элдик өкүлдөрдөн куралган кырк жигиттин экспедициясы жөнөгөн жатат. Ал топ Алтайга жетип, ал жактан кайра ат менен Манас көчүп келген жолду басып, жүрүш жасап, сыйынып, Алтай менен Ала-Тоонун тарыхый жана табигый байланышын жандандырып жаңыртууну ниет кылууда. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна коомдук ишмер Кемел Ашыралиев жооп берди.

- Алтайдан, Манас баатырдын туулган жеринен топурак алып, ал жактан 40 ат менен Кыргызстанга келүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Ушунчалык ыраак жерден жылкы жаныбар чыдап келе алар бекен?

Кемел Ашыралиев: Өзүңөр билесиңер, 1995-жылы “Манастын” миң жылдыгында Ашхабаддан ушундай ат жүрүш жасаганбыз, ошондо 30тай атты жөнөткөнбүз, ошондон 4 гана ат келген, бешинчиси Меркеде калып калды. Бул абдан кыйын иш, муну айтып коюш кыйын.

Адегенде аттарды даярдаш керек. Эгер өтө семиз болсо кызыл май болуп кетет, арык болсо чыдай албайт. Жүрүшкө чыга турган аттарды термин менен айтканда заводдук кондицияга жеткириш керек. Эгерде 40 жигит чыга турган болсо, ага резерв кылып 10 атты кошуп 50 ат чыгыш керек. Анткени аттардын буту чыдабай кетет, аны өзүнчө такалаш керек.

Андан тышкары 40 уруудан бирден деп атпайбы, 40 уруудан дебей эле сынак жарыялап, мисалы, 100 жигиттин ичинен элүүн тандап алыш керек. Ага оор кишилердин кереги жок. Кыргызда лакап бар эмеспи “жаман атты жал басат, жаман курсакты май басат” деген. Саяпкер катары айтып коеюн, эмне үчүн күлүктөрдү кичинекей балдарга чаптырып атат, канча жеңил болсо ошончолук аттын жүрүмү көбүрөк болот, ат кыйналбайт. Ошондуктан 70 килограммдан жогору эмес, тарамыш, денеси чың, чыдай турган жигиттерди тандап,жүрүштү башташ керек.

- Өкмөттүн да токтому чыгып, ветеринарлар жардам берет, көзөмөлдөйт дегендей маалымат тарап атат. Алтайдын жылкылары тоо аркылуу Кыргызстанга чыдап келе алар бекен?

Кемел Ашыралиев: Дүйнө жүзүндө кандай жылкылар бар экенин билебиз, Орусияда деле 4 тукумдагы жылкылар бар. Булар негизинен орустун таскактуу жылкысы, Орлов деген графтын, анан Буденныйдын жылкысы, Гончак тукумдагы жылкылары эле бар. Ошолордун ичинен да тандап алыш керек. Өтө чоң, узун буттулар жүрө албайт. Буга буту өтө чоң эмес, кыргыз жылкыларына окшогон жылкыларды тандап, анан жок дегенде бир жолу таптап туруп чыгарыш керек. Тоютуна да караш керек. Буга сөзсүз арпа, кургак чөп бериш керек.

- Алтайдан ат менен келүүчү демилгелүү топ кыргыздын 40 уруусунан куралып атат деген кеп бар. Алардын арасына башка улуттун, мисалы, орус, дунган, өзбек сыяктуу этностордун өкүлдөрүн кошсо болбойт беле?

Кемел Ашыралиев: Эмне үчүн болбосун, биз көп улуттуу болгондон кийин жалаң эле кыргыз деп жата бергенге болбойт. Мисалы, кавказдык тукумдардан бар, карчайларынан, болгар, азербайжандардан бар. Булар да илгертеден ат мине алат. Орустар ат минебиз дей тура турган болсо, орустардан да кошуш керек. 40 уруу дегенине мен анча көңүлдөнбөй турам. Ар бир уруудан дебей, иши кылып мыкты, чыдай турган жигиттерден улутуна жана уругуна карабай тандашыбыз керек.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG